Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жетектеген эл аралык байкоочулар шайлоо демократиянын стандарттарына дал келгенин белгилеп, саясий лидерлерди бийлик тапшыруу жараянын “тынч жана конструктивдүү” өткөрүүгө үндөштү.
ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар тобунун жетекчиси Жоао Соареш талапкерлердин бири бирин айыптаган билдирүүлөрү жана президент Ющенконун экинчи айлампага 3 күн калганда жаңы мыйзамга кол коюшу шайлоо кампаниясына терс таасир тийгизгенин белгиледи.
Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын байкоочусу Матиас Эорсинин айтымында, “саргылжын ыңкылап” Украинада демократиялык шайлоого өбөлгө түздү:
- Украина алкышка татыйт. Шайлоо комиссияларынын расмий өкүлдөрү, миллиондогон добуш берүүчүлөр 17 градустук суукка карабай, демократия жолун жактаганын көргөзүштү.
Тимошенко утулганын азырынча моюнга ала элек. Ал дүйшөмбүнүн кечинде пресс-конференция өткөрмөк болуп, бирок кийин аны башка күнгө калтырды.
Айрым байкоочулар премьер-министр шайлоонун жыйынтыгын сотто талашышы мүмкүн дешүүдө. Экинчи айлампанын алдында ал Янукович санактарды бурмалаганга даярданууда, андай болсо, элди көчөлөргө алып чыгууга чейин бараарын эскерткен. Бирок 2004-жылкы “саргылжын революциясынын” кайталанышынан күмөн санагандар көп.
Тимошенко утулган күнү да, өкмөт башында кала бермекчи. Көпчүлүк Янукович Тимошенкону премьерликтен кетирүү үчүн май айында эрте парламенттик шайлоо өткөрүп, өз партиясынын жеңиши үчүн аракет көрөт деп болжолдошот.
Бир катар байкоочулар Януковичтин жеңишин Россиянын ийгилиги катары сыпатташууда. Башкалары болсо жаңы президент Москва үчүн оңой-олтоң шерик болбойт деп ырасташат.
Добуш берүү болгон күнү кечинде Россиянын Киевдеги элчиси Михаил Зурабов эки талапкердин тең шайлоо штабдарында болду.
- Кимиси жеңсе да, орус жетекчилиги жаңы президент менен активдүү иштешет. Менин элчи катары бул жерге эки айлампанын ортосунда жиберилишим анын далили.
Зурабов элчи болуп былтыр августта дайындалган. Бирок бир нече күндөн кийин орус президенти Дмитрий Медведев украин мамлекет башчысы Виктор Ющенкого ачык кат жолдоп, аны антироссиячыл саясат жүргүзүп жатат деп айыптаган жана Киевге элчини жиберүүнү кечеңдетүү тууралуу жарыялаган. 17-январда Украинада президенттик шайлоонун биринчи айлампасы болуп, Ющенко жарыштан чыгып калгандан кийин Москва Киевге элчисин жөнөттү.
Борбордук шайлоо комиссиясы экинчи айлампада элдин катышуусу дээрлик 69 процент болгонун, “бардыгына каршы” добуш бергендердин саны 4 проценттен ашканын маалымдады.
"Азаттыктын" архивинен: Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
2004-жылы Украинадагы “саргылтым ыңкылап” В.Ющенкону президенттик такка алып келген. Бийлик үчүн кармаш анын оң колу эсептелген Ю.Тимошенкону элдешкис каршылашына айлантты. Назарыңыздарда режиссер Дамиан Колодийдин даректүү тасмасынан үзүндү. ZMa