Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:11

Киев кайра толкуду


Киевдеги демонстрация, 1-декабрь, 2013.
Киевдеги демонстрация, 1-декабрь, 2013.

Украинанын баш калаасында жекшембиде он миңдеген демонстранттар кайрадан көчөгө чыгып, президент Януковичтин кызматтан кетишин талап кылды.

Жекшембиде Киевде 100 миңдей киши катышкан нааразылык акциясы өтүп, демонстранттар эрте шайлоо өткөрүүнү жана президент Виктор Януковичтин кызматтан кетүүсүн талап кылышты.


Киевдеги ири митинг
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:23 0:00


Андан кийин Президенттик администрация турган имараттын алдында кагылышуулар болгону кабарланды. Бул жерге топтолгон митингчилер тарабынан курчап турган милиция кызматкерлерин көздөй таш атылып жатканы, беткапчан кишилердин тобу тракторду колдонуу менен курчоону бузуп, имаратка кирүүгө аракет жасаганы айтылды. Көздөн жаш агызчу газ, үн чыгаргыч гранаталар да атылды.


Киевдеги кырдаал
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00


Жума күнү Вилнюстагы саммитте Киев Евробиримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюудан баш тарткандан кийин Украинада евроинтеграциянын колдоочуларынын акциялары күчөп кетти. Анын үстүнө кечээ демонстранттарга каршы күч колдонулуп, бир нече киши жарадар болгон. Ал ортодо президент Янукович Европа Биримдиги менен жакындашуу багытын уланта берээрине ишендирди.

Бир нече күндөн бери Украинанын бир катар шаарларында Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол коюу талабы менен нааразылык акциялары өтүп жатат. 29-ноябрда 10 миңдеген киши президент Виктор Януковичтин кызматтан кетишин талап кылып, Киевдин борборуна чыгышкан. Ошол эле күнү президент Вильнюста өткөн Чыгыш өнөктөштүк саммитинде документке кол коюудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG