Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:25

АКШ Украинага аскердик техника берет


Орусиячыл жикчилдер аскерий машыгуу учурунда. Донецк облусу, 10 март 2015
Орусиячыл жикчилдер аскерий машыгуу учурунда. Донецк облусу, 10 март 2015

Вашингтон Украинага 75 миллион долларга аскерий техникадан жардам берет. Муну менен катар орусиячыл жикчилдерди ок атууларды токтотуу боюнча Минск келишимин бузууда деп күнөөлөп, алардын жетекчилигине каршы кошумча санкция жарыялады.

Бул кара тизмеде кремчил Евразия жаштар союзу жана Орусиянын улуттук коммерциялык банкы да бар.

Киевге берилчү жаңы жардам жөнүндө АКШнын вице-президенти Жо Байден Украина президенти Петро Порошенкого 11-мартта телефондон кабарлаган. Байден орусиячыл жикчилдердин ок атууларды улантып жатканына, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун байкоочуларын өздөрү көзөмөлдөгөн аймакка коё бербегенине тынчсызданды, - деп билдирди Ак үй.

Анын алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча 12-февралдагы Минск келишимине карабай, Орусия донбасстык жикчилдерди куралдандырууну жана машыктырууну улантып жатканын айткан.

АКШ Украинага пилотсуз учактарды, караңгыда көрчү жабдууларды, миналарды тапчу радарларды, тез жардам машинелерин жана башка медициналык буюм-теримдерди берет. Алардын жалпы баасы 75 миллион доллар. Андан тышкары украин армиясына аң-дөңдөрдө бирдей жүрчү 230 даана Humvee аскер автомобили да жөнөтүлөт.

Америкалык демократ-конгрессмен Элиот Энгел “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде Украинага берилчү аскерий техника болочокто жетишсиз болот деген оюн айтты:

- Менимче, биз Украинага аларга керек нерселерди жөнөтүүдөбүз. Бирок узаккы болочокто бул аларга жардам бере албайт. Бул жетишсиз деп ойлойм.

Украинага аскерий техникадан жардам бөлүнгөнү менен согуштук техника берүү боюнча президент Барак Обама бир бүтүмгө келе элек.

Шаршемби күнү АКШнын Финансы министрлиги украин кризисине байланыштуу кошумча дагы санкция киргизгени расмий маалымдалды. Ал тизмеде Украинанын мурдагы премьер-министри Н. Азаров, орусиячыл жикчилдер, Орусиянын улуттук коммерциялык банкы жана жикчилдерди колдогон Евразия жаштар уюму бар. Бул банк Крым аннексиялап алынгандан кийин ал жакта өз бөлүмдөрүн ачкан.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер 11-мартта Пентагондо британиялык кесиптеши Майкл Фэллон менен жолугушканда Вашингтон украин чатагы башталгандан тарта эле өлкөнүн бүтүндүгүн колдогонун белгилеп, эгер Орусия Минск келишимине кол шилтей берсе, баасы дагы кымбат болот, жаңы санкциялар Евробиримдик жана башка өнөктөштөр менен макулдашып кабыл алынат деп эскертти.

- Кошмо Штаттар украин кризиси эми башталганда эле өз позициясын ачык айткан. Биз Украинанын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдойбуз. Эгер Орусия 2014-жылы сентябрда жана 2015-жылы февралда жетишилген Минск келишимдерин бузууну улантса, анын баасы өсө берет.

Жарыша эле Эл аралык валюта фонду Украинага 17,5 миллиард долларлык кредит берүүнүн жаңы программасын бекитти. Бул тууралуу уюмдун директору Кристин Лагард 11-мартта Берлинде Германия канцлери Ангела Меркел менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында жарыялады:

- Бул өлкөдөгү кырдаалды калбына келтирүүгө, стабилдүүлүктү камсыздоого жардам берет деген үмүттөбүз...

Лагард айым Украинанын чыгышындагы урушту биротоло токтотууга Минск келишими салым кошот деген тилегин да кошумчалай кетти.

Жалпысынан төрт жыл арасында Киев экономиканы жана финансы тармагын турукташтыруу, улуттук акча гривнаны кубаттандыруу үчүн эл аралык институттардан 25 млрд. доллар кредит алат. Мунун баары эмки жылы экономика өйдөгө өрлөй баштоосуна мүмкүндүк берет деген ишенимде украин өкмөтү. МВФ бөлгөн жаңы насыянын 5 миллиард доллары ушу жумада Киевге берилет деп боолгонууда.

Өткөн жумада Украин парламенти МВФтин кредитин алуу максатында экономиканы реформалоонун, анын ичинде салыкты көбөйтүү, пенсияны кыркуу боюнча бир катар мыйзамдарды кабыл алган.

XS
SM
MD
LG