Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Кремлдин калпка таянган пропагандасы


Орусия -- Бир аял телевизордон президент Путиндин Украинадагы кырдаал боюнча айтып жатканын көрүп отурат, Москва, 4-март, 2014.
Орусия -- Бир аял телевизордон президент Путиндин Украинадагы кырдаал боюнча айтып жатканын көрүп отурат, Москва, 4-март, 2014.

Орусиянын маалымат каражаттары Украинадагы кырдаал боюнча жалган маалыматтарды таратса, орус бийликтери аларга таянып жатканы сындалууда.

Орус медиасына абай салсаңыз, журналисттери, аларга аттуу-баштуу жетекчилери кошулуп, Киевди “фашисттер” башкарууда, жөөттөргө каршы зобун-зордук күчөдү, Украинанын чыгыш тарабында орустар кысымга кабылып, сансыз адамдар үй-жайын таштап, Орусиянын чек арасын кесип өтүп жатат дегендей маалыматтарды көрөсүз.

Бирок мындай маалыматтын көбү тастыкталбаган булактардан алынган туура эмес кабар болсо дагы өлкө жетекчилеринин расмий билдирүүлөрүндө айтылып, а тургай Батыштын айрым медиасына чыгып кетүүдө.

Жазуучу жана котормочу Кэтрин Фицпатрик: "Мына ушунтип согуштар башталат. “Чындык согуштун биринчи курмандыгы” дегендей, Орусия кандай маалымат таркатып жатканын биз көрүп турабыз. Менимче, бул өтө чоң жоопкерсиздик. Алар жек көрүүнү жайылтып, элди дүрбөлөңгө салууда. Харьков сыяктуу шаарларда элдер жергиликтүү каналдарды караса дагы, Орусиянын каналдарын көп көрүшөт. Анда болсо маалыматтар такталган эмес” - дейт Украиндагы маалымат кармашы жөнүндө.

Фицпатрик айткандай, Орусиянын депутаттары президент Путинге Украинага армия киргизүүгө уруксат берүү максатында жалган маалыматтарга таянса, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде элчи Виталий Чуркин дагы калп айтууга мажбур болду.

"Коопсуздук кеңешинде элчи Чуркин Москванын кадамдарын актоо аракетин көрүп, Украинадагы "орус улутундагы жана орус тилдүүлөрдүн жашоосу кооптуу" экенин көргөн Кремль карап тура албайт деп айтты. Бирок мунун баары “орустар кысымга кабылып жатат” деген жалган нерсеге байланган болчу,” – дейт Фицпатрик айым.

Орус маалымат каражаттары Украинанын түштүк-чыгыш тарабынан 650 миң киши жыл башынан бери Орусияга келгенин байма-бай айтып жатат. Ал эми Улуттар уюмунун Качкындар боюнча жогорку комиссариаты эки өлкөнүн чек арасында мигранттар каттамы адаттан тышкары болбогонун билдирди.

Украиналык блоггерлер орусиялык журналисттер качан тартылганы белгисиз сүрөттөрдү дагы колдонуп жатышканын аныкташкан. Жакында чыккан Украина менен Польшанын чек арасындагы Шегини бекетинде тартылган сүрөттүн дайын-дареги белгисиз.

Орусиянын “пропагандалык машинеси” жөнүндө жазган украиналык журналист Олег Шинкаренко Москванын маалымат кампаниясы эки максатты: “украиналыктарга каршы жек көрүүнү күчөтүп, орус-украин согушуна жеткирүүнү” жана Кремлдин “агрессиясын актоону” көздөөрүн айтат.

Шинкаренко Орусиянын тележурналистикасынын сап башында турган мыктысы катары таанылып, өткөн жылдын декабрында мамлекеттик ”Россия сегодня” агенттигине жетекчи болуп дайындалган Дмитрий Киселев “эң калпычы журналист” деген атка конгонун кошумчалайт. Украинадагы Журналистиканын этикасы боюнча комиссия Киселевдун "ууландырган" берүүлөрү үчүн Москвага арыз кат жолдоду. Киселевдун Евромайдан жөнүндө берүүлөрүнүн бири:


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу “Интерфакс” агенттигине 5-мартта сүйлөгөндө Крымда Орусиянын номерлери тагылган согуштук техникалардын сүрөттөрүн “акылга сыйбаган нерсе” жана провокация деп сыпаттады. Министр мырза Москва Крымга куралдуу күчтөр кайдан киргени тууралуу эч маалыматы жоктугун айткандан кийин, украиналык журналисттер орус аскерлеринин видеосун интернетте жайылтышты.


Кээ бир украиндер Кремлдин пропагандасын шакаба чегип, тамашага айлантып алышкан. Маселен, орто жаштагы аял орустардын бери дегенде беш түрлүү кабарында пайда болуп, беш башка мааниде сүйлөгөн видео графикасы чыкты.

Кырдаал бычактын мизиндей курчуп турганда, жазуучу жана котормочу Кэтрин Фицпатрик айткандай, жалган маалыматтын таасири менен күрөшүү, анын масштабын чектөө өтө кыйын.

Москвадагы көз карандысыз “Левада” борборунун жетекчиси, социолог Лев Гудков азыркыдай күчөгөн пропаганданын “эң мыкты жери – болуп аткан окуя жөнүндө альтернативдүү маалыматка бөгөт коёт. Натыйжада карапайым адамдар расмий маалыматты текшерүүгө же бул жалган болуп жүрбөсүн деп ойлоого чама-чаркы келбей калаарын" түшүндүрөт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG