Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Түркияда кайра парламенттик шайлоо өтөт


Улуттук Элдик партиянын лидери Девлет Бахчели менен АК партиянын лидери, өкмөт башчы Ахмед Давутоглы. 17-август, 2015-жыл
Улуттук Элдик партиянын лидери Девлет Бахчели менен АК партиянын лидери, өкмөт башчы Ахмед Давутоглы. 17-август, 2015-жыл

Түркияда мөөнөтсүз парламенттик шайлоо 1-ноябрда өткөрүлүшү мүмкүн. Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз аяктаган соң өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы ушул датаны сунуш кылды.

Ага чейин, серепчилердин айтымында, техникалык убактылуу өкмөт курулмакчы.

Премьер-министр Ахмед Давутоглу шейшемби, 18-августта башкаруудагы Адилет жана өнүгүү партиясы (АК) менен коалицияга биригүүгө даяр өнөктөш табуу аракетин расмий түрдө аяктады. Эки айдан ашуун убакытка созулган майнапсыз сүйлөшүүлөрдөн кийин премьер жаңы өкмөт түзүү мандатын президент Режеп Тайип Эрдоганга кайтарып берди.

Ошентип, түрктөр кышка чейин кайрадан шайлоо участкаларына жөнөшмөкчү.

“Хүрриет” гезитинин саясий аналитиги Деңиз Зейректин пикиринде, өкмөт курууга берилген мөөнөт соңуна чыгаары менен, 24-августтан тартып жаңы шайлоого даярдык көрүлө баштайт. Ага чейин убактылуу өкмөт түзүлөт жана Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн күнүн аныктоого киришет.

- Президент шайлоого чейинки өкмөттүн курамын белгилөө мандатын сыягы премьер-министр Ахмед Давутоглуга тапшырат. Өткөөл өкмөткө АК партиясынан 11 киши, Республикалык Элдик партиядан (CHP) – 6, Улуттук Элдик партиядан (MHP) жана күрттөрдүн таламын талашкан Элдик Демократиялк партиядан (HDP) төрттөн киши кирүүгө тийиш. Ошондой эле үч министрликке көз карандысыз кишилер дайындалат. Бирок оппозициядагы Республикалык Элдик жана Улуттук Элдик партиялар ал өкмөткө кошулбай турушканын алдын ала билдиришкен. Ошон үчүн премьерге дагы 10 министрдин талапкерлигин тандоого туура келмекчи.

Шайлоодон кийинки саясий туңгуюк, ага кошул-ташыл жүрүп жаткан өлкөнүн түштүк-чыгышындагы террорчуларга каршы аскердик операция инвесторлордун ишенимине залакасын тийгизбей койгон жок. Бейшемби күнү улутук валюта - түрк лирасынын баасы долларга карата дагы түшүп кетти.

19-августта Эрдоган жаңы шайлоонун өткөрүлөрү дээрлик анык болуп калганын, “элдин эрки гана” өлкөнү саясий кризистен сууруп чыгара алаарын айткан.

Президент түптөгөн АК партиясы өткөн июндагы шайлоодо бийликке келген 2002-жылдан бери алгачкы жолу добуштардын көпчүлүгүн алууга жетише албай, ири утулушка дуушар болду.

Айрым аналитиктер президент теория жүзүндө жаңы өкмөт түзүү укугун оппозициядагы Республикалык Элдик партияга да бериши ыктымал дешет. Бирок башкалар бул партия саясий күчтөрдү коалицияга бириктирүү кудуретин көргөзө алган жок деп белгилешет.

Жергиликтүү маалымат каражаттары болсо, Эрдогандын “Президенттик сарайдын дарегин билбегендерге убакыт коротпойм” деген сөздөрүн келтиришет.

XS
SM
MD
LG