Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Порошенко: Орусия менен согуш коркунучу күчөдү


Петро Порошенко
Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко Орусия менен согуш коркунучу мурдагыдан да күчөгөнүн, Москва Украина чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминин бир да шартын аткарбай жатканын айтып чыкты.

Украинанын президенти Петро Порошенко Германиянын “Билд” гезитине 3-февралда жарыялаган маегинде азыр Орусия Украина ортосунда ачык согуш чыгып кетүү коркунучу бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дагы күчөгөнүн айткан.

Анын белгилешинче, Орусия Украинанын чыгышындагы куралдуу жаңжалды жөнгө салууну караган Минск тынчтык келишиминин бир да шартын аткарган жок.

“Анын ордуна биз украин аймагынан орусиялык 8000 аскерди жана командирлерди, түздөн түз чек ара боюна жайгаштырылган жаңы аскерий жайларды жана туруктуу аскерий машыгууларды көрүп жатабыз. Орусия согушка даярданууга көп инвестиция жасоодо”,- деген президент Порошенко аталган басылмадагы маегинде.

Мунун алдында, 1-февралда украин президенти Берлинде Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуп, Минск келишимине кол коюлгандан берки бир жыл ичиндеги кырдаалды талкуулашкан.

Донецк, Украина
Донецк, Украина

Порошенко анда Донбасста ок атышуу токтобой жатканын айткан:

- Минск келишимине кол коюлгандан бери бир жарым жылдай болду. Тилекке каршы, Донбасста биз коопсуздук маселесинде дагы деле олуттуу проблемаларга тушугуп жатабыз. Бул өтө кооптуу. Орусиячыл жикчилдер ок атууну токтотуу эрежесин сактаган жок. Өткөн ноябрдын ортосунан тарта алар мындай аракетин кайра күчөттү. Быйыл январда эле 1200 ок атуу болгонун каттадык, бул күнүнө болжол менен 40 жолудай ок атуу болот дегендик.

Петро Порошенко андан ары туткундарды бошотуу боюнча милдеттенме да аткарылбай жатканына токтолгон:

- Орусия колдогон жикчилдер колго түшкөндөрдү бошотуу боюнча так милдеттенме алганына карабай, украин аскерлерин жана жайкын адамдарды туткунда кармоону улантууда. Азыр алар кеминде 140 адамды жер төлөдө, жашоого таптакыр шарты жок жайларда кармап турат. Арасында украин аскерлери, журналисттер, ыктыярчылар бар. Акыркы бир канча күндө эле алар украин ыктыярчыларын эч кандай айыптоосуз эле абакка камап коюшту. Туткундардын айрымдары оор жараат алган, бирок ага карабай аларды же үйүнө кетирбей, же дарылануусуна жол бербей жатышат.

Канцлер Ангела Меркел бул жолугушуудан соң Германия Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу жараянында Украинаны колдоого даяр экенин айткан.

- Украин президенти Петро Порошенко Минск келишимин жактарын ырастоодо. Бул келишим Украина чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу жараянынын негизин түзөт. Биз бул ишти улантууга даярбыз. Германия менен Франция бул жараянда Украинага жардам берүүгө даяр.

Гуманитардык жардамды алуу үчүн кезекке тургандар. Дебальцево, Украина
Гуманитардык жардамды алуу үчүн кезекке тургандар. Дебальцево, Украина

Меркел анда Украина чыгышында коопсуздук боюнча абал жакшырууга тийиштигин билдирип, аны менен катар учурда Орусияга каршы экономикалык санкцияларды алууга негиз көрбөй жатканын айткан. Былтыр декабрда Европа Биримдиги ал санкцияларды 31-июлга чейин узарткан.

Порошенко менен жолугушкан соң Меркел орус президенти менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Владимир Путинди Украина чыгышындагы кризисти саясий жол менен чечүүгө багытталган жараяндын коопсуздугун камсыздоо үчүн жикчилдерге Москванын таасирин колдонууга үндөдү. Немис канцлеринин администрациясынан кабарлашкандай, бул сүйлөшүү Путиндин өтүнүчү менен болгон.

Ал арада Украинанын Антитеррордук операциялар боюнча штабы 3-февралда жикчилдер ок атышууну токтотуу шартын өткөн бир сутка ичинде эле 55 жолу бузганын, өкмөттүк күчтөргө карай ок атууда минометтор да колдонулганын жарыялады.

Украина чыгышында тынчтык орнотуу боюнча Минск келишимине 2014-жылдын сентябрында кол коюлган. Ок атышууну токтотуу жана майдан тилкесинен оор куралдарды алып кетүү украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилер кол койгон келишимдин башкы шарттары эле.

Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен Киев Украина чыгышындагы айрым аймактарды ээлеп алган жикчилдерди Орусия курал-жарак жана башка жагынан колдоп жатканын айтса, Москва бул айыптоолорду четке кагып, жикчилдерди колдобой турганын билдирип келет.

Соңку маалыматтарга караганда, Украина чыгышында орусиячыл жикчилдер менен уруш башталган 2014-жылдын апрелинен бери 9100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG