Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Украина: Тимошенко жети жылга кесилди


Милиция Печер сотунун алдын тосмолоого алды.
Милиция Печер сотунун алдын тосмолоого алды.

Киевдин Печер райондук соту мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону жети жылга кескен өкүмүн угузду.

"Юлия Владимировна Тимошенко Украинанын Кылмыш-жаза кодексинин 365-беренесинин 3-пункту боюнча айыптуу деп табылып, жети жылга эркинен жана уюштуруучулук, башкаруучулук, административдик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратылат" деген өкүмдү сот Родион Киреев угузду.

Сот Тимошенко 2009-жылы Орусия менен газ келишимине кол койгондо бийлигинен пайдаланганы аныкталганын, мурдагы өкмөт башчынын айынан “Нафтогаз” ишканасына дээрлик 200 миң долларга барабар жоготууга турганын билдирди.

Мурдагы премьер өзүнө тагылган айыпты мойнуна албай турганын, козголгон кылмыш ишинде “саясий өңүт” бар деп эсептээрин айтты.

"Бүгүн айтылган кылмыштарга Украинанын өзүндө да, дүйнөдө да эч ким ишенбейт, - деди Тимошенко сот отурумундагы танапис учурунда. - Президент Виктор Янукович да, сот Родион Киреев да - эч ким менин абийириме, таза атыма шек келтире албайт".

Тимошенко 2004-жылдагы “Саргылт ыңкылаптын” лидерлеринин бири болгон. Киевде өтүп жаткан соттун алдына бүгүн Тимошенконун колдоочулары да, аны айыптагандар да чогулушту. Коопсуздукка көзөмөл кылыш үчүн полициянын атайын бөлүктөрү да жайгаштырылган.

Киевдеги Тимошенкону колдоо акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:47 0:00
Түз линк
Киевде Тимошенкону колдоо акциясы өттү. "Азаттыктын" украин кызматынын тасмасы, 11-октябр, 2011-жыл

XS
SM
MD
LG