Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Түркмөнстанда түркчө мультфильмдер көрсөтүлбөйт


Түркмөнстан.
Түркмөнстан.

Өткөн аптада түркмөн полициясы айрым аймактардагы бала бакчаларды тыкыр текшере баштаганы белгилүү болду. Буга балдардын түрк тилинде сүйлөп калганы себеп болгон. Ошондой эле жергиликтүү басылмалар бала бакчаларда түркчө мультфильмдерин көрсөтүүгө тыюу салынганын жазышты.

Түркмөнстанда бакчадагы балдар түркчө сүйлөй баштаганына байланыштуу түрк мультфильмдерин жана телепрограммаларын көрсөтүүгө тыюу салынды. "Хроники Туркменистана" басылмасы кабарлагандай, балдар мекемелерин тыкыр текшерүү райондук полиция кызматкерлерине тапшырылды.

Мындай чечим Лебап облусундагы Фарап, Саят жана Дянев райондорундагы бакчаларда өткөн текшерүүдөн кийин кабыл алынган. Анткени полиция кызматкерлери бакчаларда жалаң түрк телеканалдарындагы берүүлөр жана мультфильмдер көрсөтүлгөнүн байкашкан. Түркмөн жана түрк тилдери окшош болгондуктан балдар түрк тилинде таза сүйлөй баштаган.

Мындан улам жергиликтүү бийлик полиция кызматкерлерине бакчаларды жумасына эки-үч жолу текшерүүгө тапшырма берди. Эгер тартип бузуу аныкталса, жетекчилер жана тарбиячылар жумуштан бошотулушу ыктымал. Бакчанын жетекчилери ата-энелер менен сүйлөшүп, үйдө түрк телеканалдарын көрүүнү азайтууну сунуш кылган.

Түркмөнстандагы бала бакча.
Түркмөнстандагы бала бакча.

Түркмөнстандын айрым аймактарындагы мындай текшерүүлөр Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Ашхабадга расмий сапарына туш келген. Туркиянын башкы дипломатынын 5-6-марттагы сапары түрк маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылганы менен Ашхабаддын расмий билдирүүсүндө жок. Ашхабадда Чавушоглу түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык талкууланган.

Буга чейин Түркияда жашаган түркмөнстандыктар президент Бердымухаммедовдун бийлигин айыптап, нааразылык акцияларын өткөрүп келишкен. Өзгөчө түркмөн активисттери пандемия башталганда Стамбулда жасалма аракка ууланган 56 түркмөнстандыктын сөөгү мекенине жетпей, чет өлкөдө жерге берилгенине кабыргасы кайышып, митингге чыгышкан. Алардын бири, 29 жаштагы Дурсолтан Таганова былтыр түркмөн бийлигине каршы нааразылык акцияларынын активдүү катышуучусуна айланган. Анын айынан Түркияда үч ай камалып, эл аралык уюмдардын колдоосу менен эркиндикке чыккан. Ашхабаддын кыжырына тийген Тагановага түрк бийлиги бир жыл жашоого уруксат берген.

Жалпысынан Түркияда 133 миңден ашык түркмөнстандык расмий катталган. Бирок болжол менен 2 миллионго жакын түркмөн жараны мыйзамсыз жашап жүргөнү маалым.

Быйыл февралда Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин сынынан кийин түрк сериалдары көрсөтүлбөй калган. Президент айрым каналдарда чет элдик фильмдер үстөмдүк кылганына нааразы экенин айтканда түрктөрдүн «Канатсыз куштар» сериалын көрсөтүү токтотулган. Бул сериал «Sevimli TVда» 2019-жылдан бери көрсөтүлүп келаткан. Буга чейин өзбекстандык айрым дин ишмерлери түркиялык фильмдерди «адеп-ахлакка төп келбейт» деген негизде көрсөтүүгө каршы чыккан.

«Канатсыз куштар» сериалы.
«Канатсыз куштар» сериалы.

Коңшу өлкөдө түрк сериалдарын буга чейин да экрандардан алып салган учурлар болгон.

Жыл өткөн сайын түрк продюсерлери жергиликтүү аудиторияга гана басым жасабастан, чет өлкөлүк көрөрмандардын да табитин эске ала башташты. Мыкты сценарий, туура тандалган актёрлор менен катар Түркиянын маданиятын, үрп-адатын, каада-салтын кошуу аракети жасалууда. Буга чейин көбүнесе романтизм, сүйүү тууралуу баяндаган сценарийлер эң көп көрүүчү топтогон жанр деп саналчу.

Мисалы “Даңазалуу доор” Түркиянын сериал тартуу индустриясындагы эң мыкты жана кирешелүү долбоор деп эсептелет. Анын бир сериясы 120 миң долларга сатылып, жалпы кирешеси 500 миллион долларга жеткен. Орусия, Иран баш болгон 70 өлкөгө расмий түрдө сатылып, миллиондогон киши көргөн.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG