Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:34

Түркия жана ЕБ качкындарды алмашууда


Түркиянын Дикли шаарчасына депортацияланган мигранттар. 4-апрель, 2016-жыл.
Түркиянын Дикли шаарчасына депортацияланган мигранттар. 4-апрель, 2016-жыл.

Евробиримдик Түркияга мигранттарды депортациялоо жараянын баштады. Алардын алгачкы тобу Грециядан Түркияга кечээ жеткирилди. Бул иш Брюссель Европаны көздөй бет алган качкындар агымын токтотуу аргасында Анкара менен өткөн айда түзгөн талаштуу макулдашуунун негизинде аткарылып жатат. Адам укугун коргоочулар депортация жараянын сынга алууда.

Жүз кырктай мигрантты салган эки кайык аларды кечээ Грециянын Лесбос аралынан Түркиянын Дикли шаарчасына жеткирди.

Депортацияланган мигранттарды Евробиримдиктин чек араны тейлеген орток мекемеси – Frontex агенттигинин өкүлдөрү да кайык менен коштоп барышты.

- Бүгүн келген топтун арасында сириялыктар жок. Булар Ирак, Бангладеш, Пакистандан келген мигранттар. Эгер сириялыктар келсе, биз аларды каттап, Евробиримдикке "ушундай сандагы сириялыкка башпаанек бергиле" деп кабар беребиз. Бул механизм мына ушундай жол менен иштейт, - деди Түркиянын Евробиримдик иштери боюнча министри Волкан Бозкыр.

Лесбостон башка Хиос аралынан да Түркияга үчүнчү кайык менен 70ке жакын ооган качкыны алынып барылды.

Грециядан депортацияга тушташ Түркиядан Германияга сириялык 30тан ашуун качкын учак менен түз жеткирилди.

Бул жараяндар Анкара менен Брюссель быйыл 20-мартта жетишкен талаштуу келишим ишке аша баштаганынын алгачкы ишарасы.

Ага ылайык, Түркия Европада башпаанек берилбей турган мигрантты кабыл алат. Түркияны көздөй депортация болгондордун биринин ордуна өз кезегинде Евробиримдик алардан башпаанек суроого укуктуу сириялыкты алат же болбосо мигранттарды алмашуу башма-баш жүрөт:

- Менимче мындай формада миграциялык агымды токтотуу кыйын. Келишимдин көп боштуктары бар. Анын алсыз жагынын бири грек тарапта. Түркияны көздөй кимдер жөнөтүлүп турат? БУУ, адам укугун коргоочу топтордун дээрлик бардыгы мындай алмашууга каршы. Эл аралык коргоого муктаждарга Грецияда кепилдик берилиши керек. Үчүнчү өлкө иретинде Түркия өзү коопсузбу деген суроо бар. Мен өзүм азыр Түркияны коопсуз мамлекет деп айта албайм, - дейт Качкындарды жана миграцияны изилдөө боюнча Анкарадагы борбордун директору Метин Чорабатыр.

Түркия менен ЕБ качкындарды алмаша баштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:49 0:00

Грециянын качкындар депортацияланган Лесбос аралында жана Түркиянын депортациялангандар келген Дикли шаарчасында кечээ активисттер тобу нааразылык акциясын уюштурушту.

Адам укугун коргоочулар Анкара-Брюссель келишими талаптагыдай иштей албасын айтууда:

- Бизди мындан ары эмне болору эң көп тынчыздандырат. Бул жерден медианын өкүлдөрү кеткенде эмне болот? Биз артка кимдер жөнөтүлөрүн кылдат карап турушубуз керек. Мунун баары Түркия коопсуз өлкө деген жүйө менен жасалып жатат. Бизде, мисалы Түркиядан сириялык качкындар кайра Сирияга кайтарылганы боюнча документалдуу маалыматтар бар. Мунун баары Анкара менен Брюссель ортосундагы Евробиримдик чечкиндүү киришкен келишим мыйзамдуу жана коопсуз аткарыларынан күмөн санатууда, - деди Эл аралык Мунапыс уюмунун өкүлү Гаури ван Гулик.

Былтыр аймагына бир миллиондон ашуун качкын жана мигрант кирген Евробиримдик Анкара менен атайын макулдашууга ички басымдан жана мыйзамсыз миграция агымын токтотуу аргасында барган.

Дикли шаарчасындагы нааразылык акциясы. 4-апрель, 2016-жыл.
Дикли шаарчасындагы нааразылык акциясы. 4-апрель, 2016-жыл.

Эки тарап былтыр жыл соңунан бери өткөргөн үч саммиттеги соодалашуунун натыйжасында ал Түркияга мигранттардын турмуш-тиричилигин жеринде уюштуруу үчүн миллиарддаган доллар каражат бөлүп, виза жеңилдиктерин берип, Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү алга жылдырышы керек. Европаны көздөй качкындар агымы али да басаңдай элек.

Маселен, грек бийликтеринин айтымында, акыркы бир сутка ичинде эле алардын аймагына Түркияга депортация болгондон көп, 340тай мигрант келип түштү.

Жыл башынан бери Евробиримдикке деңиз аркылуу, 170 миңден ашуун качкын жана мигрант кирди. Быйылкы жыл ичи кеминде 711 мигрант деңизге чөгүп кетти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG