Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Tүркия: аскердик төңкөрүш аракети (хронология)

Түркияда ишембиге караган түнү аскер командирлер тобу бийлик алардын колуна өткөнүн, Тынчтык кеңеши түзүлгөнүн маалымдаган. Ал тапта президент Эрдоган телефондон билдирүү жасап, аскердик төңкөрүш ишке ашпайт деп ишендирди.

Бүгүн Бишкек убактысы менен түнкү саат экиден кийин Түркиянын бийлиги Стамбулдагы Европа менен Азияны бириктирип турган Босфор көпүрөсүн жаап салган. Аскер командирлеринин бир бөлүгү бийликти басып алууга аракет кылганын премьер-министр ырастаган.

Түркиянын борбору Анкаранын үстүндө аскердик учактар учуп жүргөнүн Reuters маалымат агенттиги кабарлады. Түркиянын куралдуу күчтөрү өлкөдөгү бийликти "колго алып", демократиялык түзүлүш жана адам укуктары сакталаарын билдирди.

Стамбул көчөлөрүн аскерлер ээледи

Башкалаада атышуулар угулуп жатканын жергиликтүү маалымат агенттиктери кабарлашты. Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бардык каттамдар токтотулуп, жабык имарат астында танктар турганын телеканалдар көргөзүүдө.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым түз эфирден НТВ түрк телеканалына берген интервьюсуна Анкарада аскердик төңкөрүлүш аракети болгонун ырастаган. Ал Түркиянын атуулдарын сабырдуу болууга чакырды.

- Тынчтыкты сактагыла, биз абалды жакынкы арада жөнгө салууга аракет кылабыз. Айрым аскердик топтор мамлекет аманат кылган куралдарды алып, аскерий көтөрүлүш кылуу аракетин ишке ашырып жатат. Биз мындай аракеттерге жол бербейбиз, - деди Биналы Йылдырым.

Ал учурда Түркиянын коопсуздук күчтөрү төңкөрүлүштү басууга аракет кылып атканын кошумчалады.

"Анадолу" кабар агенттиги түрк армиясынын жогорку жетекчилиги Стамбулда башкы аскерий кеңселерде барымтага алынганын кабарласа, CNN Turk каналы өлкө башчысы Режеп Тайып Эрдоган коопсуз жерде болгонун маалымдады.

Ататүрк аба майданында бардык учуулар токтотулганын учкучтар жана жеринде жүргөн адамдар билдиришүүдө.

"Азаттыктын" Стамбулдагы кабарчысы социалдык тармактарга чектөөлөр киргизилип жатканын, интернеттин ылдамдыгы өтө жай болуп калганын маалымдады.

Стамбул шаарында банкоматтар иштебей калганы, адамдар акча чыгара албай жатканы айтылууда. Интернетке чыгып жаткан сүрөттөрдөн адамдар азык-түлүк алуу үчүн дүкөндөрдө узун кезекке туруп жатканын көрүүгө болот.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мобилдик телефондон билдирүү жасап, аны бир нече телеканал түз ободо көргөзүштү. Ал бардык түрктөрдү биригип, демократияга кол салган аскер кылмышкерлерине каршы турууга чакырды. Алар өз жазасын алышат, деп ишендирди Эрдоган. "Параллелдик түзүмдөр" уюштурган бийликти басып алуу аракетинин күнөөкөрлөрү жакын арада кармалат жана катаал жазасын алат, деген түрк президенти элди көчөгө чыгып демократияны коргоп калууга, бийликтин тегерегинде биригүүгө үндөдү.

Режеп Тайып Эрдоган CNN каналына Скайп аркылуу байланышып, түрк жарандарын аянттарга, аэропортторго чыгып, демократияны коргоого чакырды. Ошондой эле президент Эрдоган жакынкы убакытта Анкарага келерин билдирди. Мен дале Түркиянын президентимин жана аскерлердин кол башчысымын, деп эскертти ал.

Эрдогандын резиденциясы тарапта аскердик тик учактар ок чыгарганы, ал тарапка жай тургундардан турган бир топ адам жөө жүрүш жасап баратканын "Хүрриет" гезити жазууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG