Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Орусиянын Сириядагы аба соккусу Меркелдин үрөйүн учурду


Ахмед Давутоглы жана Ангела Меркел. Анкара, 8-февраль, 2016-жыл.
Ахмед Давутоглы жана Ангела Меркел. Анкара, 8-февраль, 2016-жыл.

Түркия менен Германия Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө миграция кризисин жөнгө салуу аргасын издешти.

Эки мамлекеттин лидерлери сириялык качкындардын Түркияны көздөй жаңы толкунун жараткан Алепподо жана анын айланасында Орусиянын аба соккуларды жасашын кескин айыпташып, бул шаарга чабуулду токтотуу үчүн биргелешкен дипломатиялык аракет көрөрүн да билдиришти.

Сириялык качкындардын агымы кайрадан күчөгөн кезде кечээ Түркияда болгон немис канцлери Ангела Меркел түрк премьери Ахмед Давутоглы менен сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйынында дароо эле буларга токтолду:

- Соңку саналуу күн ичинде бомбалоолор, анын ичинде Орусиянын бомбалоолорунан улам адамдар кириптер болгон азап-тозоктор биздин үрөйүбүздү эле учурбастан, шок болуп да турабыз. Тынчтык сүйлөшүүлөрү мындай шартта жүрө алары абдан арсар. Андыктан, бул кырдаал тезинен токтотулушу керек.

Немис канцлери Сириядагы жаңжалга тартылган тараптар БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2254-резолюциясын бузуп жатышканына көңүл бурду.

Меркел белгилегендей, БУУнун Коопсуздук кеңешинин жогорудагы резолюциясы жайкын тургундарга жана жарандык объектилерге кол салууну дароо токтотууну, адамдарды айырмалоого болбой турган куралды колдонууга, анын ичинде абадан бомба чабуулдарын жасоого тыюу салат.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы болсо сириялык качкындардын жаңы толкуну аларга жасалып жаткан кысым экенин белгиледи:

- Чек арабызга отуз миңдей адам жыйналды. Эгер зарыл болсо биз аларды кабыл алабыз. Бул маселе боюнча турумубузду ачык айттык. Бирок, Түркия кандай болгон күндө да качкындарды кабыл алат деген жүйө менен Орусиянын иш жүзүндө этникалык кыргын болгон аба соккулары менен келишүү же аны актоо жарабайт. Азыркы кырдаал баарыбызды олуттуу тынчсыздандырат. Азыр Алеппону камалоо аракети көрүлүп жатат. Биз жаңы гуманитардык кризистин босогосунда турабыз. Бул Алепподо жана анын айланасында жашаган миллиондогон адамга тиешелүү жана Орусия, Сирия режими, ошондой эле аларды колдогон өлкөлөр өздөрүнүн саясатында канчалык чынчылдыгын көргөзүүдө. Соңку окуялар Түркияга, Евробиримдикке, өзгөчө Германияга мигранттар маселесинде кысым көргөзүүнүн ачык аракети экени да анык.

Орусия Германия менен Түркиянын Алеппо боюнча айыптоолорун четке какты.

Президент Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун 9-февралда айткандарына караганда, Сирияда Орусиянын аба соккуларынан жайкын тургундардын өмүрү кыйылганынын "эч ишенимдүү далили жок".

Азыркы кырдаал баарыбызды олуттуу тынчсыздандырат. Азыр Алеппону камалоо аракети көрүлүп жатат. Биз жаңы гуманитардык кризистин босогосунда турабыз.
Ахмед Давутоглы

Түркия чек арасынан түштүктө 50 чакырымдай алыстыкта жайгашкан Алеппо шаары буга чейин эле өкмөт жана оппозиция көзөмөлдөгөн эки бөлүккө ажырап калган.

Соңку күндөрү Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппону толук курчоого алуу максатындагы чабуулун күчөткөн.

​Алепподогу жана анын айланасындагы бомбалоолордон улам качтык деген 30 миңдей сириялыкты Түркия мурдагыдай кылып, өз аймагына өткөргөн жок.

Мунун ордуна чатыр лагерди чек аранын Сирия тарабына уюштуруп, качкындар үчүн тамак-ашты ошол жакка жеткирүүдө.

Түркия-сирия чек арасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:24 0:00

Былтыр Евробиримдикте мигранттарды эң көп - бир миллиондон ашуунду киргизген Германия канцлери Ангела Меркел Анкарадан алар сириялык качкындарды келечекте кабыл алууга аргасыз экенин моюндады, бирок башкы көйгөй миграцияны мыйзамдуу нукка бурууда жатат:

- Түркия үчүн эле эмес, биздин баарыбыз үчүн маанилүү нерсе - мыйзамсыз миграциялык агымды токтотуу. Ушундан кийин биз кандайдыр бир деңгээлде мыйзамдуу жол - квота системасы аркылуу сириялык качкындарды кабыл алууга даяр болушубуз керек. Маселен, быйыл январда грек аралдарына Түркиядан кайык менен барган мигранттардын сириялыктар 45% эле түзгөн.

Канцлер Ангела Меркел Анкарадагы сүйлөшүүлөрдө Түркияны качкындар үчүн долбоорлорун ыкчам ишке киргизүүгө чакырды. Премьер Ахмед Давутоглы ал долбоорлор тууралуу маалыматты Брюсселге эмки аптада берерин билдирди.

Эки жарым миллиондой сириялык башпаанектеп жүргөн Түркияга былтыр ноябрдагы макулдашууга ылайык Евробиримдик 3,3 миллиард доллар жардам ажыраткан. Бул акчанын эсебинен Түркия качкындардын турмуш-тиричилигин камсыздап, алардын Европага агылышын чектемек.

Бул аралыкта Түркиядан эптеп, Евробиримдиктин аймагына - Грецияга кайык менен өтүп кетүүгө умтулган мигранттар токтой элек. Кечээ эле түрк бийликтери ырастагандай, эки кайык менен бараткан мигранттардын отуздан ашууну Эгей деңизинде чөгүп кетти.

Грециянын жээгине жетпей каза болгон мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG