Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Түркиядан үй издеген мекендештер


Түркияда өткөн жылы 15-июлда ишке ашпай калган төңкөрүштүн кесепетинен бир топ тармактар дагы деле иргеле албай келет.

Алардын эң негизгиси - курулуш жаатындагы кризис. Түрк кардарлар банктардын насыя үстөгү өтө жогору болгондуктан азыркы тапта үй-жай сатып алууга ашыкпагандай. Курулуш тармагына жардам берүү максатында түрк өкмөтү жаңы мыйзам кабыл алып, эми чет өлкөлүк кардарларды өлкөгө тартууну көздөп жатат.

Жаңы жылда түрк жарандыгы тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, 1 миллион доллар же андан ашык акчага кыймылсыз мүлк сатып алган чет өлкөлүктөргө жарандык бериле тургандыгы расмий гезиттерде жарыяланды.

Мигранттар боюнча серепчи Мустафа Барак өкмөттүн жасап жаткан бул иш-аракеттери акыркы окуялардан жабыркаган курулуш фирмаларын жандандыруу максатын көздөйт деген пикирин билдирди.

- Түркияда колунда бар адамдар өлкөдөгү кризистен улам акчасын кыймылсыз мүлккө жумшаганды токтотту. Жөнөкөй жумушта иштеген жарандарыбыздын үй сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азайды. Анткени насыянын үстүнө төлөнчү пайыздары көбөйгөндүктөн эч ким тобокелге салып үй алайын деп ойлобой калды. Түркияда өтө көп курулуш долбоорлору жайлап, азыр үйлөр сатылбай калды. Андыктан өкмөттүн кыймылсыз мүлк боюнча жаңы мыйзамы курулуш фирмаларына үмүт берди. Чет өлкөлөрдө жарнамаларын берип, ал жактан кардар тапканга аракет жасап жатышат. Башкача айтканда, "Түркиядан үй ал - жарандыгын кошо ал" деген жарыялар кете баштады.

Стамбулда курула турган жаңы үйдүн макети
Стамбулда курула турган жаңы үйдүн макети

Түркиядагы кыргызстандыктар көбүнесе чоң шаарларда жашашат. Убагында үй-жай сатып алып жашап жаткандар да бар.

Кыргызстандык жеке ишкер Нурбек Хажиматов мындан беш жыл мурун Стамбулдан батир алган. Ишинин басымдуу бөлүгү Түркияда болгондуктан Нурбек үй-бүлөсү менен Түркияда батир сатып алып жашоо ыңгайлуу деди.

- Стамбулдан үй алып калганыбыздын себеби, жумушумдун көбү бул жакта. Түркияга ар дайым келип-кетип тургандыктан батирди ижарага алып же отелдерде калганда көп акча кетип калат экен. Ушул батирибизди төрт-беш жыл мурун алдык эле. Азыр дагы деле жашап жатабыз.

Деңизге жакындаган сайын кымбаттайт

Стамбул шаары Түркияда чет өлкөлүктөрдүн кыймылсыз мүлк алуу тизмесинде биринчи орунду ээлейт. 2016-жылы 16 миңден ашык турак жай чет өлкөлүк жарандарга сатылган. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу 30 пайызга аз. Түркиядан кыймылсыз мүлк сатып алган чет элдиктер көбүнесе Ирак, Сауд Арабиясы, Кувейт жана Орусиядан келген кардарлар. Деңиз жээгинде жайгашкан Анталия шаары да сырттан келген кардарлардын кызыгуусун арттырып келет.

Анталияда риелтор болуп эмгектенген мекендешибиз Нургүл Токтосунова кардарларынын арасында кыргызстандыктар абдан аз экенине токтолду.

- Менин практикамда кыргыз кардарларды аз кездештирдим. Негизинен Анталиядан үйдү орус тилдүү өлкөлөрдүн жарандары көп сатып алышат. Андан тышкары арабдар жана ирандыктар эле сатып алып жатышат. Батир, вилла, жер алгандардын көбү эле арабдар.

Түркиянын үч тарабы деңиз менен курчалгандыктан чет элдик туристтерди дал ушул деңиз жээктери кызыктырат. Эң көп турак жай сатылган аймактар да деңиз жээгиндеги шаарлар. Баалары да деңизден алыс же жакындыгына жараша өлчөнөт.

Көп жылдан бери Анталия шаарында курулуш жаатында иш алып барган Шерик Акимов батирлердин бааларына токтолду.

- Батирлердин сапатына жараша баалары эсептелет. Анталиянын чет жакаларында десе 100 миң доллардын тегерегинде, орточо сапатта болсо 150 миң долларга чейин батир алса болот. Албетте, люкс үйлөр да бар, алардын баасы эң арзан дегенде 200 миң доллардан башталат.

Орусиядан Түркияга оогондор

Анталия, Стамбул - өнүккөн, калкы көп шаарлар. Ал эми чет элдик турак жай кардарлары акыркы жылдары Түркиянын Мерсин аймагына да кызыга башташты. Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан бул аймакта аба жайкысын салкын, кышында мелүүн келет.

Мерсиндеги кыргыз риелтор Рамис Оморакунов айрым журтташтарыбыз бул аймактан кыймылсыз мүлк сураштырып жатканын билдирди.

- Түрктөр сириялыктар менен гректерден башка 136 өлкөнүн жаранына проблемасыз турак жай сата берет. Ал эми Мерсинде үй алган кыргыздар чанда кездешет. Билишимче, Орусияда иштеп жүрүп, бул жакта үй сатып алгандар бар. Туристтердин Түркияны тандап, ушул жактан турак жай алгандарынын себеби деңиз да. Мисалы, орусиялыктар деңиздин жанынан алганды каалашат. Ал эми белгиялыктар чет жакадан алат.

Бир миллион долларга кыймылсыз мүлк сатып алгандарга өз жарандыгын берген башка өлкөлөрдүн ичинде Америка да бар. Ал жерде үй сатып алгандан кийин АКШда беш жыл үзгүлтүксүз жашашы шарт. Ал эми Түркиянын мыйзамдарына ылайык кыймылсыз мүлк алган чет өлкөлүк жаран туруктуу жашоо (вид на жительство) визасы менен кирип-чыгып жүрө берсе болот.

Беш жыл ушундай виза менен Түркияда жашаган чет өлкөлүктөр кийин жарандыкка да документ тапшырганга укуктары бар болчу. Ал эми жаңы мыйзамда айтылган 1 миллион долларга турак жай алган турист алган үйүндө үч жыл үзгүлтүксүз жашашы шарт жана үч жыл ичинде башка кишилерге сатпашы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG