Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:28
Украинадан кайтып келген казакстандыктар.
Украинадан кайтып келген казакстандыктар.

Украинадан 114 кыргызстандык чыгарылды

Украинанын үч шаарында кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл алчу жай ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди.

Ал жарандарды эгер коопсуз жерде болсо жолго чыкпай турууга чакырды.

"Кыргызстандыктарга 24-февралдан бери эгер коопсуз болсо ошол жерден чыкпай отуруңуз деп сунуш берип жатабыз. Анткени жол тыгын, күйүүчү май жок, азык-түлүк тартыш, чек арада кезек өтө чоң. Мисалы, кечээ кечки 20:00дө Польшанын чек арасына жеткен жарандарыбыз дагы деле кезек күтүп турат. Биз өзүбүздүн жарандарга Киев, Одесса, Львов шаарларында убактылуу туруучу жайларды ачтык. Даректерди жарандарыбызга жибердик".

Элчинин айтымында, Кыргызстан жарандарын Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуациялап жатат.

Украинадагы элчи: Бардык жарандарыбыз менен байланыштабыз

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо боюнча иштерди жүргүзүүдө. "Азаттык" Украинадагы кырдаал, кыргыз жарандарынын абалы тууралуу Кыргызстандын бул өлкөдөгү элчиси Идрис Кадыркулов менен маектешти.

- Идрис мырза, Украинадагы азыркы кырдаал боюнча маалымат бере аласызбы?

- Украинадагы кырдаал жалпыңыздарга белгилүү болгондой абдан оор. Өзгөчө Киев, Харьков, Херсон, Сумы, Чернигов шаарларында кырдаал татаал жана кооптуу. Киев шаарынын айланасында кагылышуу жүрүп жатат. Эки тарапта тең жоготуулар болууда. Киевдин үстүндө аскердик тик учактардын учканы көнүмүш болуп калды.

- Биздин жарандарыбыздын абалы кандай, элчилик аларды эвакуациялоо боюнча кандай иштерди алып барууда?

- Кудайга шүгүр, биздин жарандардын арасында каза тапкан же жараат алгандар жок.

Биздин элчилик Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, башка өлкөлөрдүн элчиликтери менен биргеликте Польша, Словакия, Румыния, Венгрия аркылуу эвакуация үчүн коридор уюштуруп берип жатат. Молдовага жол ачык, бирок 24-февралдан тартып Молдованын асманы жабык. Биз Киевдебиз, элчилик Кыргызстандын Украинадагы бардык жарандары менен күнү-түнү байланышта. Күчөтүлгөн режимде иштеп жатабыз. Ыкчам байланыш телефондору иштеп жатат. Украинадагы кыргыз жарандары +380997573413 +380442370346 +380442370347 номурлары аркылуу байланышса болот.

- Эвакуация болбогон жарандар эмне кылышы керек?

- Кыргызстандыктарга 24-февралдан бери эгер коопсуз болсо ошол жерден чыкпай отуруңуз деп сунуш берип жатабыз. Анткени жол тыгын, күйүүчү май жок, азык-түлүк тартыш, чек арада кезек өтө чоң. Мисалы, кечээ кечки 20:00дө Польшанын чек арасына жеткен жарандарыбыз дагы деле кезек күтүп турат. Биз өзүбүздүн жарандарга Киев, Одесса, Львов шаарларында убактылуу туруучу жайларды ачтык. Даректерди жарандарыбызга жибердик.

- Жаңжалдын алдында кандай чара көрүлдү?

- “Мен Киевге дипломатиялык миссияны аткрганга 7-февралда келдим. 10-февралдан бери элчилик биздин жарандарга аскердик кагылыш болуп кетиши мүмкүн экенин кабарлап, Украинадан чыгып кетүү зарылдыгын эскерткен. Вотсап тайпалар бар, аларда 300дөн ашуун адам катталган. Андан тышкары анализдин негизинде 15-февралдан бери кыргыз өкмөтү менен биргеликте эвакауация планын иштеп чыкканбыз. Азыр ошол пландын негизинде иш жүргүзүп жатабыз. Бирок мындай кырдаал айттырып келбейт экен да.

- Кыргызстандын позициясы тууралуу эмне айта аласыз?

- Биз кырдаалдын саясий-дипломатиялык жол менен чечилишин колдойбуз.

ТИМдин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. Мекеме учурда негизги максат - кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 25-февралда Германиянын жана Франциянын Кыргызстандагы элчилери менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тышкы иштер министри Украинанын аба мейкиндигинин жабылышын эске алып, европалык кесиптештеринен Кыргызстандын жарандары үчүн Украинага коңшулаш Европа өлкөлөрү аркылуу "жашыл коридор" түзүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүнгөн.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын Венгрия, Польша, Румыния аркылуу алып чыгып кетүү жолдорун иштеп чыккан.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG