Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

УКМК муфтий шайлоого аралашпаганын билдирди


УКМК
УКМК

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) айрым маалымат сайттарына УКМК кызматкерлери муфтий шайлоого аралашты деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

“УКМК Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын шайлоосуна кийлигишкенге укугу жок. Баш мыйзамда дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн”, - деп айтылат билдирүүдө.

“Нур” партиясынын мүчөсү Руслан Бекназаров муфтий шайлоодо айрым талапкерлерге УКМКнын өкүлдөрү кысым жасап, талапкерлигин алдырганын айтып чыккан.

26-июнда Бишкекте Кыргызстан мусулмандарынын жетинчи курултайы өттү. Анда Замир Ракиев муфтий болуп шайланды.

Анын талапкерлигин Аалымдар кеңеши көрсөткөн. Конкурстук комиссиянын элегинен өтүп, Аалымдар кеңешине сунушталган үч талапкердин экөө - Султанали Гапуров менен Шүкүр Исмаилов талапкерлигин алып салышкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG