Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Түркия: Орозо айт балдар сүйгөн майрам


Айттаган кыргыз балдар
Айттаган кыргыз балдар

Түркияда Орозо айт балдардын сүйүктүү майрамы. Орозо айтты бул жерде ‘Шекер майрамы’ деп да коюшат. Балдар айттаган кезде алгач үй ээсинин колунан өөп чекесине коюшат. Бул салтка айланган жөрөлгө түрк калкында улууга болгон урматтын белгиси. Анан конокторго момпосуй ооз тийгизишет. Ошондуктан бул күн балдар үчүн эң таттуу күн деп эсептелет.

Стамбулдан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Кожадере айылында Нурлес мырзанын үй-бүлөсү жыл сaйын жай бою жүрөт.

Эртең Орозо бүтөт деген күнү кыздары Умай таң атпай туруп айтка даярданып, cиңдиси Симай, аларга конокко келген Айдана менен айтташат. Орозо айт жайкы эс алууга туш келгендиктен кыздары айт майрамын өзгөчө толкундануу менен күтүшөт. Алар бир күн мурун үтүктөп даярдаган кийимдерин кийип, баштыктарын белендеп жатышты.

Айылда айттай турган балдардын саны 15 чакты. Бардыгы жаңы кийимдерин кийишип айылдын ортосундагы аянтка шаша басышат. Mечиттин жанында катарынан тизилип алып айт намаздын бүтүшүн күтүшөт. Анын себеби, намаздан чыккан айылдын эркектери балдарга акча беришет.

- Бул салт бизге ата-бабалардан калган. Бул ыйык айт күнү кичинекей балдарды кубандыруу сооп. Ошондуктан ар ким өз чамасында акча таратып, балдарды кубантат, - дейт айылдын кадырман аксакалы Ихсан Бей.

Алган акчасы чөнтөгүн жылыткан балдар үймө-үй кыдырып улам барган сайын баштыктары момпосуйга толуп оорлойт.

- Бизде эң көп момпосуй сатылган майрам ушул Орозо айт деп билебиз. Көбүнесе кичинекей балдар таттуу жесин деп ушинтип аталып калса керек, - дейт Фадиме Аккуш.

Айылдын дагы бир тургун Гүлсүм Ханым:

- Балдарды эң көп эмне кубантат, албетте шоколад-момпосуйлар. Ошондуктан айттаган балдарга таттуу берип, алар кубанса биз да чогуу кубанып калабыз, - деди.

Капчыктары таттууга толгон балдар айттап бүтүп үйлөрүнө таркап кетишет. Умай сиңдиси, досу менен үйгө барып, баштыктагы таттууну ким көп чогултканын эсептеп чыгышты. Кеминде ар бири 4-5 килограмм момпосуйлуу болуптур.

Умай өзү жыйнаган таттууну бөлүп, Стамбулдан кыргыз достору келгенде аларды коноктоо үчүн катып койду.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG