Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Украинада эл аралык аскерий машыгуу өтүүдө


Украиналык аскерлер
Украиналык аскерлер

15-сентябрда Украинанын батышында ири масштабдуу аскерий машыгуулар башталды. Ага 15 өлкөдөн 1300 дөй аскер катышууда. Арасында НАТОнун курамындагы өлкөлөрдүн жоокерлери бар. Пентагондун билдиришинче, бул машыгуулар Украинадагы кризиске чейин эле планданган.

26-сентябрда жыйынтыктала турган машыгуу Польша менен чек аралаш Яворов аймагында башталды. Пентагондун маалыматы боюнча, бул АКШ, Украина, Канададан Испания, Латвияга чейинки аралыктагы өлкөлөрдүн аскерий кызматташуусун бекемдөөгө багытталган иш чара.

Машыгууларга Американын 200 дөй аскери, НАТОго мүчө бир нече өлкөнүн жана уюмдун "Тынчтык үчүн өнөктөштүк" программасына кирген Чыгыш Европа мамлекеттеринин жоокерлери катышууда.

Өткөн жекшембиде Украинанын коргоо министри Валерий Гелетей НАТО Киевге курал-жабдык жеткире баштаганын билдирген. Ал кандай курал жана кайсы өлкөлөрдөн экенин чечмелеп айткан жок.

НАТО украин бийлигинин мындай билдирүүсүн четке какты. Уюмдун өкүлдөрү билдиргендей, альянстын Киевге курал-жабдык жеткирүү планы жок, ошол эле маалда ар бир өлкө бардык иш аракетин эки тараптуу кызматташуунун алкагында жүргүзө алат.

Ал арада 5-сентябрда Минскте кол коюлган ок атышууну токтотуу тууралуу эки тараптуу келишим аткарылбай, Украинанын чыгышында, өзгөчө Донецк шаарында жана анын айланасында кагылышуулар дагы эле уланып жатканы кабарланууда.

Жекшемби күнү Донецкте бир нече жолу артиллериялык жана минометтук атышуулар болду. Шаар администрациясы билдиргендей, эки күндүн ичинде алты киши өлүп, он беш адам жарадар болду.

Донецктеги козголоңчулардын лидери Александр Захарченко 15-сентябрда жасаган билдирүүсүндө тынчтык келишмин сактабай жаткандыгы үчүн өкмөттүк күчтөрдү айыптап, Киев менен мындан ары сүйлөшүүлөрдү улантуунун кажети жоктой деп билдирди.

Ошол эле маалда Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко жекшемби күнкү атышууда украин армиясынын аскерлери да набыт кеткенин айтып, алардын санын тактаган жок. Ал азыркыга дейре жетимиш үч жоокер козголоңчулардын туткундарына айырбашталып, аман-эсен куткарылганын кошумчалады.

Атышууларга аймакта байкоо салып жүргөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү да кабылганын миссиянын башчысы Александр Хуг билдирди:

- Кировское шаарынын түндүк тарабында аткылоого туш болуп, үч жарым сааттай машинелерибизден чыкпай отурдук. Санасак, минометтон кыркка чукул ирет ок жаадырылды. Машинелерибиздин бири аябай талкаланды. Биз машинеде камалып отурууга аргасыз болдук жана Кировское аркылуу Н21 кан жолу аркылуу артка тартып, аман эсен кайтып келдик.

НАТО ушул күнгө чейин Украинанын аймагында орус армиясынын миңдей аскери бар экенин, ал эми чек аранын орус тарабында жыйырма миңдей аскер жыйналып турганын билдирип келет. Ал эми Кремль Украинадагы жаңжалга эч тиешеси жок экенин айтып, Украинада ыктыярчылар гана согушуп жүргөнүн маалымдап келет.

EККУнун Украинадагы атайын миссиясынын башчысы Александр Хуг: "Жаңжал Украинанын чыгыш бөлүктөрүн бүт бойдон каптаган жок. Уруш жаңжалдашкан эки тараптын ар кайсы жерлердеги чачыранды бөлүктөрү ортосунда жүрүүдө", - деп билдирди.

Сентябрдын башында НАТОнун Уэльсте өткөн жыйынында кандай гана жаңжал башталбасын, ага катышканга эки күндө даяр боло турган ыкчам аракеттенчү атайын күч түзүмдөрү түзүлөрү жарыяланган.

Түндүк Атлантикалык альянстын курамындагы Чыгыш Европа өлкөлөрү - украин кризисине байланыштуу Орусия тараптан ыктымал кол салуу коркунучу бар экенин айтып, өз кооптонууларын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG