Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

"Чоң жети" Крымдын аннексиясын талкуулайт


Украина -- орус аскерлери Крымдын Симферополь шаарына жакын жердеги Перевальное базасына кирип баратышат. 21-март, 2014.
Украина -- орус аскерлери Крымдын Симферополь шаарына жакын жердеги Перевальное базасына кирип баратышат. 21-март, 2014.

“Чоң жетиге” кирген өлкөлөрдүн лидерлери Гаагада Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышынан кийинки кадамдарды талкуулаганы жатат. Крымда болсо орус аскерлери Украинанын улам бир базасын күч менен басып алууда.

Ядролук коопсуздукка арналган бийик жолугушууга 53 өлкөнүн делегациялары катышмакчы. Эксперттер атомдук куралдын террористтердин колуна өтүшүн алдын-алуу чараларын сөз кылышат. Негизги программадан тышкары АКШ, Германия, Британия, Канада, Франция, Япония жана Италиянын башын бириктирген “Чоң жети” тобунун лидерлери өзүнчө жолугушуп, Крымдын Орусия тарабынан аннексияланышынан кийинки чараларды талкуулашат деп күтүлүүдө.

Гаагага чейин президент Барак Обама Амстердамда Голландиянын премьер-министри Марк Рутте менен жолугушуп, АКШ жана Европа Украинанын өкмөтүн жана элин колдоодо бир пикирди карманышаарын билдирди.

Ошондой эле АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров саммиттен тышкаркы сүйлөшүүдө Украинадагы кризисти көзмө-көз талкуулашмакчы.

Кошмо Штаттары жана Европа Биримдиги Орусиянын бир катар аткаминерлерине каршы санкция киргизген. Алардын чет өлкөлөрдөгү банк эсептери убактылуу жабылып, “кара тизмеге” киргендерге виза бербөө чечими кабыл алынган. Германиянын финансы министри Волфганг Шойбленин айтымында, кризис мындан ары курчуй турган болсо биримдик экономикалык санкцияларды киргизүү жөнүндө макулдашты.

Жекшембиде НАТОнун башкы командачыларынын бири генерал Филип Бридлав Украина менен чек арага топтолгон орус куралдуу күчтөрү Молдованын Днестр боюндагы аймагына кооп жаратып жатканын билдирген.

АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Тони Блинкен CNN телеканалына берген интервьюсунда орус армиясынын аракеттери Киевдин батышчыл өкмөтүнө сес көрсөтүүнү көздөөдө деген божомолун айтып, Москва Украинанын чыгыш чөлкөмдөрүн басып алышы ыктымал деген оюн кошумчалады.

Украинанын утурумдук президенти Олександр Турчинов коргоо министрлигине Крымдагы бардык аскерлерди чыгарып кетүү буйругун берди. Анын айтымында, украин офицерлери менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрлөрүнө жана ден соолугуна орус аскерлери тарабынан коркунуч жаралып жатат.

Анын алдында орус жоокерлери кулак тундурган граната жана курал колдонуп Феодосиядагы деңиз базасын басып алышкан. Жарадар болгондор тууралуу маалымат түшкөн жок. Дем алыш күндөрү орус куралдуу күчтөрү украиндердин дагы эки базасына чабуул коюлуп, аларды кайтарып алышты. Жекшембиде Орусиянын коргоо министрлиги орус туусу Крымдагы 189 аскерий объектке орнотулганын билдирген.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Андрий Дешица Орусия менен согуш ыктымалдыгы жогорулап баратканын белгилеген.

Орусиянын коргоо министринин орун басары Анатолий Антонов болсо анын өлкөсү Украина менен чек арадагы аскерлердин санын чектеген эл аралык макулдашуунун алкагынан чыкпаганын ырастады.

Москванын Евробиримдиктеги элчиси Владимир Чижов жекшембиде Би-Би-Синин суроолоруна жооп берип жатып, Орусиянын экспансия ниети жок деп билдирди. Ал тапта президент Владимир Путин үстүбүздөгү жуманын ичинде Крымда өкмөттүк башкаруу органдарын түзүү буйругун берди. Бардык мекемелер, чалгындоо, күч структуралары 29-мартка чейин Орусиянны мыйзамдарына ылайктыштарылууга тийиш.

Дүйшөмбүдөн тарта Крымда украин гривнасы менен кошо орус рубли расмий жүгүртүлө баштады. Өткөн жуманын этегинде Путин Крымдын аннексиясы жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

XS
SM
MD
LG