Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

Орусиядагы түрктөрдүн убайымы


Москвадагы түрк элчилигинин алдына чыккан орусиялыктар. 25-ноябрь, 2015-жыл
Москвадагы түрк элчилигинин алдына чыккан орусиялыктар. 25-ноябрь, 2015-жыл

Түркия менен Орусия ортосундагы ымала барган сайын курчуп, андан өзгөчө Орусияда жашаган түрктөр жабыр тарта баштады.

Азыркы тапта 200 миңге чукул түркиялык атуул Орусияда жашайт. Су-24 аскердик учагы кыйрагандан кийин түзүлгөн кырдаалдан улам Орусияда иштеген түрктөрдүн кыйын кезеңи башталгандай.

Орусиядагы түрк компанияларына салык кызматкерлери капилет эле рейд жүргүзүп, курулуш тармагында иштеген мигранттардын үрөйү уча баштады. 28-ноябрда Владимир Путин “улуттук коопсуздукту” жана орус атуулдарын коргоо үчүн “катуу чараларды” кабыл алууну жарыялаган. Мындай чукул чаралардын башында визасыз режимди жоюу, чартердик аба каттамдарын токтотуу жана орус компанияларына түркиялык атуулдарды жумушка алууну тыйган эрежелер турат.

34 жаштагы Түркиянын атуулу Үмүттүн Москвадагы курулуш компаниясында иштеп жүргөнүнө он жылдан ашты. Келинчеги Анна менен бир жаштагы уулу Роман Орусиянын жарандары. Ал эки өлкө мамилеси курчугандан бери эмне кылар айласын таппай бушайман:

- Азыр мен үй бүлөм үчүн сарсанаа болуп жатам. Бойдок болсом, кийим-кечемди чогултуп, баса бермекмин да. А менин аялым, балам бар. Алар да чочулап жатышат. Жакшылыктан үмүт үзбөй отурабыз эми.

Премьер-министрдин орун басары Игор Шувалов 30-ноябрга чейин түзүлгөн келишимдер мурдагыдай эле шартта улана берет деп кабарлаган. Ушундан улам Үмүт Орусияда дагы бир жыл калам деген ойдо.

Анткен менен миграция боюнча адистешкен “Атуулдук көмөк” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Светлана Ганнушкина санкциялар баары бир Орусиядагы түрк атуулдарына тиерин баамдап: “Менимче аларды депортациялашат. Мунун мыйзам ченемдүү экенин түшүнүү кыйын. Бирок чындыгында мындайды күтүүгө болот”, - деди.

Кремлдин баш катчысынын маалымдашынча, Орусияда азыр 200 миңдей түркиялык жашайт. Анын 90 миңи ар кайсы сектордо иштеп жүрөт. Чектөөлөрдөн кийин түрктөр орус президентинин атына кат жолдошкон. 2-декабрга чейин жалпысы төрт миңден ашуун киши кол койгон ал катта Орусиядагы жумуш ордун сактап калууга жардам берүү, үй-бүлөлөрдү ажыратпоо өтүнүчтөрү жазылган.

Түрк компаниялардын көбү Режеп Тайып Эрдоган менен Владимир Путин бетме-бет жолугуп, өз ара сүйлөшсө эле абал жеңилдерине ишенишип турушат. Бирок көптөр үмүт арткан жолугушуу азырынча боло элек.

Алтын доор аяктадыбы?

Орусиянын курулуш секторунда түрктөрдүн "кел-кели" 15 жыл мурда башталган. Владимир Путин бийликке келери менен мунай баасы кескин жогорулап, өлкө акчага тунуп, асман тиреген жаңы имараттарды куруунун алтын доору ачылат.

Үмүт да Москванын чок ортосунда салынып жаткан каржы борборунда жаштайынан иштеп, Орусияга жедеп көнүп калган. Жаза тайып, орус бийлиги аны мекенине айдаса, Түркияда эмне кыларын билбей башы маң. Анткени Москвада ал кылган ишти Түркияда билимдүү инженерлер жасагандыктан, мекенине барса ашып кетсе чакан ашкана гана ачып иштете алат.

Экинчиден, Москвадагы түрк атуулдары Орусиядагы түрктөргө каршы толкундоолордон да чочулашууда. Он жылдан ашуун орус баш калаасындагы курулуш компаниясында иштеп жаткан Туран Айдын да алардын катарында. Орусиядагы курулуштун 70 процентин түрк ишканалары аткарып келгенин айткан Туран Айдын акыркы окуялардын кесепети анда иштеген түрк атуулдары эле эмес, жергиликтүү жумушчуларга да тийерин айтат:

- Албетте, абдан кысымга алындык. Булар саясий оюндар эмеспи, бирок азабын жөнөкөй эле адамдар тартууда. Биз жөн салды иштеп жүргөн адамдарбыз да, террорчу эмеспиз. Полиция кичине эле кынтык тапса, айрым тааныштарымды кармап кетип, депортациялап жатат. Күнөөсү жок жерден айыптуу болуп чыга келдик. Орус эли менен түрк элинин дос болуусун гана каалайбыз.

Саясатта улам күч алган тиреш орто жана чакан бизнестегилерди да убайга салды. Маселен, Саратов облусунда “Түрк тандыры” деп аталган ресторандар тармагынын аталышындагы “түрк” сөзүн ээси өчүрттүрдү.

Туран Айдын мындай бурулуштар Борбор Азиядан барган мигранттарга да кесепетин тийгизет деген пикирде:

- Бул жакта курулуш тармагында өзбектер, кыргыздар, орустар иштейт. Аз эмес, көп сандагы мигранттар бар. Түрк компанияларына тийген эпкин аларды да кыйнайт. Мындай кырдаал улана берсе жумушсуз калышат.

Эрдоган менен Путиндин “акыйнегинен” азыркыдай оор абал жаралып, жогоруда айтылгандай, жөнөкөй жумушчулар көбүрөөк зыян тартышууда.

Бирок 2018-жылы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөргөнү жаткан Орусия курулушту белгиленген убакытта бүтүргөн түркиялыктардын кызматынан баш тарта албайт деген гана үмүт аларды сооротуп турат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG