Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

"Украинага барбаганым үчүн сабашты". Орусиядан чыгарылган мигранттар


Москвада бул аял орус армиясына кошулууга чакырган баракчаларды таратып жүрөт
Москвада бул аял орус армиясына кошулууга чакырган баракчаларды таратып жүрөт

Орус бийликтери Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарына кысым көрсөтүп, аларды орус армиясына кошулууга, Украинага баруу үчүн келишим түзүүгө мажбурлап жатат. Эгер баш тартса, алар жасалма кылмыш жоопкерчилигине тартылып, ур-токмокко алынып, депортацияланышы мүмкүн.

Орусиядагы тажикстандык эмгек мигранттары Украинада согушуудан баш тартканы үчүн коопсуздук күчтөрү тарабынан сабалып, жасалма кылмыш иши боюнча депортацияланып жатканын айтууда.

Мигранттар өздөрү жана укук коргоочулар билдиргендей, орус бийлиги Украинадагы өз аскерлерин колдоо максатында Орто Азиядан келген мигранттарды орус армиясынын катарында согушууга мажбурлоо боюнча көп аракет кылып жаткан чакта ушундай айыптоолор айтылууда.

Дүйшөмбү шаарынын 30 жаштагы тургуну Мансур Хожиев Орусиянын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө боюнча келишимге кол коюудан баш тартканда, бир нече жумадан кийин эле, октябрда Орусиядан депортацияланган.

Хожиев “Азаттыктын” кабарчысына сентябрда миграция кызматына Орусиянын жарандыгын алуу үчүн документтерди берүү өтүнүчү менен кайрылганда ушул маселеге кабылганын айтты:

“12-сентябрда Пермдеги Свердлов облусунун миграция бөлүмүнө бардым. Алар адегенде менин документтеримди кабыл алгысы келген жок. Алар [Украинадагы] согушка катышуу боюнча келишимге кол коюшуӊ керек, эгер кол койбосоң, документтериӊди кабыл албайбыз дешти”, – дейт Хожиев.

Мансур Хожиевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча Пермь облусунун Свердлов райондук соту чыгарган өкүмдүн көчүрмөсү.
Мансур Хожиевге каршы козголгон кылмыш иши боюнча Пермь облусунун Свердлов райондук соту чыгарган өкүмдүн көчүрмөсү.

Жашап турууга уруксаты бар Хожиев келишимге кол койбой эле Орусияда жашап, иштей берүүнү чечкен.

Бирок эки жумадан кийин миграциялык кызматтагылар чакырып, мыйзамсыз баңгизат колдонорун мойнуна алары жөнүндө арызга кол коюуну талап кылышканын айтты Хожиев.

"Күтүлбөгөн жерден төрт киши өздөрүн тааныштырбай келип, колума кишен салып, башыма целлофан баштык кийгизип, машинага мал сыяктуу эле ыргытып салышты", – дейт ал. – Токойго алып барып, электр какшаткычты колу-бутума тийгизе башташты”.

Хожиев кыйноого чыдабай, "маӊзат колдонуп жаткан учурда полиция тарабынан кармалдым" деп кол коюуга аргасыз болгонун “Азаттыкка” айтып берди.

Эртеси күнү Свердлов райондук соту тажик мигрантын полициянын протоколунун жана өзүнүн “моюнуна алган көрсөтмөсүнүн” негизинде мыйзамсыз маӊзат колдонгону үчүн күнөөлүү деп тапты.

Хожиевди Тажикстанга депортациялануу алдында айып пул төлөөгө милдеттендиришти.

“Азаттык” Пермдеги полиция жана соттон түшүндүрмө алууга бир нече жолу аракет кылып, бирок байланыша албай койду.

Москва Украинадагы өз аскерлеринин катарын бекемдөөгө аракеттенип жатканда Борбор Азиядан келген жумушчуларга Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүгө мажбурлоо үчүн кысым көрсөткөн ушундай ондогон учурлар болгонун Орусиядагы укук коргоочулар жана мигранттар билдиришүүдө.

Хожиевдин миграциялык кызматта башынан өткөн окуядан бир нече жума мурда орусиялык укук коргоочу Татьяна Котляр 7X7 Телеграм-каналында Борбор Азиядан келген беш мигрант орус паспортун алуу үчүн ушундай аскердик келишимдерге кол коюуга милдеттендирилгени жөнүндө билдирди.

Котлярдын айтымында, алардын арасында Тажикстандан келип Калуга облусунда иштеген мигрант да болгон, медициналык себептерден улам армияда кызмат өтөй албастыгын айткандан кийин анын жарандык алуу жөнүндөгү арызы четке кагылган.

Андан соң Котляр Фейсбукка мигрант орус бийлигине арыз менен кайрылганын жазган. Бирок жооп катары [полиция кызматкерлери] “ага карата өзү тиешеси болбогон тартип бузуу жөнүндө протокол түзүшкөн” дейт укук коргоочу.

ТУУРА ЧЕЧИМ

Орусиянын адам укуктары боюнча “Тонг жахони” бейөкмөт уюмунун директору Валентина Чупик чиновниктер күч колдонуу, коркутуу же “башка күчтүү түрткүлөр”, мисалы, жарандык алууну тездетүү убадасы менен эмгек мигранттарын армияга тартуу өнөктүгүн жүргүзүп жатканын бир нече жолу айтып берген.

Украинага согушка барган Борбор Азия жарандарынын жалпы саны белгисиз.

Дүйшөмбү шаарынын өзүн Анвар деп тааныштырган тургуну быйыл март айында Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунун кызматкерлери ага армияда кызмат өтөө тууралуу келишим түзүүгө буйрук бергенин айтат.

Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору
Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору

“Мен баш тарттым, согушка баргым келбейт дедим. Алар мени өтө эле "акылдуусунба” дешти, анан сабап киришти, – деп айтты ал “Азаттыктын” кабарчысына. – Баарынан да жонго ийлешти”.

Анвар 17 күн кармалып, андан кийин миграция эрежелерин бузду деген айып менен Дүйшөмбүгө депортацияланганын билдирди.

“Менин бардык документтерим жайында болчу. Иштөөгө уруксатты узартуу үчүн зарыл болгон үч айлык төгүмдөрдү, ошондой эле жашап турууга уруксатты узартуу үчүн каражатты өз убагында төлөп койгом”, – дейт Анвар. Ал Украинага баруудан баш тартканы үчүн жазаландым деп эсептейт.

Анвардын апасынын айтымында, уулу “денеси бүт көгала бойдон” келген, тулку бою жана психологиясы жабыркаган. Анвар бир нече ай дарыланган.

Хожиев менен Анвар Дүйшөмбүдөн жумуш таба элек. Тажикстанда жумушсуздук маселеси өтө оор болгондуктан, миллиондогон адамдар Орусияга көчүп кетүүгө аргасыз. Ал жерде болсо орус бийликтери коркутуп-үркүтүп, кысымга алууда.

Бирок мекениндеги жакырчылыкка карабай, бул эки киши орус армиясында кызмат өтөөдөн – Украинада согушуудан баш тартканы үчүн өкүнбөй турганын айтышууда.

Репортаж “Азаттыктын” тажик редакциясынын жана Борбор Азиядагы мигранттар департаментинин материалдары боюнча даярдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG