Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Донбасс лидерлери Киевдин ачуусун келтирди


Украин президенти Петро Порошенко
Украин президенти Петро Порошенко

Украин президенти Петро Порошенко шаршемби күнү кечинде Крымды аннексиялоого жана Донбастагы агрессияга жооптуулар боюнча санкцияларды кеңейтүү тууралуу жарлыкка кол койду.

Ага жүздөн ашык юридикалык компания, 400гө жакын адам киргизилген. Алардын арасында орусиялык гана эмес, башка мамлекеттердин жарандары, атүгүл батыш журналисттери, Би-Би-Синин үч кызматкери да бар.

Бул чара донбасстык жикчилдердин лидерлери жергиликтүү шайлоону Украинадагыдай 25-октябрда эмес, 18-октябрда өткөрүү тууралуу жарлык чыгарганы үчүн киргизилди.

"Донецк элдик республикасынын” өкүлү Денис Пушилиндин 16-сентябрда айтканына караганда, алар Донецкте 18-октябрда, ал эми Луганскта 1-ноябрда шайлоо өткөрүүгө белсенүүдө.

- Биз бул нерсени түздөн-түз Минск келишимин бир тараптуу "Донецк элдик республикасынын" аткаруусу деп атап жатабыз. Киев бийликтери тарабынан биздин аймактарда шайлоо өтөрүү боюнча так күнү жана убактысы белгиленген, ошондой эле мыйзам долбоору да макулдашылган. Бирок бул нерсе жасалган жок. Ошондуктан биз 18-октябрда жана 1-ноябрда шайлоо өткөргөнү турабыз.

Украин бийликтеринин ишениминде, бул аймакта өз алдынча шайлоо өткөрүү Минск келишимин бузат. Жалпы Украинада жергиликтүү шайлоолор 25-октябрга белгиленген.

Киргизилген санкциялардын масштабы көз карандысыздык жарыялап алган "Донецк жана Луганск элдик республикаларынын” өз алдынча шайлоо өткөрүү ниетинен кийин аларды кайра Украинанын бирдиктүү курамына киргизүү ишке ашпасын Киев эми биротоло түшүнгөнүн каңкуулап тургандай.

Санкциялык тизмеге жалпысы 388 адам киргизилген. Булар Орусиянын, Украинанын, Донбасстагы өздөрүн “көз карандысыз деп жарыялап алган республикалардын”, бир катар Европа мамлекеттеринин жана Израилдин жарандары. Маселен, Орусиянын расмий адамдарынан тизмеде коргоо министри Сергей Шойгу, генштабдын башчысы Валерий Герасимов, аскер аба десантынын командири Владимир Шаманов, Мамдуманын төрагасы Сергей Нарышкин, Конституциялык соттун төрагасы Валерий Зорькин бар. Ошондой эле Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровду, Орусиянын балдар омбудсмени Павел Астаховду жана Мамдуманын бир катар депутаттарын тизмеден көрсө болот. Орусия илимдер академиясынын президенти Сергей Глазьев, ырчы Иосиф Кобзон, академик Виктор Пивоваров жана актриса Валентина Теличкина да аталган тизмеге киргизилген.

Булардан тышкары жаңы санкцияга 105 юридикалык мекеме кошулган. Алардын катарында орусиялык “Трансаэро”, “Аэрофлот” жана башка авиокомпаниялар, “Алмаз-Антей”, “Орусия тик учактары” аскердик ишканалары, “Орусия”, “Москва банкы”, “АК БАРС”, СМП банктары бар.

Украин президенти Петро Порошенко жаңы санкцияларды Донбасстагы жикчилдердин шайлоо өткөрүү демилгесине каршы жооп чара катары сыпаттады. Бул тууралуу ал 16-сентябрда Киевде чет элдик дипломаттар менен жолугушкан кезде айтты.

- “Өздөрүн Элдик республика" деп атап алган Донецк жана Лугансктын лидерлери Орусия Федерациясы менен макулдашып, мыйзамсыз шайлоо өткөрүүнү чечти. Бул Минск келишимине каршы келет.

Жаңы санкциялык чектөөлөр тизмесине орусиялык жана чет элдик журналисттер да киргизилген. Маселен, тизмеде НТВ, “Биринчи канал”, РТР-Планета, “Орусия-24”, Касперский лабораториясы бар.

Ага “Россия сегодня” маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев баштаган бир катар орусиялык журналисттер, ошондой эле Би-Би-Синин үч кызматкери да кабылган.

Би-Би-Синин эл аралык жаңылыктар бөлүмүнүн редактору Эндрю Рой бул чечимди “сөз эркиндигине карата шерменде кол салуу” деп атады. Анын оюнча, “Украинадагы окуяларды бейтарап жана калыс чагылдырып келген Би-Би-Синин кабарчыларына карата киргизилген бул чара орунсуз жана түшүнүксүз”. Эндрю Рой украин бийликтерин Би-Би-Синин кабарчыларын аталган тизмеден чыгарууга үндөдү.

Ушундай эле сындаган билдирүү менен Журналисттердин укугун коргоо комитети да чыкты. Анын Европа жана Орто Азия өлкөлөрү боюнча координатору Нина Огнянованын айтымында, маалымат каражаттарына карата санкцияларды колдонуу “Украинанын өз кызыкчылыгына каршы келет” деп айтылат.

Ушул билдирүүлөр таасир эттиби, бүгүн кайра президент Порошенко Улуттук коргонуу жана коопсуздук кеңешине Би-Би-Синин журналисттерин аталган тизмеден алууну тапшырды.

Санкциялык чектөөлөр киргизилгендердин катарында Испаниянын эки журналистти - Антонио Памплиега менен Анхель Састре да бар. Бирок бул эки журналист июль айында Сирияда дайынсыз жоголуп, ошондон бери эмне болгону белгисиз.

Тизмеге өлгөндөр да кирип калганы белгилүү болду. Атап айтканда, жикчилдердин мурдагы командирлеринин бири Алексей Мозговойду тапса болот. Ал быйыл Донсбасста өз машинасы жарылганда набыт кеткен.

Ошондой эле тизеде “Эдуард Эльдаров” деген латвиялык журналист бар. Бирок ал көп жылдан бери Ригадагы орус тилдүү гезитте иштеген журналисттин псевдоними экенин “Российская газета” басылмасы жазып чыкты.

Порошенконун жарлыгына ылайык, жогорудагы адамдар менен ишканалардын активдери тоңдурулуп, аларга тиешелүү мүлктөрүн колдонууга, чыгарып кетүүгө тыюу салынат жана визалык чектөөлөр киргизилет. Авиакомпаниялардын болсо Украинанын аймагында учуусуна толук же жарым жартылай тыюу салынат.

Ал эми Украина жарыялаган жаңы санкциянын мүмкүн болчу кесепеттерин Москва изилдемекчи. Бул жөнүндө вице-премьер-министр Аркадий Дворкович 17-сентябрда “РИА Новости” агенттигине билдирди.

XS
SM
MD
LG