Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Түркия-Сирия: Тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан


Түркиянын Акчакале чек ара бекети аткылоодон кийин. 7-октябрь, 2012 -жыл.
Түркиянын Акчакале чек ара бекети аткылоодон кийин. 7-октябрь, 2012 -жыл.

Түркия Сирия тараптан болгон аткылоого 8-октябрда да жооп берди. Чек арада эки тараптын бири-бирин аткылап жатканына 6 күн болду.

Мунун алдында өткөн аптада Түркиянын парламенти өкмөткө өлкө сыртында, башкача айтканда Сирияда аскерий операция жүргүзүүгө уруксат берген. Бул - Анкара Дамаск менен согушка даяр дегенди билдиреби?

Түркия аймагынын Сирия тараптан аткылануусу түрк парламенти өкмөткө, эгер кырдаал талап кылса, коңшу Сириянын аймагына аскер жөнөтүүгө расмий уруксат бергенден кийин деле токтогон жок. Ушул дүйшөмбү атышуулар башталганынын алтынчы күнү болду. Сирия тарап минемоттон аткылады эле Түркия дароо жооп кайтарды.

Согуш эмес, даярдык

Акыркы окуялардан улам түрк жетекчилиги Сирия менен 900 чакырымга созулган чек арасында аскерлердин күжүрмөн даярдыгын күчөттү.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган чек арадагы кырдаалды соңку ирет комментарийлеп жатып, “тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан” деген байыркы кепти эске салды:

- Эгер зарыл болсо, согушка кирүүгө дайым даяр турууңуз керек. Эгер сиз буга даяр болбосоңуз, мамлекет эмессиз, эл эмессиз. Биздин ата-бабалар эмне деген. “Тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан”.

Түрк өкмөт башчысы өкмөт менен парламенттин чечимин коргоп, кокус Түркия тараптан аскерий аракет талап кылынып калса, план күн мурунтан даяр болуусу зарылдыгын кошумчалады.

Анткен менен талдоочулар Түркия Сирияга согуш ачып, активдүү аскерий аракетке баргыдай кырдаал жарала электигин айтышууда.

Саясий жана экономикалык изилдөөлөр боюнча Стамбулдагы борбордун башчысы Синан Улген түрк бийликтеринин кадамын жана даярдыгын мындайча чечмелейт:

- Түркия өкмөтү Сириянын болочок агрессиясын алдын алууну көздөөдө. Жогорудагы кадамдарды ушундан улам жасап жатат. Андыктан эгер токтотуу ишке ашса, ал чыңалган кырдаалды жумшартууга жардам берет деген үмүт бар.

Түркиянын парламенти өкмөт Сирия аймагына аскер жиберүүсү үчүн берген мөөнөт бир жыл менен чектелди. Бирок Анкаранын Сириядагы кызыкчылыгы - чек арадагы инциденттерди токтотуп салуу эле эмес. Анкара Сириядагы режимди өзгөртүүгө, кан төгүүнү токтотуу үчүн эл аралык кийлигишүүгө дембе-дем чакырып келе жаткан өлкөлөрдүн бири.

Cирия качкындарынын Түркиядагы лагери.
Cирия качкындарынын Түркиядагы лагери.
Анткени мунун Түркия үчүн олуттуу жүйөөлөрү бар. Алардын эң башкысы - качкындардын агымы. Расмий эсептер боюнча, Түркиянын Сирия менен чегиндеги лагерлерде 93 миңден ашуун качкын жашайт. Дагы 50 миңден ашуун качкын лагерлердин айланасын башпаанектөөдө.

Анкара үчүн дагы бир опурталдуу жагдай, Сириядагы башаламандык Түркиядагы күрт жикчилери менен куралдуу кагылыштарды жандандыруусу.

Премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын орун басары Бешир Аталай өткөн аптада Дамаскты күрт козголоңчуларына колдоо көргөзүп жатканы үчүн ачык эле айыптады.

Бир тараптуу эмес, көп тараптуу аракет

Түркиянын Сирияга каршы аскерий чара көрүүсүнө ушул өңдөнгөн жөндүү себептер бар болгонуна карабай, ал баары бир жалгыз аракеттенбөөнү чечкендей.

Стамбулдук талдоочу Синан Улгендин айтымында, мунун башкы жүйөөсү Сирияга кырдаалга кийлигишүүгө Түркиянын өзүндө коомдук колдоонун жоктугунда:

- Түркия калкынын басымдуу бөлүгү өкмөттүн Сирия боюнча саясаты ашыкча эле омуроочул деп тапкан. Көпчүлүк адамдар Сирияда болуп жаткандар сирииялыктардын ички маселеси, эл аралык коомчулук ага кийлигишпөөсү зарыл деп санайт.

Мына ушул себептерден улам Анкара Сирия боюнча аракеттенсе ага кеңири эл аралык коалициянын курамында гана барууга көбүрөөк ыктагандай. Маселен түрк президенти Абдула Гүл Сирия боюнча эл аралык чара көрүү зарылдыгын ушул дүйшөмбүдө да белгиледи.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Кытай менен Орусиянын каршылыгынан улам чечим кабыл алалбай жаткан акыркы айларда Түркия президент Асаддын режимине кысымды күчөтүүнү көздөгөн “Сириянын достору” тобунун жигердүү мүчөсү болуп келди.

Түркиянын чек арадагы күчтөрү.
Түркиянын чек арадагы күчтөрү.
Сириялыктарды режимдин күчтөрүнөн коргоо үчүн түрк өкмөтү буга чейин буффердик зона, гуманитардык корридор түзүүнү да сунуш кылган.

Анкара июнь айында учагы Сирия тараптан атып түшүрүлгөндө, соңку күндөрү чек арасы аткыланганына байланыштуу да өзү мүчө НАТОго кайрылды. Түрк бийликтеринин бул кадамы Сирия боюнча чараларга НАТОну тартылгандай жерпай даярдоо аракети катары бааланууда.

Бирок азырынча НАТО тараптан Сирия жаңжалына аралашкыдай белгилер байкалбайт. Ал аткылоолордон кийин өнөктөшү Түркия менен бирге болорун айтып, агрессиячыл аракеттер токтотулуусун гана талап кылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG