Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Түркия: күрттөр автономия мүдөөсүн кайрадан көтөрдү


Күрттөр согушкерин акыркы сапарга узаткан учур. Диярбакыр, 28-декабрь, 2015-жыл.
Күрттөр согушкерин акыркы сапарга узаткан учур. Диярбакыр, 28-декабрь, 2015-жыл.

Түркияда прокуратура күрттөрдүн таламын талашкан жана оппозициядагы партия лидеринин билдирүүлөрү боюнча иликтөө баштады. Премьер-министр Ахмед Давутоглы Элдик–демократиялык партия менен Конституция боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотту. Мунун алдында күрттөрдүн курултайында автономия жана өзүн өзү башкаруу маселеси көтөрүлгөн эле.

Түркиядагы күрттөрдүн башкы саясий уюму – Демократиялык коом конгрессинин (DTK) кезексиз курултайы ушул дем алыш күндөрү Диярбакыр шаарында өттү. Автономия жана өзүн өзү башкаруу маселеси курултайда көтөрүлүп, анын жыйынтык резолюциясында айтылды:

- Биздин элдин күрт проблемасын жериген саясатка мыйзамдуу каршылыгы иш жүзүндө жергиликтүү өзүн өзү башкаруу, жергиликтүү демократия үчүн күрөш жана аны талап кылуу. Укуктук, саясий жана макам боюнча талаптары четке кагылганына байланыштуу күрт эли өзүнүн бийлигине таянып, күрөшүү мезгилин баштан кечирүүдө. Бир же бир нече коңшу провинцияларды камтыган демократиялык автономия куруу үчүн алардын маданий, экономикалык, географиялык окшоштуктарын эске алуу керек,- деди курултайдын резолюциясы менен тааныштырып жатып Демократиялык коом конгрессинин тең төрагасы Мехмет Хатип Диджле.

Түрк медиасынын кабарларына караганда, борбор Анкара менен Диярбакыр шаарларынын прокуратуралары парламенттеги Элдик демократиялык партиянын (HDP) лидери Салахиддин Демирташ баштаган саясатчылардын жогорудагы курултайда айткан сөздөрү жана жасалган билдирүүлөрү боюнча эки иликтөө баштады.

Салахиддин Демирташ.
Салахиддин Демирташ.

Today’s Zaman интернет басылмасынын жазганына караганда, Демирташ мына ушул курултайда күрттөр келечекте федералдык өлкөгө, автономдуу аймактарга, атүгүл көз карандысыз мамлекетке ээ болушу мүмкүндүгү тууралуу айткан.

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздаг Демирташтын сөздөрүн “чыккынчылык, кылмыш жана кабыл алынгыс” деп атап, аны тыюу салынган Күрт жумушчу партиясы - ПККнын өкүлү катары чыгып жатканы үчүн айыптады.

Бийликтеги АК партиянын төрага орун басары Мехмет Али Шахин эгер Элдик демократиялык партия “терроризмди колдоону уланта берсе” жабылышы мүмкүндүгүн эскертти.

Ал эми премьер-министр Ахмед Давутоглы жаңы Конституциянын долбоору боюнча оппозициячыл партиялар менен мерчемдеген жыйындары ичинен Элдик демократиялык партия менен жолугушуудан баш тартканын белгилеп, анын себебин мындайча чечмеледи:

- Парламентке келген адамдардын баары элдин өкүлү катары олуттуулугун көргөзүүсү керек. Ал эми бизди шылдыңдай беребиз деп ишенгендери эң биринчи кезекте олуттуулуктун сынынан өтүүлөрү абзел. Эгер алар олуттуулугун жана чын ниетин көргөзүшсө биздин эшиктер ачылат. Эгер буга бара алышпаса, анда биз аларды багытка салабыз.

Күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиянын лидери Салахиддин Демирташ Анкарадан айтылган сындарга төмөнкүчө жооп кайтарды:

- Биз антагонизмге, кыжырданууга, жек көрүүгө негизделген саясат менен алектенбейбиз. Биздин көз карашта сүйлөшүү жана диалог үчүн эшик ар убак ачык болушу керек. Ошон үчүн биз саясаттабыз. Эгер риториканы бизге каршы багытталган деп ойлосок, биз эч убакта диалогго жетише албайбыз.

Салахиддин Демирташ өткөн аптада Кремлдин чакыруусу менен Москвага келип, орус бийликтери менен сүйлөшүү өткөрүп кеткен эле.

Бул сапарды байкоочулар Москванын Анкарадагы азыркы бийликке оппозициядагы саясатчынын тамырын тартып көрүүсү катары сыпатташкан.

Демирташ Москвада Орусия -Түркия мамилесин бузган окуя - орусиялык учактын атып түшүрүлүүсүн айыптаган.

Күрттөрдүн автономия жана өзүн өзү башкаруу мүдөөсү кайрадан көтөрүлгөн курултайы Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ширнак провинциясынын райондорунда күрт согушкерлери менен уруш күчөгөн учурга туш келди.

Автономия демилгеси көтөрүлгөн курултай
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:16 0:00

Түрк аскерлеринин ырастоосунда, акыркы эки аптада ал жакта 200дөн ашуун согушкер жок кылынды.

Күрт согушкерлери менен расмий Анкаранын ортосунда ок атышууну токтотуу боюнча акыркы макулдашуу эки жылга сакталып, быйыл июлда бузулган.

Тарыхы 30 жылдан ашып, 40 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жаңжал андан бери жаңы баскычка кирип отурат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG