Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Түркия кайра шайлоого барабы?


Түркияда соңку шайлоонун жыйынтыгы чыккан учур. Стамбул, 7-июнь, 2015-жыл.
Түркияда соңку шайлоонун жыйынтыгы чыккан учур. Стамбул, 7-июнь, 2015-жыл.

Түркияда соңку шайлоодо парламентке кирген саясий партияларга коалиция куроо үчүн берилген мөөнөт аяктоодо. Анын үстүнө коалиция боюнча сүйлөшүүлөр Анкаранын “Ислам мамлекети” тобуна, күрт согушкерлерине каршы соккулары, күрт согушкерлеринин кыянатчылыктары күчөшүнүн көлөкөсүндө калды. Азыр Түркияда парламентке кезексиз шайлоо өтүшү ыктымалдуулугу, буга бийликтеги АК партия өзү кызыкдарлыгы арбын айтылууда.

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган жаңы өкмөт куроо милдетин АК партиянын азыркы лидери, премьер-министр Ахмет Давутоглыга тапшырган.

Бийликтеги АК партиясы коалицияга кошулчу өнөктөшү катары шайлоодо экинчи орун алган оппозициядагы Республикалык-элдик партияны кароодо.

Түрк маалымдоо каражаттары кабарлашкандай, коалициялык сүйлөшүүлөр расмий башталгандан бери тараптар беш ирет жолугушту. Партия жетекчилери Ахмед Давутоглы менен Кемал Кылычдароглы 10-августта кечинде беш сааттай сүйлөштү. Бирок коалиция боюнча талкуулар оң жыйынтык менен аяктарына үмүт аз.

Стамбулда чыгуучу Zaman гезитинин саясий баяндамачысы Мустафа Едит Йылмаз “Азаттык” менен маегинде мындай дейт:

- Менимче, азыр мөөнөтсүз шайлоо мүмкүнчүлүгү үстөмдүк кылууда. Эгер эрте шайлоо болсо бул таң кала турган көрүнүш эмес. Анткени, өлкөдөгү саясий жараяндарга тыкыр көз салып келе жаткан байкоочуларда учурдагы саясий туңгуюктан жол табыларына үмүт азайып бара жатат. Маселен, парламентке киргендерден үчүнчү орун алган Улуттук кыймыл партиясы эч бир коалицияга кошулбай турганын, бир да саясий күч менен өнөктөш болбосун айтып чыкты. Ал эми бийликтеги АК партия президент Эрдоган менен премьер Давутоглынын кызыкчылыгына гана жооп берген коалицияны көздөп жатат. Мындан улам Республикалык-элдик партияга да АК партия менен коалициялык өкмөткө баруу кыйын болуп турат.

Түркиянын “Анадолу” кабар агенттигинин жазганына караганда, АК партия менен коалицияга барбасын шайлоодо төртүнчү орун алган, күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партия да билдирген.

Ал эми Республикалык-элдик партия АК партиясы менен коалицияга кошулуу шарты катары мыйзам үстөмдүгү, сөз эркиндиги, демократиялык конституция өңдүү 14 принципти кабыл алууну талап кылууда.

1999-жылдан бери коалициялык өкмөт куруу боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр түрк өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” тобунун Ирак менен Сириядагы согушкерлерине жана күрт согушкерлерине каршы соккуларынын көлөкөсүндө калды.

Мындан улам АК партиясынын сынчылары алар коалициядан атайлап эле качып, президент Эрдоган өзгөчө күрт согушкерлерге каршы жүрүштү улутчулдардын колдоосун күчөтүү жана мөөнөтсүз шайлоого жол чабуу үчүн пайдаланып жатканын айтууга өтүштү.

Маселен, күрттөрдүн таламын талашкан жана оппозициядагы Элдик-демократиялык партиянын лидери Салахиттин Демирташ ушул жекшемби күнү Стамбулдагы көчө жыйында сүйлөп, буларга токтолду:

- Бул өлкөдөгү акылсыздык – жалгыз АК партиянын эрки таңууланганы. Жалгыз АК партия бизди согушка кирүүгө мажбурлоодо. Муну башка эч ким жасаган жок. Эл тынчтыкты көздөйт. Күрт жумушчу партиясы – ПКК да тынчтыкты каалайт. Алар Долмабахча сарайында (Түркия премьер-министринин кеңсеси) сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдиришкен. Бирок алар биз эч нерсеге карабай согушка барабыз деп айтып жатышат.

Түркия “Ислам мамлекети” тобуна сокку урууга киришерин 24-июлда жарыялады жана бул расмий Анкаранын саясатындагы чоң бурулуш болду.

ИМ тобу менен катар түрк өкмөтү күрт козголоңчуларына каршы чабуулдарын жаңы толкунун да баштап жиберди. Соңку эки аптада күрт согушкерленинин да кыянатчылыктары күчөп, алардын кол салууларынан 40тан ашуун адам, көбүнесе күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн өмүрү кыйылды. Күрт жумушчу партиясы менен тынчтык жараяны токтотулду.

Cтамбулдагы жарылуудан кийин. 10-август, 2015-жыл.
Cтамбулдагы жарылуудан кийин. 10-август, 2015-жыл.

Коомдук пикир сурамжылоолору коопсуздук жагынан жасалып жаткан иштер АК партиянын кадырын көтөргөнүн көргөзүүдө. Түркиянын МАК агенттигинин акыркы сурамжылоосу эгер эрте шайлоо өтсө, АК партия мурдагыдан 5% жакын көп добуш алып, жалгыз партиялуу өкмөт кура алары мүмкүн экендигин ишара кылды.

Түркиянын 20 провинциясынан сурамжылоого тартылган 5500 кишинин жарымы “Ислам мамлекети” тобуна жана күрт согушкерлерине каршы операцияларды зарыл деп эсептешерин билдиришкен.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” партиясы (АК партиясы) 2002-жылдан бери биринчи ирет быйыл 7-июндагы шайлоодо парламентте көпчүлүктү түзө албай калды. Башкача айтканда, 550 орундуу түрк парламентинен 258 гана добушка ээ болгон. Бир партиялуу өкмөт куруу үчүн кеминде 276 орун талап кылынат.

Коалиция куроо үчүн берилген мөөнөт 23-августта аяктайт, эгер Түркия кайра шайлоого барса, ал эң кеч дегенде ноябрь айына белгилениши керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG