Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Керри чечендердин Донецкте атышып жатканына кабатыр


"Чыгыш" деген орусиячыл батальондун аскерлери Донецктеги өкмөттүк имарат алдында украин желегин айрып жатышат, 29-май, 2014
"Чыгыш" деген орусиячыл батальондун аскерлери Донецктеги өкмөттүк имарат алдында украин желегин айрып жатышат, 29-май, 2014

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефондон сүйлөшүп, “Орусиядан Украинага согушканы чечендер жөнөтүлүп жатыптыр” деген кабарларга тынчсызданып жатканын билдирди.

Жон Керри, мындан сырткары, Москва Украинадагы сепаратисттерди колдогонун токтотуп, аларды куралын таштоого үндөшү керек деп билдирди.

"Биз өзгөрөт го деп үмүттөнүп жаткан айрым коркунучтуу белгилерди байкап жатабыз. Орусиянын Чеченстан республикасында даярдыктан өткөн согушкерлер Украинага келип, атышууларга катышып, абалды курчутуп жатканы тууралуу далилдер бар, - деди Керри. - Орусия азыр чыңалууну басуу аракетине активдүү катышып, шайлоонун жыйынтыгын колдонуу Батыш менен Чыгыш ортосунда Украина көпүрө болуп калышына жардам берет го деп үмүттөнөбүз".

Украинанын чыгышындагы атышууларда чечендер азыр орусиячыл сепаратисттер тарапта катышып жатканы тууралуу ушуга окшогон билдирүүнү Вашингтондо Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни да жасады.

"Бизди Украинанын чыгышында уланып жаткан зомбулук, маселен, сепаратисттер украин тик учагын атып түшүрүп, 14 кишини өлтүрүшкөнү кыжаалатка салат", - деди Карни. - Биз мунун чоо-жайын азырынча тастыктай албайбыз, бирок бул ал жактагы сепаратисттер сырттан киргизилиши мүмкүн болгон заманбап курал-жарактарга эгедер экени тууралуу кабар берет".

Өзүн Донецк элдик республикасы деп жарыялаган региондун премьер-министри Александр Бородай “Орусиядан өз ыктыяры менен” келгендерден Донецктеги атышууларда көз жумган 34 кишинин жасаты Орусияга жиберилгенин айткан эле.

“Кавказдан чыккан куралчандар Донецкте согушуп жатыптыр” деген кабарлар эки апта мурун алгач пайда боло баштаган. Күч органдарынан эч кандай комментарий таркатыла элек. Чечендер ал жакта атышууларга катышып жатканы тууралуу сөздөрдү бирок эч ким жокко чыгарбады. Анткен менен алар Украинага өз каалоосу менен барганбы же кимдир бирөөнүн буйругун аткарып жатабы – белгисиз.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG