Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:34

Порошенко: Чек ара жабылмайынча тынчтык орнобойт


Донецк аэропортунун жанындагы Киевски району. 7-октябрь, 2014-жыл.
Донецк аэропортунун жанындагы Киевски району. 7-октябрь, 2014-жыл.

Украинанын чыгышында ок атышууну токтотуу макулдашуусуна карабай уруш уланууда. Президент Петро Порошенко өкмөттүк күчтөр Орусия менен чек арага көзөмөлдү орнотмоюнча Донбасс аймагында тынчтык болушу мүмкүн эместигин айтып чыкты.

Президент Петро Порошенко Донбасс аймагында, Орусия менен чек арага украин аскерлери көзөмөлдү кайра орнотмоюнча тынчтык болушу мүмкүн эместиги тууралуу АКШ Мамлекеттик катчысынын жардамчысы Виктория Нуланд менен Киевде жолугуп жатып билдирди:

- Биздин оюбузча чек аралар жабылмайынча, чек арага көзөмөл орнотмоюнча жаңжалды токтотуу мүмкүн эмес. Суверендүү чек ара - суверендүү өлкөнүн башкы элементи.

Порошенко учурдагы кырдаалды өзгөртүү үчүн бир нерсе жасалбаса, Чыгыш Украинанын орусиячыл жикчилдер көзмөлүндөгү аймактары алдыдагы кышта гуманитардык катастрофага кабылышы мүмкүндүгүн да эскертти.

Петро Порошенко менен Виктория Нуланддын сүйлөшүүлөрү. Киев, 6-октябрь, 2014-жыл.
Петро Порошенко менен Виктория Нуланддын сүйлөшүүлөрү. Киев, 6-октябрь, 2014-жыл.

Анткени, украин президенти белгилегендей, ал аймактарда газ, электр кубаты, азык-түлүк менен жабдууну калыбына келтирүү керек.

Порошенконун сунушунан кийин шейшембиде украин парламенти Луганск облусунун төрт районунун чек араларын өзгөрттү. Президенттин басма сөз кызматынын түшүндүрмөсүнө караганда, мындай кадам башкарууну жакшыртууну жана аймакта тартип орнотууну көздөйт.

Украинанын өкмөттүк күчтөрү менен орусиячыл жикчилдер ортосунда бир айдан ашуун мурда жетишилген макулдашуу кайра-кайра бузулуп жатканына дүйшөмбү күнү НАТОнун баш катчысы да олуттуу тынчсыздануусун билдирген.

Йенс Столтенберг Польшадагы сапары учурунда сүйлөп жатып:

- Биз Украинадагы кырдаалга абдан тынчызданып турабыз. Ок атышууну токтотуу келишимин кубаттаганбыз жана муну мүмкүнчүлүк катары карайбыз. Ошол эле учурда ок атышууну токтотуу режими утур-утур бузулуп жатканын көрүүдөбүз, бул биздин тынчыздануубузга негиз берүүдө. Мен украин өкмөтү ок атышууну токтотуу келишими сакталышына гана эмес, саясий жараянга да салымын кошуу үчүн көп нерсе жасоодо деп эсептейм.

Столтенберг Варшавадагы сапары учурунда Орусия ок атышууну токтотуусу үчүн жикчилдерге басым жасоосу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Макулдашуу өзгөчө Донецк аэропортунун айланасында сакталбай жатканын кечээ Орусиянын Коопсуздук кеңеши да белгилеген.

Донецк өзү жикчилдердин көзөмөлүндө турганы менен шаардагы эл аралык аэропорт башынан бери эле украин аскерлеринин колунда. Жикчилдер аэропортту алыш үчүн кийинки күндөрү кайра-кайра чабуул жасашып, бирок аракеттеринен майнап чыкпай келет.

Акыркы күндөрү негизги уруштар Донецк аэропорту үчүн жүрүүдө. 2-октябрда тартылган сүрөт.
Акыркы күндөрү негизги уруштар Донецк аэропорту үчүн жүрүүдө. 2-октябрда тартылган сүрөт.

Жикчилдер колундагы Донецк менен Лугансктын бийликтеринин ырастоосунда, акыркы бир күндөгү уруштардан беш жай тургундун өмүрү кыйылды.

Ал эми украин армиясы акыркы 24 саатта өлкө чыгышында беш жоокерин жоготуп, 28си жаракат алган.

Муну менен быйыл апрелден тарта орусиячыл жикчилдер менен кагылышуулар башталгандан бери каза тапкан украин аскерлеринин саны расмий эсепте 956га жетти.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG