Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:46

Түркиядагы жер титирөө мигранттарды чочутту


Стамбулдагы мечиттин учу кулап түшкөн мунарасы. 26-сентябрь, 2019-жыл.
Стамбулдагы мечиттин учу кулап түшкөн мунарасы. 26-сентябрь, 2019-жыл.

26-сентябрда Стамбул шаарында жер силкинип, сейсмологдор анын кубаты 6 баллга жакындаганын маалымдашкан. Түркиялык адистер акыркы 20 жылдан бери өлкөдө катуу жер титирөө болушу мүмкүн экенин эскертип, андан сактануунун жолдорун калкка айтып келишкен.

Түркиялык сейсмологдор соңку 20 жылдан бери өлкөдө күтүлгөн катуу жер титирөөнүн белгиси 26-сентябрда Стамбул шаарында катталганын билдиришти. Кубаты 5,8 баллга жеткен бул жер титирөөдө жабыркагандар болгон жок. Бирок айрым имараттардын дубалдарында жаракат кеткени катталды.

Стамбулда ири эл аралык фирманын финансы бөлүмүндө иштеген Кыдык Мамбетов бейшембиде жер силкингенде жумушта отурган. Буга чейин компания «Жер титирөө учурунда эмне кылыш керек?» деген семинарларды өткөргөндүктөн, ал эвакуация тез эле ишке ашканын баса белгиледи:

Кыдык Мамбетов.
Кыдык Мамбетов.

- Мен түшкү тамакта отурганда жер титиреди. Оор машине келип беш кабаттуу кеңсебизди сүзгөндөй эле болду. Дароо иштегендердин баары тепкич менен сыртка чыктык. Фирмада атайын медайым бар. Ал «Эч ким жабыркаган жокпу?» деп текшерип чыкты. Ошол күнү жетекчилик баарыбызды эртелеп үйгө жөнөттү. Менин улуу кызым мектепте болчу. Ал жер титирөөдөн абдан чочуп, катуу ыйлаптыр. Негизи азыр жашап жаткан үйүбүзгө көчүп келерде сураштырып, «жер титирөөгө туруштук береби» деп тандап киргенбиз.

Элмира да Стамбул шаарында көп кабаттуу имараттардын биринде эмгектенет. Ал өзүнө окшогон чет өлкөлүк мигранттар арасында «катуу жер титирөө болот» деген маалыматты угуп, айрымдары чочулап өз мекенине кетүүгө камынып жатканын айтты:

- 26-сентябрдагы катуу жер титирөөдөн кийин түнү бою уктай алган жокпуз. Жергиликтүүлөр деле парктарда, сыртта уктабай жүрүштү. Мен тааныган чет өлкөлүк мигранттар «дагы катуу жер титирейт экен, кетсекпи» деп жүрүшөт. Биз деле сактанып, катуу даярдык деле көргөн жокпуз. Кудай сактасын.

Быйыл 26-сентябрдан тартып Түркиянын айрым аймактарында жер термелип жатканын Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар департаменти маалымдап келет. Адистер өзгөчө Мармара деңизинин түбүндөгү жер титирөөлөр кооптуу экенин белгилеп, ал силкинүүнүн күчү деңиз жээгинде жайгашкан аймактарга жетип жатканын айтышат.

Стамбул.
Стамбул.

«Чанаккале 18-март» университетинин сейсмология бөлүмүнүн доценти Толга Беклер 15 миллион эли бар Стамбул шаары чоң зилзаладан сактанууга дайым даяр болушу керек деп эсептейт.

«Кубаты 6,5 баллга жеткен жер титирөө болот» деп биз, окумуштуулар, айтып эле келатабыз.


- Абдан өкүнүчтүүсү - Стамбул шаарынын Европа бөлүгүндө жайгашкан айрым аймактар күтүлгөн чоң силкинүүнүн эпицентринде жайгашканын айтар элем, - деди ал. - 26-сентябрдагы жер титирөөдө ошол аймактардагы айрым үйлөрдөн жарака кеткенин көрдүк. Эң маанилүүсү - акыркы жылдары «кубаты 6,5 баллга жеткен жер титирөө болот» деп биз, окумуштуулар, айтып эле келатабыз. Бирок акыркы жер титирөөдө жергиликтүү калк, өкмөт буга даяр эмес экенин көрдүк.

Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы Башкы консулдук социалдык тармак аркылуу Түркияда жашаган мекендештерге непадам кырсык болсо дароо кайрылчу даректерди жана телефон номурларын жарыялашкан:

https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-tureckoy-respublike/news/3627

2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын дээрлик көпчүлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу чоң шаарларда жашап, эмгектенишет.

Түркияда эң күчтүү жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон. Бул кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG