Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Украина: Донбасстагы уруштун убайымы


Киев менен жикчилдер майрам күндөрү ок атууну токтотууну макулдашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

Киев менен жикчилдер майрам күндөрү ок атууну токтотууну макулдашты

Украина өлкө чыгышы Донбасстагы орусиячыл жикчилер менен Рождество жана Жаңы жыл майрамдары учурунда ок атышууну токтото туруу боюнча макулдашууга жетишти.

Мындай келишимге Украина чыгышындагы абалды жөнгөрүү боюнча үч тараптуу байланыш тобунун быйылкы жылдагы акыркы жыйынында кол коюлду. Сүйлөшүүдөгү украин тобунун маалымат катчысы Дарья Олифер Минскиде өткөн бул соңку жолугушууда тараптар алдыдагы майрам күндөрү ок атышууну толук тоткото туурууну макулдашканын, ал 23-декабрга караган түнкү саат 12ден тарта күчүнө киргенин билдирди.

“Бул демилге биринчи кезекте Донбасстагы жайкын элдин Рождество жана Жаңы жыл майрамдарын тынч өткөрүп алуусу үчүн зарыл”, - деди сүйлөшүүдөгү украин тобунун маалымат катчысы. Бул топту Украинанын мурдагы президенти Леонид Кучма жетектейт.

Мындай келишим болгонун үч тараптуу байланыш тобундагы ЕККУ өкүлү Мартин Сайдик да ырастады. Ал ошондой эле журналисттерге Донбасста тынчтык орношун тилек кылган каалоолор менен кооздолгон балатыны да көрсөттү.

"Биз Украина чыгышындагы эл Жаңы жыл жана Рождество майрамдарын тынчтыкта тосуп алып, бул абал андан ары да сакталып калат деген үмүттөбүз", - деди ЕККУ өкүлү Сайдик.

ЕККУ элчиси үч тараптуу топ Украина чыгышындагы кооптуу жагдайга тынчсызданган бойдон турганын, топ жаңы 2016-жылы да ушул эле форматта ишин улантып, алгачкы жолугушууну 13-январга белгилеп жатканын кошумчалады.

Анын сөзүнө караганда, тараптар бирок бул жолугушууда дагы бир башкы маселе - туткундарды бошотуу боюнча тил табыша алган жок. Киевдин маалыматына караганда, Донецк менен Луганскты ээлеп алган жикчилер украиналык 140 адамды туткунда кармоодо. Алардын арасында оор жаракат алгандар да бар. Бул тууралуу украин президентинин Донбасстагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ирина Герашенко Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Расмий Киевдин өкүлдөрү менен жикчилер ошондой эле өз аскерлери менен танктарын согуш тилкесинен 500 чакырым аралыкта кармоо боюнча да макулдашты.

Укриана менен Орусиядагы православ христиандары Рождество майрамын 7-январда белгилейт.

Ок атышууну токтотуу жана майдан тилкесинен оор куралдарды алып кетүү украин өкмөтү менен орусиячыл жикчилдер 15-февралда Минскиде кол койгон келишимдин башкы шарттары эле. Бирок ал аткарылбай, ок атышпоо келишими бир канча жолу бузулганы айтылып келет.

Украин президенти Петро Порошенко 17-декабрда Брюсселде НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйынында буларды айткан эле:

Биз Украина чыгышы – Донбассттагы кырдаалга Орусиянын аскерий жактан кийлигишүүсүнө каршы аракеттер боюнча пикир алыштык. Мен баш катчы, мырза Йенс Столтенбергге Украина чыгышындагы оккупациялык күчтөрдүн саны жана орус президенти Путин Украинанын оккупацияланган чыгыш аймагында орус аскерлери бар экенин биринчи жолу коомчулук алдында мойнуна алганы тууралуу айттым.

2013-жылдын аягы менен 2014-жылдын башында Украинада бийлик алмашууга алып келген окуялардан кийин өлкө чыгышынданы Донецк жана Луганск облустарын орусиячыл жикчилер ээлеп алып, өз алдынча республикаларды жарыялап алышкан. Улуттар Уюмунун соңку маалыматына караганда, 2014-жылдын апрель айынан бери аталган аймакта украиналык өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын кагылушууларынан тогуз миңден ашуун адам ажал тапты. Алардын басымдуусу жайкын тургундар.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG