Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44
Украинадан кайтып келген казакстандыктар.
Украинадан кайтып келген казакстандыктар.

Украинадан 114 кыргызстандык чыгарылды

Кыргызстан Украинада согуш башталган бир жумадан бери 200дөй жаранын чыгарып кетти. Дагы ондогон жаран эвакуация болууга даяр экенин айткан, бирок аларды өлкөдөн алып кетүү оор болууда. Өз алдынча чыгып кетип жаткандар да бар.

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 114 жаран чек арага жакындап калды. Бул тууралуу аларды коштоп бара жаткан Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин кызматкери Эрмек Сарыбаев "Азаттыкка" билдирди.

"Киевден чыкканыбызга 19 саат болду. Венгриянын чек арасына 40 чакырым жол калды. Бардык коопсуз маселеси камсыз болгон. Айдоочубуз, дипломаттар күч түзүмдөрү менен түз байланышып, коопсуз жолдор менен алып бара жатабыз. Эвакуация болгондорду Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин эки кызматкери коштоп бара жатат. Чек арада Венгриядагы элчиликтин кызматкерлери күтүп жатат", - деди Сарыбаев.

28-февралда Украинанын борбору Киевден 114 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткенин элчи Идрис Кадыркулов "Азаттык" радиосуна билдирген. Автобустарды элчилик уюштурган.

Украинанын үч шаарында (Киев, Харьков, Одесса, Львов) кыргызстандык жарандарды убактылуу кабыл ала турган жай ачылган.

Кыргызстандыктар Украинанын батышындагы Польша, Румыния, Словакия жана Венгрия аркылуу эвакуация болору айтылган.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Беш күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң катуу чабуул Киевге жасалды.

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги мекендештерди эвакуациялоого байланыштуу соңку маалыматтарды берди. Ага ылайык, ушул тушта элчилик консулдук каттоодо турган 680 адамдын 300 менен такай байланышып жатат. Азыр Киевде 100, Одессада 90, ал эми Харьковго 80 адам бар.

27-февралга карата Польшага 14 адам чыгып кетти, дагы төртөө жолдо баратат. Молдовага 18 кыргызстандык жаран кетти. Дагы 96 кыргызстандык жаран Венгрияга, 15 адам Польшага кетүүгө камданууда. Дагы төрт жаран Румынияны көздөй жолдо баратат.

Элчилик кыргызстандыктар үчүн Киевде, Одессада, Харьковдо жана Львовдо баш калкалай турган жайлар уюштурулганын эскертти.

Ал арада Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги орусиялык аскерлер Харьковго кирип келгенин аталган облустун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Маалыматта "украин жоокерлери оккупанттарды тазалоого аракет кылып жатканы, облус башчысы жайкын тургундары көчөгө чыкпай турууга чакырганы" айтылат.

Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо үчүн Венгрия, Польша, Румыния жана Словакия маршрутун иштеп чыкканын кабарлады.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн Кыргызстандын жарандары Украинадагы элчиликтин консулу Эрмек Каныбековго байланышуусу керек. Байланыш номери +380997573413, +380442370347.

Европа өлкөлөрүнө кирчүлөргө Шенген визасы талап кылынбай турганын, муну үчүн алар элчиликтин коштоосу менен барышы керектиги белгиленет.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG