Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Түркияда поезд кырсыкка учурады


Анкаранын губернатору Васип Шахиндин айтымында, өлгөндөрдүн арасында поездин үч машинисти да бар.
Анкаранын губернатору Васип Шахиндин айтымында, өлгөндөрдүн арасында поездин үч машинисти да бар.

Түркияда ылдам жүрүүчү поезд кырсыкка кабылып, тогуз киши мерт болду, дагы 48 адам жабыркады. Өлгөндөрдүн арасында поезддин үч машинисти да бар. Кырсыкка учураган поездде 200дөй жүргүнчү болгон.

Темир жол кырсыгы Түркиянын Маршандиз темир жол станциясында болду. Ал Анкаранын башкы темир жол вокзалынан сегиз чакырымдай жерде жайгашкан. Кырсыкка кабылган ылдам жүрүүчү поезд Анкарадан Конья шаарына бараткан. Бул тууралуу кырсык болгон жерге келген транспорт министри Жахид Турхан билдирди:

- 48 жүргүнчү ооруканаларга жаткырылды. Бир киши ооруканада көз жумду. Ошондо бул кырсыктан жалпысынан тогуз киши мерт болду.

Кырсыкка кабылган поезд.
Кырсыкка кабылган поезд.

Кырсыкка кабылган Анкара-Конья каттамындагы поезд негизи Маршандиз станциясына токтобойт. Ал бекетти адатта жолду тейлеген темир жолчулар колдонот. Ылдам поезд рельстен чыгып, жолду көзөмөлдөөчү локомотив вагон менен кагышкандан кийин темир жол бекетинин имаратын сүзүп, 20 метрдей ичкери кирип барып токтогон. Анкаранын губернатору Васип Шахиндин айтымында, өлгөндөрдүн арасында поезддин үч машинисти да бар.

- Бул кырсык таңкы саат 6:30да Жифтлик районунда болду. Анкарадан Коньяга бараткан ылдым жүрүүчү поезд ошол эле багытта бараткан жолду көзөмөлдөөчү локомотив менен кагышкан. Биздин куткаруучулар ошол замат кырсык болгон жерге барышкан.

Видеолор менен сүрөттөрдөн куткаруучулар урандылардын арасынан адамдарды алып чыгып жатканын көрүүгө болот.

“Анадолу” мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча прокуратура кырсыктын себебин иликтөөгө киришти.

Анкарадан Конья шаарына бара жаткан бул поезддин ичинде 206 жүргүнчү болгон.

Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Быйыл июль айында да Түркиянын түндүк-батышындагы Текирдаг провинциясында болгон темир жол кырсыгынан 24 киши өлүп, жүздөгөн адам жарадар болгон.

Түркиянын темир жолунун жалпы узундугу 12 000 чакырымдай аралыкты түзөт. Өлкө бийлиги аймактар ортосундагы жолду кыскартуу үчүн темир жол тармагын өнүктүрүүгө көп көңүл буруп келет. Маселен, Түркияда ылдам жүрүүчү поезддер үчүн рельстер 2003-жылдан бери курула баштаган. Ал эми кырсык болгон Анкара–Конья багытындагы ылдам темир жол каттамы колдонууга 2011-жылы берилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG