Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Украина: олигархтар Еврошаркетке ыкташты


Украина менен Орусия ортосундагы соода согушу тереңдөөдө
Украина менен Орусия ортосундагы соода согушу тереңдөөдө

Украинада өлкөнүн башкы олигархтары расмий Киевдин Европа саясатына колдоо көргөзүштү. Алар эмне үчүн Москва караганда Брюсселге ыкташууда жана олигархтардын кызыкчылыгы өлкөнүн кызыкчылыктары менен кандайча шайкеш келип калды?

Украинаны Евробиримдикке жакындатуу мүдөөсүнүн олигархтар тарабынан колдоо табышы көптөр үчүн күтүүсүз болгонсуду.

Януковичтин өзүнүн Региондор партиясынан депутат, “Форбс” журналынын эсеби боюнча Украинадагы эң ири 50 байдын бири Борис Колесниковдун ырастоосунда, Еврошаркетке интеграцияны азыр өлкөдөгү экономикалык элита түгөл колдоодо:

- Евроинтеграцияны колдобогон бир дагы топ жок. Атаандаштык канчалык күчтүү болсо, Украинанын ишканалары ошончолук тез өсөт. Эгер 1990-жылдары “Динамо” Киев чыкпаганда, “Шахтер” азыркыдай күчтүү футболдук клуб болмок эмес. Анткени атаандаштык сапатты жаратат.

Борис Колесников
Борис Колесников
Украина өкмөтү Еврошаркет менен Ассоциация терең жана көп тараптуу эркин соода келишимине келерки айда кол коёт деп күтүлүүдө. Киев мындай кадамга Москванын басымына карабай барып жатат.

Украинаны да Бажы союзуна кошууну көздөгөн Москва Киевге кысымды соода эмбаргосу өңдүү аспаптар менен жасоодо. Украин олигархтарынын Москвадан кетенчиктешинде мына ушунун да салымы бардай.

Өлкөнүн эң бай жана таасирлүү олигархы Ринат Ахметовдун “Азаттыктын” украин кызматына айтканына караганда, “чек арадагы кырдаал элди жана бизнес элитаны ойлонууга түртүүдө”:

- Чек аралардагы кырдаал, менимче, Украинаны, украин бизнесин чыңдайт. Биз мындан сабак алып, эмнени туура, эмнени туура эмес кылганыбызды анализдөөбүз зарыл. Эгер биз анализди туура жазасак, бул бизди келечекте күчтөнтөт.

Америкалык экономист Жуди Шелтондун айтымында, Украина экономикалык жактан Батышты көздөй жай, бирок ырааттуу түрдө акыркы бир нече жылдан бери эле ыктоодо:

- Өлкө модернизацияланып, өнүккөн сайын экономиканын кыймылдаткыч күчтөрү да алмашат. Мен бир нерсени баса көргөзүп кетейин, азыр Украинанын Орусияга экспорту 12,3 миллиард евро, Еврошаркетке мындан көбүрөөк, 12,9 миллиард евро. Бул былтыркы жылдын сандары.

Еврошаркет менен мындай ишкер байланыштын күчөшү Украинанын мурдагы президенти Виктор Ющенко белгилегендей, украин олигархтарын өзүн легитимдештирип, 2015-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки турумун чыңдоого түртүүдө.

Ющенконун пикиринде, олигархтардын жеке кызыкчылыгы өлкөнүн кызыкчылыгы менен мына ушундан улам шайкеш келип жатат:

- Европа саясаты кайсыл бир кландарга экономикалык гана пайда алып келбейт. Бул саясат аларга таанылууну да алып келет. Же болбосо муну легитимдешүү деп да айтсак жарашат. Муну менен олигархтар дароо эле европалык болуп калышпайт. Бул кысымдын, анын ичинде социалдык кысымдын маселеси. Бирок эң башкысы алардын корпоративдик же жеке кызыкчылыктары бактыга жараша Украинанын улуттук кызыкчылыктары менен дал келип калганы.

Өзү Украинанын олигархтарынын дээрлик баары СССР чачырагандан кийинки башаламандыкта байлыкка туйтунганы, көмүскө экономиканын, ачык –айкын эмес саясаттын убайын көрүшкөнү белгилүү.

Эми, айрым аналитиктердин пикиринде, алардын Еврошаркеттин катаалыраак эрежелерине кайыл болуусу калыптанып калган бизнес структураларын ички жана Орусиянын саясий байланыштары бар олигархтарынын атаандаштыгынан коргоо аргасы болушу мүмкүн.

Анткен менен украиналык саясат танууучу Владимир Фисенко Еврошаркетти колдоп чыккан олигархтар буга президет Януковичтин жана европачыл лоббинин кысымы астында аргасыз болушканын айтат:
- Алар, албетте, расмий позицияны колдошот. Бирок, чылым чеккен жерге чогулушканда Орусия менен эле иштешүү жакшы болчу деп айтышат. Украинада орусиячыл да лобби бар. Анткен менен алар ачык чыга албай калышты. Себеби, адамдар Януковичке каршы туруудан коркушат.

Орусия алдыда өзүнүн таасир көргөзүү аспаптарын колдонууну улантпайт деп айтуу эртелик кылат. Европага экспорт көбөйгөнү менен болот жана химия өндүрүшү, айыл чарбасы мурдагыдай эле эски совет аймагына көз каранды.

Маселен “Мотор Сич” деген авиациялык компаниянын башчысы жакында “Интерфакс” менен маегинде Еврошаркет менен келишим түзүү Украинанын “технологиялык” компанияларын өлтүрүү болорун айткан.

Жабдуулары эскирип бара жаткан жана атаандаштыкка жөндөмсүз заводдордун ээлери албетте Орусия менен эле иштешүүнү жакташат.

Еврошаркетке ыктоого Украина Коммунисттик партиясы, президент Януковичтин Региондор партиясынын да бир бөлүгү каршы.

Буга карабай украин парламенти Евробиримдик талап кылган реформалардын биринчи топтомун 5-сентябрда көп создуктурбай эле кабыл алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG