Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:41

Украина: тилден чыккан тиреш


Демонстранттар менен коопсуздук кызматкерлеринин кагылышы, Киев, 4-июль, 2012
Демонстранттар менен коопсуздук кызматкерлеринин кагылышы, Киев, 4-июль, 2012

Украинада бүгүн оппозициянын өкүлдөрү милиция менен кагылыша кетип, эки тараптан тең жаракат алгандар болду. Орус тилинин статусун арттыра турган мыйзам долбоорун кечээ парламент жактыргандан кийин оппозиция көчөдө түнү менен жыйын өткөргөн.

Бүгүнкү кагылышта 2000ге жакын демонстрант милицияга карай суу толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытып жатты. Эки тараптан тең бири-бирине көздөн жаш чыгарчу газ да атылды.

Оппозициянын лидери, парламенттин мурдагы спикери Арсений Яценюк өздөрүнүн талабын мындайча түшүндүрөт.

"Украинанын эли президент Виктор Януковичтин диктатурасына каршылык көрсөтүп жатат. Ал өзү каалагандай башкара ала турган парламентке ээ, муну парламент деп атаган да болбойт, ал Янукович башчылык кылган акционердик коомго эле окшош, - дейт саясатчы. - Ал өлкөнү өзүнүн жеке мүлкү деп ойлойт, бирок биз билебиз, Украина - бул украин элиники. Демек биз өзүбүздүн өлкөбүздү, Конституциябызды жана тилибизди коргойбуз".

Талаштуу бул мыйзам долбоору эгер күчүнө кирсе, орус тилин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында бизнесте да, билим берүүдө да, иш кагаздарында да украин тили менен катар бирдей колдонууга уруксат берет.

4-июлда милиция менен кагылыш боло электе Жогорку Раданын төрагасы Владимир Литвин мыйзам долбоорун парламент жактыргандан кийин кызматтан кетээрин жарыялаган. Ушундай эле билдирүүнү ал күнү спикердин орун басары Николай Томенко да жасады.

Мыйзам долбоор 3-июлда президент Виктор Януковичтин Региондор партиясы басымдуулук кылган парламентте экинчи жана акыркы окууда кабыл алынган.

Анын эртеси Киевдин борборундагы кагылыш “Украина үйү” деп аталган имараттын жанында болду. Анткени президент Янукович дал ушул жерде Евро-2012 чемпионатын өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат бермек.

Кийинчерээк президент маалымат жыйынын өткөрбөй турганы маалым болду. Анын ордуна мамлекет башчысы парламенттин спикеринин кызматтан кетишин жана тил мыйзамынын айынан чыккан кризисти талкуулаш үчүн Жогорку Рададагы фракция жетекчилерин чакырды.

Тил саясаты 45 млн. калктуу постсоветтик бул республикада дайыма эле талылуу маселелерден болуп келген. Анткени жумуриятта жалгыз украин тили гана мамлекеттик деген статуска ээ болгону менен, орус тилин өзүнүн эне тили деп билген жарандардын саны көп.

Жаңы мыйзам долбоорун колдогондор "эгер ал күчүнө кирсе, мамлекеттеги орус тилдүү калктын жашоо бир топ жеңилдемек, балдарыбыз да эне тилибизде билим ала алышмак” дешет.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG