Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

АКШ: украин кризиси Сенат талкуусунда


Киев, Майдан
Киев, Майдан

АКШ Сенатынын тышкы иштер боюнча комитети Украинада сот баш калаада массалык демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салганын талкуулап жатат.

Баш калаанын борбордук аянты былтыр ноябрдан бери Европа Биримдигине интеграцияны каалаган миңдеген митингчилердин топтолчу жайына айланган эле.

Шаар бийлигинин өтүнүчүнүн негизинде Киевдеги сот 8-мартка чейин борбор калаада демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салды. 8-январда чыгарылганы айтылган бул чечим тууралуу алгач шаршембиде маалым болду. Анда айтылганга караганда, пикет-митингдерде тыюу салынган нерселердин катарына, маселен, үн күчөткүчтү колдонуу, түрдүү плакаттарды кармоо, чатырларды орнотуп, килемдерди төшөө өңдүү аракеттер кошулган.

Соттун соңку чечими дале демонстрацияда тургандар арасында “жакын арада полиция бизди күч менен таркатып, лагерибизди буздурат окшойт” деген чочулоону күчөттү. Бирок азырга чейин Киевдеги демонстранттарга полиция тарабынан чабуул болгону тууралуу кабар түшө элек.

Президент Виктор Янукович Евробиримдик менен тыгызыраак кызматташтыкты караган келишимге кол койбой койгонуна нааразы болгондор Киевдеги Незалежности же Көзкарандысыздык аянтында ноябрдан бери демонстрация өткөрүп турушат. Азыр деле ал аянтта миңдей эл бар.

Мурдараак аянтка жүз миңдеген эл чогулуп, алар менен сүйлөшкөнү АКШнын, Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү да келип кетишкен.

Шаршембиде Сенаттагы талкууда Мамлекеттик катчынын орун басары Виктория Нуланд “Биз Украинадагы саясий кризис полиция тарабынан демонстранттарга эч кандай күч колдонулбай туруп чечилишин каалайбыз”, - деди.

- Көпчүлүк украиналыктардай эле, АКШ жана анын Еврошаркеттеги өнөктөштөрү азыркы чыңалган абал саясий, демократиялык, анан баарынан да, тынч жолдо чечилишин каалайбыз. Бул өкмөткө да, демонстранттарга да бирдей тийиштүү. Биз 10-январда Киевдеги соттун четинде тополоң чыгарган көтөрүлүшчүлөрдүн аракетин айыптайбыз. Бирок өкмөттүк аскерлер тарабынан зордук-зобун, коркутуп-үркүтүү актыларынын колдонулушу бизди ушундай билдирүү жасаганга мажбур кылды. Украин өкмөтүнө ачык жана жеке каналдар аркылуу да билдиребиз – өз элине каршы кол көтөрсө же ага башкаларды шыкактаса, биз буга каршы көрүлө турган чаралардын жолдорун караштырабыз, - деди Нуланд.

Сенаттын тышкы иштер комитетин жетектеген демократ-сенатор Роберт Менендез "АКШ президенти, Обаманын администрациясы Орусиянын экономикалык куралды колдонгонун ачык жана катуу сындай албады” деп баа берди.

Менендез Орусиянын Украинадагы аракеттерине нааразылык иретинде “АКШ тараптан санкция киргизилиши керек” деген позицияда тургандардан. Ал шаршембидеги жыйында ушул оюн бир нече ирет кайталагансыды. Нуланд буга “Азыр биз караштырып жаткан пландардын катарында санкция жөнүндө ой да бар”, - деген жооп узатты.

Республикачыл сенатор Жон Маккейн декабрда Киевде болуп, демонстранттарга колдоосун көрсөтүп келген. Ал да Украинадагы кризис үчүн Орусияны айыптады.

- Украина Европа болгусу келген өлкө. Алар орусиялык болгусу келбейт. Маселенин баары ушунда. Евробиримдик деген аларга ушуну билдирет. Орустар энергиясын, газын колдонушту. Алар, керек болсо, украин шоколадын да сатып албай коюшту. Алар коркутушту. Алар Украинада өтө кеңири жайылган коррупцияны колдошту.

Маккейн Украинаны Орусиянын экономикалык басымынан куткарууга АКШ жигердүү киришсе болмок экенин айтты.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG