Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Түркмөнстан: түрк ишкерлерине кысым


Түркмөнстанда Central Hospital деп аталган атактуу түрк клиникасы белгисиз мөөнөткө чейин жабылды.

Ал калк арасында “түрк бейтапканасы” деп аталып, кызматынан пайдалангандар арбын болчу. Азырынча оорукананын иштебей жатышынын так себеби белгисиз.

“Азаттык” радиосунун түркмөн кызматынын өз булагы 4-апрелден тарта байтапкана жетекчилиги кызматкерлерин акы төлөнбөгөн бир айлык эмгек өргүүсүнө кетиргенин билдирди.

- Жетекчилик бардык кызматкерлерге башка иш издебей тургула деп суранды. Бирок, жумуш кайра качан башталаарын айткан жок, - деди атын атагысы келбеген оорукана кызматкери.

4-апрелден бери медициналык мекеме жабык турганын ашхабаддык тургундар дагы ырасташты. Алардын бири активист Аманмурат Бугаев буларды айтып берди:

- Central Hospital деген белгиси дагы алыныптыр. 4-апрелден бери кандын анализин тапшыруу сыяктуу кызматтардын баары токтотулуптур.

Бул бейтапкана 1999-жылы түрк ишкерлери тарабынан ачылган. Учурда алтымыштай кызматкер эмектенет. "Азаттык" радиосунун өз булагынын айтымында, клиниканын ээси, жетекчиси, башкы дарыгери жана айрым адистери түркиялыктар. Бейтапкана жетекчилигинен кырдаал боюнча комментарий алууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Атын атагысы келбеген кызматкер клиниканын жабылганынын себебин, бейтапканын лицензиясы аяктап, аны түркмөн бийликтери узартпай жатканын айтууда:

-Түркмөнстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги клиниканын лицензиясын узарта элек. Лизенция 2016-жылы 31-декабрда бүткөн экен. Түркмөн бийликтери себебин түшүндүргөн жок.

Учурда түрк бейтапканасы ишин улантабы же жокпу азырынча белгисиз.

Бул медициналык мекеме жабыла турган болсо, бийлик тарабынан түрк ишкерлерине карата басым күчөдү деген сөздөргө дагы бир далил болуп калмакчы.

Өткөн жылы түрк ишкерине таандык “Йимпаш” соода борбору жабылганы белгилүү. Буга чейин 1994-жылдан бери иштеп келаткан Түркмөн-түрк университети жана түрк окуу жайлары ишин токтоткон.

Ошондой эле Түркмөнстанда “Хизмет” кыймылы менен кызматташкан деген айып менен мурдагы мугалимдер, ишкерлер узак мөөнөткө соттолушту.

Алардын арасында Ашхабад шаарындагы "Мердем" жана "АлпЭт" ресторандарынын ээси Ресул Атагелдыев жана "Амаркет" дүкөндөр тармагынын ээси Довлет Атаев бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG