Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

“Эл үнү”: Мамлекеттик тилди өнүктүрөлү


Айрым угармандарыбыз көпчүлүк министрлер ант бергенде да кыргыз тилинде так сүйлөй албай, тилди кордогонуна нааразылык билдиришүүдө. (Сүрөттө: Өкмөт курамынын ант берүү аземи. 27-январь, 2011-жыл)
Айрым угармандарыбыз көпчүлүк министрлер ант бергенде да кыргыз тилинде так сүйлөй албай, тилди кордогонуна нааразылык билдиришүүдө. (Сүрөттө: Өкмөт курамынын ант берүү аземи. 27-январь, 2011-жыл)

“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган “Азаттыктын” угармандары азыркы бийликтин кадр маселесине жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу көз караштарын билдиришти.

Бишкек, Атыркүл Ибрагимова: - Мен мамлекеттик тилибиз тууралуу ой-пикиримди билдирейин дедим. Өткөндө министрлер жана Жогорку Кеңештеги депутаттар ант берип жатканда бирин-экөөсү эле кыргыз тилиндеги сөздөрдү так айтканы менен калганы так айталбай, адашып кыргыз тилин ушундай кор кылганына абдан зээним кейиди. Илгери орустун илимпозу Радлов келгенде «кыргыздар сүйлөгөндө бир сөздүн аягы экинчи сөз менен уйкашып, ыр сыяктуу болуп турат» деп айткан эле. Азыр кыргыздын сөздөрү ыр сыяктуу эмес эле, кунары кетип баратат. Аксап турат. Депутаттар баш болуп кайдыгер мамиле кылса кантип өнүгөт. Мамлекеттик тилди өнкүтүрүү чоң комплекстүү ишти талап кылат. Мамтил комиссиясынын дагы иштеринде мүчүлүштүктөр бар. Мисалы үчүн, көчөдөгү жарнаамаларды же ишкана-мекмелердин аталышын жазганда ар кимиси ар кандай жазып атышат. «Вулканизацияны» бир жерде «желимдөө» десе, дагы бир жерде «дөңгөлөктөрдү чаптоо»,-деп. «Башкасын койдум, байдын кызынан баштайын»,-дегендей, башкасын коюп ошол кичинекей эле терминдердин, жарнактардын туура жазылышынан, ага көзөмөл кылуудан баштоо керек. Түркиянын биринчи президенти Кемал Ата Түрк мамлекеттик ишин биринчи экономикадан эмес, мамлекеттик тил, идеологиядан баштаган.

Нарын, Жолдошев Нарынбек: - Президент Роза Исаковна Мамлекеттик тил комиссиясын жетектеген Азимжан Ибраимовду кызматтан туура эмес бошотуп салды деген ойдомун. Акаев, Бакиев кыргыздын жерин сатканы аз келгенсип, эми кыргыз тилин этибарга албай, кыргыз тилине күйгөн адамдарды кызматтан алып салышса келечеги кандай болот?

Сокулук району, Өндүрүш Токтонасыров: -Акаев, Бакиев кландарына каршы пикирин ачык-айкын, тайманбай айткан революциячыл мүнөздөгү журналист Жыргалбек Турдукожоев «Кабар» Улуттук маалымат агенттигинин жетекчилик кызматынан негизсиз бошотулду. Ал Кыргызстанда революциядан кийин жаңыча иштөөнү, кесипкөйлүктү талап кылам деп өзүнүн жамаатынын тепкисинде калды окшойт. Турдукожоев башка кызматтарда деле иштеп кетет. Бирок аны менен революцияда бирге болгон санаалаштары агенттикти өнүктүрүү иштерине моралдык жактан колдоп коюшса болмок. Чынын айтыш керек Турдукожоев «Кабар» агенттигине келгенден баштап «Демократиялык талаш-тартыш клубу» ачылып, газетасы жарык көрүп, эл «Кабар» агентигин жакшы билип калган. Ошондуктан азыркы бийлик кадрларды ыксыз алмаштырууну токтотсо деп ойлойм.
XS
SM
MD
LG