Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:32

Украина: "төңкөрүштү" токтотуу чакырыгы


Юстиция министрлигин басып алган оппозиция тарапкерлери, 27-январь, 2014
Юстиция министрлигин басып алган оппозиция тарапкерлери, 27-январь, 2014

Башкаруучу "Региондор" партиясы өкмөттүк имараттарды ээлеп алгандардын “антиконституциялык” аракетин иликтөө жана аларды жазалоо өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылды.

Президент Виктор Януковичтин партиясынын бүгүнкү билдирүүсүндө “фашист жаштар” жумуриятта төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатышканы айтылат.

Киевден түз көрсөтүү



Башкаруучу партия соңку билдирүүсүндө дубандарда жергиликтүү бийликтин имараттарын басып алгандарга оппозиция лидерлери өздөрүн бийлик деп жарыялоого буйрук берген деп айыптады. Демонстранттар өлкө батышындагы ондой региондо бийлик имараттарын басып алышкан.

Кечээ болсо Киевдеги демонстранттар Юстиция министрлигинин имаратын ээлеп алган. Муну алардын бири “Рейтер” агенттигин сүйлөп жатып, “символикалуу акт” катары сыпаттады.

- Акыйкаттык министрлигинин имаратын басып алуу - өкмөткө нааразы болуп тургандар үчүн символикалуу аракет. Анткени азыркы бийлик акыйкаттыктан тайып турат, - деди протестчилердин бири.

Юстиция министри Олена Лукаш болсо тезинен министрликтин имаратын бошотууга үндөдү, болбосо ал өлкөдө “өзгөчө кырдаал абалын киргизүүгө аракет кылаарын” эскертти:

- Эгерде Юстиция министрлигинин имараты бошотулбаса, мен өзүмдүн кесиптештериме – Коопсуздук жана коргонуу кеңешине – кайрылып, өзгөчө абал режимин киргизүүнүн жолдорун талкуулоого мажбур болом.

Киевде кечээ миңдеген эл өткөн шаршембиде полиция менен кагылышта набыт болгон беларусиялык активист Михаил Жизневскийди эскеришкен. Ал Беларуста жерге берилет.

Мурдагы тышкы иштер министри Петро Порошенко аны “азапкор” деп атады.

- Ок атууга буйрук бергендер өз жазасын алышат деп ишенем. Михаил Жизневскийди азапкор деп билем. Ал Украинанын келечеги үчүн өлүмгө тик караган православ азапкору болуп калды. Азыр анын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жазалап гана тим болбостон, биз ал карманган ишеним үчүн күрөштү улантышыбыз керек.

Украинанын Коргоо министри Павло Лебедев жекшембидеги билдирүүсүндө армия азыркы конфликтке аралашпай турганын айткан.

- Армия Украинанын конституциясы менен мыйзамдарын катуу кармануудан тайбайт, - деди министр “Итар-Тасстагы” маегинде.

Ватиканда Рим Папасы Франциск Украинада зомбулукту токтотуп, бийлик менен эл ортосунда диалог болушуна үндөдү.

Бул арада Украинадагы башкы оппозициячыл партиялардын лидерлери президент Виктор Янукович менен сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин бышыкташты. Ошол эле мезгилде алар демонстранттардын чыдамы бүтүп бараткандыгын эскертишти. Биргелешкен билдирүүсүндө оппозиция лидерлери «бийлик сүйлөшүүдөн баш тартып, чукул абал киргизүүнүн айласын издеп жаткандыгына» карабастан, мунаса издөөгө даяр экендигин белгилешти.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG