Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Украина британ прессасына каяша айтты


Украин футбол күйөрмандары тополоң салган учур. Донецк, 30-ноябрь, 2010-жыл.
Украин футбол күйөрмандары тополоң салган учур. Донецк, 30-ноябрь, 2010-жыл.

Украина британ маалымат каражаттарын айыптады. Европанын быйылкы футбол чемпионатын тосуп жаткан эки өлкөнүн бири – Украинанын расмий өкүлдөрүнүн пикиринде, Британиянын маалымат каражаттары бул маанилүү спорттук окуя алдында өлкөнүн беделине көлөкө түшүрүүдө.

28-майда Би-Би-Синин “Панорама” аттуу телеберүүсүндө сүйлөгөн учурунда, Англиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы ынды кара оюнчусу Сол Кэмпбэлл британ күйөрмандарына зордук-зомбулук жана ашынган улутчулдук көрүнүштөрүнөн улам быйыл Европанын футбол чемпионатынын оюндарына барбоону эскерткен.

Өңү буруулардын коопсуздугу

Польша менен Украинадагы футбол күйөрмандардын жосунсуз жоруктарын документтештирген программада алардын стадиондо Гитлердин тушундагы нацисттердин учурашуу жөрөлгөсүн туураганы, ынды кара оюнчуларды маймылча үн салып, шылдыңдагандары тартылган.

Бул видеотасмаларга комментарий берген мурдагы оюнчу Сол Кэмпбелл британ күйөрмандарын футболду үйүнөн эле көрүүгө үндөгөн:

Сол Кэмпбэлл
Сол Кэмпбэлл
- Мен буларга ишене албай турам, өзүмдү абдан жаман сезүүдөмүн. Үйдө калып, сыналгыдан гана көргүлө! Тобокелчиликке баруунун кажети жок, болбосо артка табытта кайтып калышыңыз мүмкүн.

Би-Би-Синин “Панорама” берүүсү обого чыгарган тасмада Харьков шаарындагы стадиондо азиялык студенттер тобун украин күйөрмандары токмоктоп жатканы тартылган. Харьков – “Евро-2012” өтө турган шаарлардын бири.

Би-Би-Синин программасынын таасири тийдиби, айтор, Англиянын азыркы курама командасындагы ынды кара эки оюнчунун үй-бүлөсү Украинага барбай тургандыктарын айтышты.

Украин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Олег Волошин Би-Би-Синин берүүсүнө жооп кылып, расизм жөнүндө айыптар ойдон чыгарылганын, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин расизм менен байланышкан проблемалары анын өлкөсүнүкүнөн алда канча көптүгүн белгиледи.

"Кооптонууга негиз жок"

Ал эми УЕФАнын “Евро-2012” боюнча Украинадагы директору Маркиян Лубкивский Киевдеги басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Эгер Кэмпбелл мырза ошондой көз-карашта болсо, бул - анын жеке пикири. Ал бүткүл өлкөнүн көз-карашын чагылдырбайт. Экинчи жагынан анын айткандары бизди урматтабагандык, биз мындай билдирүүнүн маанисин түшүнбөйбүз. Чынын айтканда, УЕФАнын пикиринде башка улуттагылардын Украинада туруусу үчүн кандайдыр бир коркунучтар көрүнбөйт. Биз баарын тосууга куштарбыз. Футболдун чоң майрамына камынуудабыз. Эч кандай коркунуч жок.

Би-Би-Синин берүүсүнө чемпионаттын конок ээлеринин экинчиси да жооп кайтарды. Польша бийликтеринин ишениминде, чет элдик күйөрмандар расисттик мүнөздөгү кол салууларга кабылабыз деп камтамага түшүүсүнө негиз жок.

Украина футбол боюнча чемпионатка камданууда
Украина футбол боюнча чемпионатка камданууда
Польшанын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Марцин Босацкинин айтымында, анын өлкөсүндө расизмдин көрүнүштөрү буга чейин чемпионат өткөн өлкөлөрдүкүнөн көп кездешпейт.

Футбол чемпионаттын тосуучу өлкөлөр үчүн башка көйгөйлөр да чыгууда. Маселен Украинанын балдар укугу боюнча акыйкатчысы Юрий Павленко чемпионат күндөрү балдар педофилдердин курмандыгы болуп калбашы үчүн алардын коопсуздугуна сак болууну эскертет:

- Президенттин көрсөтмөсү “Евро -2012” учурунда балдардын коопсуздугуна көңүл бурууга басым жасайт. Мектептерде 16 миңдей лагер уюштурулат. Ата-энелерге балдарын мелдеш өтүүчү шаарлардан алып чыгып кетүүгө кеңеш берилүүдө. Украина футболго эле кызыкпаган көп адамдар келерине даяр турушу керек.

Украинанын балдар акыйкатчысы кошумчалагандай, президент Янукович полицияга мелдеш учурунда балдарды коргоо боюнча кошумча чараларды көрүүгө буйрук берди.

“Евро-2012” 8-июнда башталып, 20 күнгө созулат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG