Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

Украина: оппозиция күрөшүн улантат


Киевдеги демонстрация, 12-ноябрь, 2012
Киевдеги демонстрация, 12-ноябрь, 2012

Украинада оппозиция президент Виктор Януковичке каршы күрөшүн уланта берүүгө касам ичти. Алар түрмөдө жаткан лидери Юлия Тимошенкону боштондукка чыгаруу үчүн да иштей тургандыгын айтышты.

Тимошенко азыркы президент Януковичке эки жыл мурдагы шайлоодо утулуп калган.

Анын азаттыкка чыгышын талап кылган оппозициянын лидерлери дүйшөмбүдө Киевдеги Борбордук шайлоо комиссиясынын маңдайына миңдей адамды топтошту. Тимошенко жоктугунан Бириккен оппозицияны башкарып турган Арсений Яценюк мындагы элге кайрылып, президент Виктор Януковичтин, премьер-министр Микола Азаровдун жана өкмөттөгү башка мүчөлөрдүн кызматтан кетишин талап кылышарын айтты.

"Биз президенттин, премьер-министрдин жана башкы прокурордун отставкасын каалайбыз, - деген Яценюк, - Бул – биздин саясий талап, ушул үчүн күрөшөбүз. Булар баары – бандиттер", - деди.

Тимошенкого чакырык

Демонстрация Украинада БШК 28-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын чыгаргандын эртеси болду. Ал расмий жыйынтыкка ылайык, Януковичтин бийликтеги партиясы 450 орундуу парламенттен – Верховна Рададан – дагы эле көпчүлүк орунду ээлей берет.

Харьковдогу түрмөнүн ооруканасында жаткан Тимошенко болсо шайлоону “президент менен Региондор партиясынын көз боемочулугу” деп атап ачкачылык жарыялаган.

Тимошенко өкмөттү башкарып турганда өлкөгө зыян келишимдерге кол койгон деп айыпталып, мындан бир жыл мурда камакка алынган. Аны жети жылга кесишкен эле. Азыр эми ага каршы жаңы сот иши башталганы турат. Бул ирет Тимошенкону “салык төлөөдөн качкан жана акча уурдаган” деп айыпташууда.

Яценюк демонстрацияга келген элге кайрылып, алар Тимошенкону түрмөдөн чыгарыш үчүн да күрөшөөрүн, азырынча аны ачкачылыктан баш тартууга чакырарын билдирди.

"Юлия, ачкачылыгыңды токтот! Алар гана сенин ачка болушуңду каалашат. Бизге болсо сенин күч-кубаттуу, кайраттуу, дениң соо болгону керек, - деди ал. - Бизде алдыда үлкөн жетишкендиктер болот жана аларга сени менен биргеликте гана жете алабыз. Мен баарыбыз бирге Юлияны ачкачылыктан баш тартууга чакыралы, анын эркиндикке чыгарылышын талап кылалы демекчимин. Бул - биздин бирге аракет көрчү планыбыз. Тимошенкого, мурдагы ички иштер министри Юрий Луценкого эркиндик! Украинага, Юлияга эркиндик!".

Оппозиция "биримдиги"

Шайлоодо парламентке өткөн улутчул “Эркиндик” партиясынын лидери Олех Тягнибок оппозициянын биримдигине токтолду.

"Үч саясий партия бир күчкө биригүү жөнүндө келиштик. Эмне болоорун алдын ала айта албайм, бирок Украинанын оппозициялык күчтөрү Украин жеңиши, жаңы Украина жана жаңы өкмөттү куруш үчүн, азыркыдай жалганчылар, көз боемочулар жана жүз кара саткындар эмес, чыныгы Украина башкара турган келечек үчүн күрөшүн баштады!", - деди саясатчы.

Тягнибок айткан ал оппозициялык күчтөргө азыр Тимошенконун “Батькивщина” (Ата-Мекен), Тягнибоктун “Эркиндик”, боксер Виталий Кличконун “УДАР” партиялары кирет. Бирок аналитиктер Кличко менен Тягнибоктун мамилесиндеги араздашуулар “оппозициянын бириккени” чын экенинен шек жаратат дешет.

Мурдараак Евробиримдик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу кечиккенине жана добуш берүүдөгү айрым башка мыйзам бузууларга тынчсыздануусун билдирген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG