Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Украина-ЕБ мамилеси олку-солку абалда


Вильнюста Еврошаркеттин "Чыгыш өнөктөштүгү" саммити башталды, 29-ноябрь, 2013-жыл
Вильнюста Еврошаркеттин "Чыгыш өнөктөштүгү" саммити башталды, 29-ноябрь, 2013-жыл

Литва борбору - Вильнюста Евробиримдиктин "Чыгыш өнөктөштүгү" саммити ачылды. Анын жуп алдында Украинанын Еврошаркет менен ассоциация жана эркин соода келишимине кол коюудан баш тартышы бул жогорку жыйындын ишине көлөкө түшүрчүдөй.

Расмий Киевдин чечими Украинанын өзүндө элдин ири нааразылык акциялары менен коштолгон. Бирок Еврошаркет менен ассоциация келишимине кол коюудан баш тарткан украин президенти Виктор Янукович саммитке келди.

Януковичтин Вильнюста Европа лидерлери менен көзмө-көз сүйлөшүүлөрү, жолугушуулары мерчемделген. Европа лидерлери өз кезегинде Украина үчүн эшик ачык бойдон калганын айтышууда.

Маселен немис канцлери Ангела Меркел кечээ кечинде кабарчылар менен маегинде:

- Биз, Еврошаркет Украинаны ассоциацияланган мүчө катары кабыл алууга, ассоциация келишимине кол коюуга даярдыгын ачык-айкын билдиребиз. Менде бул азыр ишке ашат деген үмүт жок, бирок эшик ачык бойдон турат.

Украин бийликтери Еврошаркет лидерлерин өкүндүрүп, атүгүл иренжитип, ал эми өлкөнүн өзүндө калктын калың катмарын нааразы кылган чечимди улуттук кызыкчылыкка байланыштырганы менен алар муну Орусиянын кысымы астында жасоого аргасыз болушкандай.

Киев Москванын кысымы астында калганын украин премьер-министри Николай Азаров апта башында моюндады.

Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт бейшемби күнү Вильнюстагы конференция учурунда украин президенти Виктор Януковичтин Еврошаркет ассоциация келишимине кол коюуга мүмкүндүк бергидей жардам сунуш кылган жок деген ырастоосун комментарийлеп, буларды айтты:

- Биз адегенде Чыгыш өнөктөштүгү эмне экендигин жакшылап түшүнүп алуубуз абзел. Айрымдар балким муну бир нече миллиард евро сурап, анан баасы келишсе гана макул болгудай базар деп ойлошот. Мындай ниет эч убакта болгон эмес жана болбойт дагы. Иш жүзүндө биз өз экономикасын, коомун модернизациялоону, демократиялаштырууну көздөгөндөргө гана кол сунганыбыз.

Президент Януковичтин саммит алдында билдиргенине караганда, Еврошаркет анын өлкөсүнө болгону 829 миллион доллар гана жардам сунуш кылган. Ал эми украин экономикасын евростандарттарга жеткирүү үчүн кеминде 20 миллиард доллар талап кылынат.

Өзү Еврошаркет менен ассоциация келишимине кол коюу аны жасаган өлкөлөр үчүн шаркет менен экономикалык интеграцияга баруу, өзүнүн укуктук, мыйзамдык, экономикалык системаларын шаркеттикине ылайыкташтыруу дегенди туюндурат. Маселен Украина келишимге кол койгондон кийин Еврошаркеттин 350 мыйзамын кабыл алууга туура келмек.

Вильнюстагы саммитке украин оппозициясынын лидерлери да барды. Алар Еврошаркет жетекчилерине өз билдирүүсүн жолдогону жатат. Оппозиция лидерлеринин бири Арсений Ятценюк кабарчыларга:

- Эгер Янукович Вильнюстан келишимсиз кайтса, бул бүткүл Украинанын үстүнө муздак суу чачкандык болот. Мындан кийин биз жаңы президент келишимге кол коё алгыдай кылып, күрөштүн башка баскычына өтүшүбүз керек.

Украин бийлигинин чечимине каршы Киевдеги толкундоо. 28-ноябрь, 2013-жыл
Украин бийлигинин чечимине каршы Киевдеги толкундоо. 28-ноябрь, 2013-жыл
"Чыгыш өнөктөштүгү" программасына эски совет аймагынын Украинадан башка дагы беш өлкөсү: Армения, Азербайжан, Беларус, Грузия, Молдова тартылган.
Алардын ичинен ассоциация келишимине эң алгач кол коёт деп күтүлгөн Украинанын мындан баш тартуусу "Чыгыш өнөктөштүгү" программасынын келечегине көлөкө түшүргөндөй болду.

Вильнюстагы саммит ачылаар алдында Грузия менен Молдова өздөрү үчүн Еврошаркет менен 1000 беттен турган ассоциация келишимин баштапкы жактыруудан өткөрүштү. Мунун расмий жөрөлгөсү бүгүн болот, бирок бул келишимге кол коюу дегендик эмес. Алар келишимге биротоло кол коё турган мөөнөт азырынча мерчемделе элек.

Азербайжан болсо бүгүн Вильнюста Еврошаркет менен виза тартибин жеңилдетүүнү же жарандары Шенген визасын тезирээк алуусун караган келишимге кол коёру күтүлүүдө. Азыркы саммит "Чыгыш өнөктөштүгү" программасы башталган 2009-жылдан бери үчүнчү ирет өтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG