Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Фикрет Гусейнли: Мени уурдап кетиши мүмкүн


Фикрет Гусейнли.
Фикрет Гусейнли.

Украинадан кете албай жүргөн азери журналисти Фикрет Гусейнли аны бирөөлөр уурдап, Азербайжанга жөнөтүүгө аракет кылып жатканын билдирүүдө. Журналист өз мекенинде узакка камалышы ыктымал экенин айтат.

Азербайжандан он жыл мурда чыгып кетип, Нидерланддын жарандыгын алган, акыркы алты айдан бери Украинадан кете албай жаткан журналист Фикрет Гусейнли 5-мартта “Киевде белгисиз адамдар аңдып жүрөт” деген маалымат алган.

Анын маалыматына караганда, кийин Киевдеги ижарага алып жашап жаткан батирине төрт киши келген. Журналисттин баамында булар Азербайжандын коопсуздук күчтөрүнө байланышы бар адамдар болушу мүмкүн. Украин жана азери тилинде сүйлөгөн кишилер өздөрүн "полицияданбыз" деп тааныштырып, Гусейнли 48 сааттын ичинде Азербайжанга экстрадицияланаарын билдиришкен. Журналист окуя тууралуу ошол күнү айтып чыккан.

14-мартта Киевде “Азаттыктын” украин кызматы менен болгон маегинде айтканына караганда, 5-мартта келген кишилер күч колдонгон:

- Алар эшикти сындырууга аракет кылышты. Ошондон кийин мени сабап, үч тишимди сындырышты. Башка адамдардын жардамы менен эшикти жаап, балкондон качып чыгууга аргасыз болдум.

Гусейнли кол салуудан кийин Нидерланддын Киевдеги элчилигине барган. Украинадагы укук коргоочулар да, элчилик кызматкерлери да Гусейнлиге кол салуу боюнча полицияга кайрылууну сунуш кылган. Бирок ал мындан майнап чыгарына ишенбегендиктен кайрылган эмес:

- Полицияга да, сотко да - эч кимге ишенбейм. Украинада алты айдан бери документсиз, бечара абалда жашап жатам.

Гусейнлинин өзүнүн жана жактоочуларынын айтымында, Азербайжанга барса, ал журналисттик иши үчүн жалган айыптар менен түрмөгө камалышы ыктымал. Ал буга чейин журналист катары мунайга бай бул мамлекеттин бийлик башындагы адамдарынын коррупциялык иштери тууралуу жазып жүргөн.

Киевде журналисттин кармалышынын чоо-жайы

Азербайжан, орус жана англис тилинде кабар тараткан, баш кеңсеси Бакуда жайгашкан “Туран” маалымат агенттигинин Амстердамдагы бюросун башкарган Гусейнли Киевге агенттиктин кабарчылык бөлүмүн ачуу максатында былтыр 7-октябрда барган.

14-октябрда “Борисполь” аба майданынан Дюсселдорфко учаарда аны полиция "чек арадан мыйзамсыз өткөн", "алдамчылык кылган" деген Бакунун айыптары боюнча кармаган.

​27-октябрда Киев шаардык соту журналистти кепилдик менен бошотууга макулдук берип, бирок Азербайжанга экстрадициялоо маселеси каралып бүткөнгө чейин эки ай бою Украинадан чыкпасын деп чечим чыгарган. Андан бери украин соту тергөө мөөнөтүн эки жолу узарткан.

Учурда украин бийлигинин акыркы чечимин күткөн журналист Киевден чыгып кете албай жатат.

Азербайжанда кол салуу болгондон кийин ооруканада жаткан журналист Фикрет Гусейнли. Баку, 2006-жыл.
Азербайжанда кол салуу болгондон кийин ооруканада жаткан журналист Фикрет Гусейнли. Баку, 2006-жыл.

Өзүн саясий туткун деп эсептеген Гусейнли коопсуздук күчтөрү азыр да аңдып жүрөт деп эсептейт:

- Мени бирөөлөр азыр да аңдып жүрөт. Алардын айрымдары славян тектүү, айрымдары азербайжандарга түспөлдөш. Алар көчө уурулары эмес. Менимче Азербайжандын, Украинанын, балким Орусиянын коопсуздук кызматынын адамдары.

Сөз эркиндигин коргогон эл аралык уюмдар Киевди Баку бийлигинин четте жүргөн оппоненттеринин аңдуу иштерине аралашпай, Гусейнлинин документтерин колуна берип, ага Нидерландга кетүүгө уруксат берүүгө чакырып жатышат.

- Биз Украинанын жетекчилигин Фикрет Гусейнлинин документтерин дароо кайтарып, ага Украинадан кетүүгө жол берүүгө чакырабыз. Киев Азербайжан өкмөтүн сыртта жүрүп сындагандарды кодулоого катышпашы керек. Ошондой эле биз Украина полициясын 5-марттагы Гусейнлиге коюлган чабуулду тергеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырабыз, - дейт “Журналисттерди коргоо комитетинин” Европа жана Орто Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Нина Огнянова.
Нина Огнянова.

Украин бийлиги журналисттин тагдыры боюнча ачык пикирин айта элек.

Фикрет Гусейнли 13-мартта өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына: “Эгер мени өлтүрүшсө, уурдап кетишсе же Азербайжанга экстрадициялашса, бардык жоопкерчилик Украинанын жетекчилигинин мойнунда болот. Мени Азербайжанда узак мөөнөттөгү түрмө же өлүм күтүп турат” деп жазган.

2008-жылы өлкөсүнөн чыгып кеткен журналист Фикрет Гусейнли башында Нидерланддан баш паанек алып, кийин бул өлкө ага жарандык берген.

Украинада башка өлкөнүн өтүнүчү менен мындай окуя биринчи жолу болуп жаткан жок. Былтыр сентябрда Киев аба майданында Интерполдун издөөсүндө жүргөн өзбек журналистти кармалган. Интерполго мүчө болгон 192 мамлекеттин укук коргоо органдары дүйнөнүн кайсы жеринде жүргөн адам болбосун камакка алуу тууралуу өтүнүч жибере алат.

Өкүмзордукка жакын өлкөлөр адатта өз аймагынан чыгып кеткен диссиденттерди колго түшүрүш үчүн Интерполду пайдаланышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG