Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:02

Акты сүйгөн "аскар тоо"


Бердымухамедов эл алдына ак түстөгү кийим кийип чыкканды жана ак боз өңдүү Ахалтекин аргымактарын мингенди жактырат.
Бердымухамедов эл алдына ак түстөгү кийим кийип чыкканды жана ак боз өңдүү Ахалтекин аргымактарын мингенди жактырат.

Түркмөнстанда жашап, унаа сатып алууну кааласаңыз, ак түстөгүсүн тандаганыңыз жөндүү. Анткени түркмөн бийликтери башка түстөгү унааларды өлкөгө киргизүүнү токтотуп, экспортерлорго ак түстүү машинелерди алып келүү кеңешин берди. Бул сунушту түркмөн президенти Гурбангулы Бердимухамедовдун ак түстү жакшы көргөнү менен байланыштырып жатышат.

Өлкөдө ак түстөгү унааларга артыкчылык берүү боюнча өкмөт буйругу болгонун атын атагысы келбеген бажы кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына билдирген. Анын айтымында, өкмөт буйругуна ылайык, мындан ары кара, көгүш жана кызыл түстөгү унааларды импорттоо токтотулат.

Ал эми өлкөдөгү башка түстөгү унааларды оңой эле ак түскө сырдатса болот. Ашхабаддагы жол коопсуздук кызматкери башка түстөгү автоунааларга техникалык кароодон өткөнү тууралуу сертификат бербөө тапшырмаcы болгонун ырастады. Бирок айрым кызматкерлер муну четке кагууда.

Түркмөнстанда машинени башка түскө бойотуу 800 доллардан 1000 долларга чейин турат. Ал эми өлкөдөгү орточо айлык 200 доллардын тегерегинде.

Түркмөнстанда ак түскө артыкчылык берилиши бекеринен эмес. Ал өлкөнү 2006-жылдан бери башкарып келаткан президент Гурбангулы Бердимухаммедовдун культу менен тыгыз байланыштуу. Кесиби боюнча тиш доктур Бердимухамедов борбор калаа Ашхабадды “ак мармарлуу шаарга” айлантууга аракет кылып келет. Эл алдына ак түстөгү кийим кийип чыкканды жана ак боз өңдүү Ахалтекин аргымактарын мингенди жактырат.

Атүгүл бир ирет өз туулган күнүнө арналган концертте ак кийим кийген музыканттардын коштоосунда, ак гитара ойноп ырдап чыккан да жайы бар.

Бирок бийликтер ак түстөгү унааларга артыкчылык берүүнү өлкө башчынын табити менен байланышы жок деп четке кагууда. Аны өлкөнүн субтропикалык алкакта жайгашып, чөлдүү аймак болгону үчүн күңүрт түстөр жарашпайт деп түшүндүрүүдө.

Өзүн түркмөндөрдүн “аркадагы” же “аскар тоосу” деп жарыялаган Гурбангулы Бердымухамедов ишинен өзгөчөлөнгөн чиновниктерге ак түстүү унааларды белекке берүүнү адатка айланткан. Жакындан тарта “түркмөн аркадагы” ак түстөгү лимузиндердин колоннасын минип, иш-чараларга бара баштады. Ошол эле учурда саламаттыкка көңүл буруп, велосипед минүүнү да унутпайт. Түркмөнстандын ар кайсы жерлеринде ак түстөгү спорт кийимчен Бердымухаммедовдун чоңойтулган сүрөтүн көрүүгө болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG