Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Маалыматты кыргыз тилинде ким берет?


Кыргыз тилдүү маалымат каражаттары 20-январда өлкө президентине, парламент спикерине жана өкмөт башчысына кайрылуу жолдоп, маалыматтарды адегенде мамлекеттик тилде жазып таркатуу демилгесин көтөрүштү.

Ал ортодо орус тилиндеги маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү орус тилдүү маалымат керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына доо кетирбөө керек деген пикирин билдиришүүдө.

Кайрылуу ээлеринин жүйөөсү боюнча, бул саамалыкты кыргыз журналистикасынын сапатын арттырууга көмөкчү болмокчу.

Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги президент Роза Отунбаевага, парламент төрагасы Акматбек Келдибековго жана премьер-министр Алмазбек Атамбаевге ачык кайрылуу жолдошту.

Жыйырмадан ашуун ири маалымат каражаттары кол койгон кайрылууда Кыргыз мамлекетинде жарандардын 70% ашууну кыргыз тилдүү болгондуктан мамлекеттик мекемелер маалымат таратууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү оболу кыргыз тилинде алып барууну ирээтке келтирүү өтүнүчү жазылган.

Мезгил талабы

“ЭлТР” телеканалынын жетекчиси Шайырбек Абдрахманов мындай демилге кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө салымын кошот деп эсептейт.

- Экинчи маселе кыргыз тилинде маалымат алуу кыргыз тилдүү журналисттер үчүн жана маалымат каражаттары үчүн өтө ыңгайлуулукту түзөт эле. Ошондой эле оперативдүүлүккө сөзсүз таасирин тийгизет. Кыргыз тилинде маалыматтарды таратып жаткан тарап так, даана таратса аны алгандар да так, оперативдүү бермек.

Кыргыз тилдүү журналисттер биримдиги тараткан кайрылууда ошондой эле 2008-жылдын 24-апрелинде Жогорку Кеңеште кабыл алынып, ошол эле жылы президент кол койгон “Теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамдын мамлекеттик тилге байланыштуу беренесин аткаруу механизмин иштеп чыгып, анын аткарылышын көзөмөлдөө сунушталган.

Акмат Алагушев
“Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бул мыйзам чынында чийки болгон деп эсептесе, медиа өкүлчүлүктүн жетекчиси Акмат Алагушевдин баамында, эртеби-кечпи бул маселе көтөрүлмөк.

- Мындан башка курчурак маселе барбы, же жокпу - ошолорду караш керек. Чынын айтканда муну таразага коюп айтса бир жөн. Эгер кайрылуу авторлору ушундай чечимге келгенден кийин алардыкы деле туура болсо керек. Бирок эртең болобу, башка күнүбү, бир жылдан кийинби бул маселени сөзсүз көтөрүш керек болчу.

“Теле көрсөтүү жана радио уктуруу жөнүндө” мыйзамга ылайык, бардык телерадиолор берүүлөрүнүн 50% кыргыз тилинде чыгып, ал эми программалардын 60% Кыргызстанда даярдалган маалыматтар болушу керек эле.

Маалыматтык боштук коркунучу

Ал арада орус тилиндеги маалымат каражаттарынын айрым өкүлдөрү орус тилдүү маалымат керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарына доо кетирбөө керек деген пикирин билдирип чыгышты. Алардын айрымдары мунун жол-жоболору аймактарга жана андагы угарман, көрөрмандарга карата иштелип чыгышы керектигин айтышууда.

“Регион.кж” маалымат агенттигинин редактору Игорь Шестаков бийлик маалыматты кайсы тилде таратпасын маалыматтык боштукту жаратпагандай жагдай түзүшү керек деген ойдо.

- Бизде азыр эки, башкача айтканда расмий жана мамлекеттик тил бар да. Бардык маалыматтар маалымат каражаттарына сөз жок эки тилде таратылышы керек. Бул жерде дагы бир маселе бар: чоң чөйрөсү бар орус тилдүү маалымат каражаттары да так маалыматты алышы керек. Эгерде эле бийлик тараптан маалыматтык боштук болуп калса, маалыматтар так эмес чыгып кетүү коркунучу бар. Эки тилде тең маалымат берүүгө келгенде мамлекет биринчи кезекте өзү кызыкдар болуш керек.
Кыргыз тилинде маалыматтарды таратып жаткан тарап так, даана таратса аны алгандар да так, оперативдүү бермек.


Буга чейин деле президент, өкмөт жана министрликтер тарабынан маалыматтарды жалаң орус тилинде таратууну айрым журналисттер сынга алып келген. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Кубан Абдымен бул маселе эске алынып караларын “Азаттыкка” билдирди.

- Сөзсүз түрдө эске алынат. Колдон келген аракеттерди жасайбыз. Өкмөттүн аппараты тарабынан болгон маселе - азыр абал бир эле мезгилде бир маалыматты эки тилде жазганга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол маселесин чечкенден кийин, министрликтердин маалымат катчылары менен сүйлөшүп, башкаларга үлгү болгондой аракет кылабыз.

Маалыматтарды адегенде мамлекеттик тилде жазып таратуу демилгесин көтөргөн кайрылууга жыйырмадан ашуун маалымат каражаттары, КТРК, “ЭлТР”, “Кыргыз туусу”, “Эркин-Тоо”, “Жаңы Агым”, “Айат пресс”, “Кыргыз руху” гезиттери, “Кабар” маалымат агенттиги жана башкалар кол койгон.
XS
SM
MD
LG