Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Эрдоган үчүнчү ирет жеңди, бирок Баш мыйзам жагы ачык калды


Эрдоган шайлоо жыйынтыгы билингенден кийин кайрылуу жасоодо. 12-июнь, 2011-жыл, Анкара.
Эрдоган шайлоо жыйынтыгы билингенден кийин кайрылуу жасоодо. 12-июнь, 2011-жыл, Анкара.

Түркияда бийликтеги “Адилеттүүлүк жана Өнүгүү” партиясы парламенттик шайлоодо үчүнчү ирет жеңишке жетишти. Бирок премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын партиясы Баш мыйзамды бир тараптуу түрдө өзгөртүүгө жетишкидей санда орун ала алган жок. Конституцияны өзгөртүү жана күрт проблемасы Эрдогандын бийликтеги үчүнчү мөөнөтүндө үстөмдүк кылуучу маселелерден болчудай.

Бул жолку шайлоодо “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же Түркияда атап коюшкандай АК партияны шайлоочулардын 50 пайыздайы колдоду. Бул АК партияга түрк парламентиндеги 550 орундун 326 тиет дегенди билдирет. Ошентип, Эрдогандын партиясы кайрадан бекем жеңишке жетишкени менен Түркиянын 1980-жылкы аскерий төңкөрүштөн кийин кабыл алынган Конституциясын парламентте референдум чакырбастан бир тараптуу түрдө өзгөртүүгө мүмкүндүк берүүчү мандаттардын үчтөн экисин багындыра алган жок. АК партиянын жаңы парламенттеги орундарынын саны 2007-жылкы шайлоодо алынгандагыдан төрткө аз. Андыктан жаңы Баш мыйзамды референдумга алып чыгуу үчүн да партиянын өзүндө беш добуш жетишпейт.

Жаңы Баш мыйзам мунаса менен жазылат

АК партия дагы бир жолу бийликке келсе Түркиянын 1982-жылы армия сунуш кылган Конституциясын өзгөртүүгө барарын жашырган эмес. Көптөр премьер-министр Эрдогандын келерки максаты президент болгуу, андыктан ал Түркияда жаңы Конституция аркылуу башкаруунун президенттик системасын орнотууну көздөөдө деп ойлоп келишкен.

Шайлоо жыйынтыгы АК партия Баш мыйзамды өз алдынча өзгөртө албасын көргөзгөндөн кийинки сөзүндө Эрдоган алар мунун башка саясий күчтөр менен сүйлөшүп жасарын убада кылды.

-Эл бизге өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүн эле эмес, ага катар Жаңы баш мыйзамды жазуу миссиясын да тапшырды. Адамдар жаңы Баш мыйзамды бизге консенсус жана сүйлөшүү жолу менен жаратууну каңкуулады. Биз коомдук күчтөрдүн баарын камтыган жарандык, эркин Конституцияны жазабыз. Бул Конституцияда баары өз ордун табат. Чыгыштын да, Батыштын да орду болот.

Эрдоган мунаса куруучу катары ролун алдыда кандай аткарарын убакыт көргөзмөкчү. Ал акыркы жылдары башкаруунун авторитардык тенденциясына ыктаганы үчүн да сынга алынып келинген. Партиясы болсо Түркиянын секулярдык Конституциясына шек келтирип жатат деп айыпталып, 2008-жылы Конституциялык сот аны саал жерден жаап сала таштаган.

Азыркы шайлоодо АК партияга секулярдык маанайды карманган Республикалык элдик партия башкы атаандаш болду. Кемал Кылычдароглы ысымдуу жаңы лидер башчылык кылган бул партия жаш талапкерлерди көп алып чыгып, калктын 26%нын добушуна арзыды.
Бул - аталган партиянын акыркы 30 жылдагы эң чоң ийгилиги. Ашынган улутчул “Улуттук аракет” партиясы бул шайлоодо 13% гана добуш жыйнады.

Күрт маселеси

Азчылыкты түзгөн күрттөрдүн укуктары кеңейтилишин жактаган Тынчтык жана демократия партиясы өз адамдарын көз карандысыз талапкер катары чыгарып, алардын 36 өкүлү депутат болуу укугун алды.

Айтор Эрдогандын бийликтеги үчүнчү мөөнөтүндө Конституциядан тышкары күрт маселеси да үстөмдүк кылчудай. Стамбулдагы Бахчешехир университетинин профессору Ченгиз Актардын айтымында, парламентте күрт депутаттарынын саны көбөйгөнү жакшы жаңылык, бирок күрт маселесине келгенде көп нерсе Эрдогандын мунасага барууга канчалык даяр экендигине көз каранды:

- Күрт партиясы көз карандысыз талапкерлери аркылуу мурдагыга салыштырмалуу парламентте депутаттардын санын көбөйтүүгө жетишкени жакшы көрүнүш жана бул келечектеги диалог үчүн кошумча болот. Бирок диалог аларга көз каранды эмес. Диалог негизинен жана көбүнесе Эрдоган мырзага, ал сүйлөшүү столуна олтурууга макул, же макул эместигине көз каранды.

Күрттөрдүн Тынчтык жана демократия партиясы быйыл мартта жарандык баш ийбөө өнөктүгүн баштаган. Бул Түркияда мыйзамсыз деп жарыяланган Күрт жумушчу партиясынын лидери, 1999-жылдан бери камакта олтурган Абдулла Өжаланды колдоо үчүн жасалып жаткандай.

Тынчтык жана демократия партиясы ошондой эле максаттары күрттөрдүн билим алуусун камсыздоо, алардын саясий уюмунун парламентке кириши үчүн башкы тоскоолдук болуп жаткан чекти төмөндөтүү, саясий айыпкерлерди абактан чыгаруу, Күрт Жумушчу партиясына каршы аскерий операцияны токтотуу экендигин айтып келет. Аталган партиянын күрт тилинин коомдук турмушта колдонулуусуна, күрттөр үстөмдүк кылган провинциянын автономия алуусуна жетишүү мүдөөсү да бар. Түркиянын түштүк-чыгышында тутанган жаңжалдан азыркыга чейин 40 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG