Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:14

БУУ Батышты курт-кумурска жегенге үндөдү


Бээжиндин көчөлөрүнүн бириндеги ашканада сатууга коюлган бышырылган кескелдирик, чаян жана коңуздар. 13-январь, 2012
Бээжиндин көчөлөрүнүн бириндеги ашканада сатууга коюлган бышырылган кескелдирик, чаян жана коңуздар. 13-январь, 2012

Дүйнөдөгү азык-түлүк тартыштыгы, балдардын тоё тамак жебөөсү жана сапатсыз тамактануудан улам ашыкча семиздик чоң көйгөйгө айланууда.

Улуттар уюму жаңы гана жарыялаган изилдөө айтылган проблемалар менен күрөшүүнүн бир жолу катары курт-кумурскаларды тамак-ашка колдонууну көбөйтүүнү сунуш кылат.

Дүйнөдө 2 миллиарддан ашуун адам үчүн курт-кумурска, чегиртке – коңуз, жылан, бака, кескелдирик сыяктуу жандыктар кыргыздар үчүн жылкы этиндей баалуу, а түгүл кээ бир элдерде казы-картадай эле сый тамак саналат.

Улуттар уюмунун адистеринин эсебинче, азыр курт-кумурскалардын 1 900гө жакын түрү желет. Алардын үчтөн бири коңуз, бештен бирге жакыны курттар, 14 проценти аары, ийнелик, кумурскалар болсо, 13 проценти чегиртке, саратандар. Тамак-аштын мындай түрлөрү Түштүк Чыгыш Азияда, Африка менен Түштүк Америкада өзгөчө популярдуу жана кеңири жайылган.

А түгүл Азия жана Африканын кээ бир элдери курт-кумурскаларды күнүмдүк диетада мүнөздүү тамак ордуна жешет.

Филадельфиядагы Дрексель университетинин илимий кызматкери Айза Бетанкур жаш чегирткелерди жегенди жакшы көрөт. Бир өзгөчөлүгү - аларды даамдуу кылып бышырганды билүү керек, дейт Бетанкур айым:

- Демейде курт-кумурскалардын даамы аларды бышырганга жараша болот. Себеби алардын даамы жана жыты жакшы сезилбейт. Мен чегирткелердин, курттардын, ийнеликтердин, учма кескелдириктердин этин жегем. Учма кескелдирикти шампиньондун соусуна чылап, көмөч казанда бышырса, аябай даамдуу болот. Саратан-чегирткелердин сыртына шоколад шыбап, кууруп жеген сонун.

Эксперттердин ырасташынча, курт-кумурскалар мал жандыктарын өстүргөнгө караганда алда канча арзан турат. Бир килограмм уй этин өндүргөнгө сегиз кило жем керек болсо, бир кило курт-кумурска өнүдүргөнгө эки кило гана жем кетет. Андан тышкары аларда адамга керектүү протеин, сапаттуу май, кальций, темир жана цинк да көп. Мисалы, 100 грамм уй этинде 6 миллиграм темир болсо, чегирткеде 8-20 миллиграм темири бар. Чегирткелерден бир кило протеин алуу үчүн уйга караганда 12 эсе, койго караганда 4 эсе аз жем керек.

Ева Мюллер Улуттар уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жетекчилеринин бири. Анын айтышынча, курт-кумурскалар тамак-ашка өтө ылайыктуу саналат:

- Болочокто курт-кумурскалар Батыш өлкөлөрүндө да тамак-ашка пайдаланылышы мүмкүн деп ойлойм. Эмне үчүн? Анткени дүйнө калкы көбөйүп жаткандыктан, азык-түлүккө жана жалпы эле белокко талап өсүүдө. Биз курт-кумурскаларды белокко болгон талапты канааттандырунун бир жолу катары сунуш этүүдөбүз. Батыш өлкөлөрүндө семиздик жана ашыкча салмактуулук чоң проблемага айлангандыктан, курт-кумурскалар ден соолукка пайдалуу диета үчүн керектүү азык боло алат.

Ева Мюллер курт-кумурскалар мал жандыктарды тамактандыруу үчүн ылайыктуу экенин белгиледи.

Улуттар уюму семиздик жана ашыкча салмак дартына чалдыгуу кеңири жайылган социалдык көйгөйгө айланган Батыш өлкөлөрүнүн калкын протеинге жана белокко бай коңуз-чегиртке жана башка курт-кумурскаларды жегенге үндөйт. Себеби эсептөөлөргө караганда, 2030-жылы дүйнө калкы азыркы жети миллиарддан тогуз миллиардга чыгат. Кошумча азык-түлүк өндүрүү, арийне суу ресурстарынын азайышына, ошондой эле айдоо жерлер үчүн токойлорду кыйганга же саздак жерлерди кургатканга мажбурлайт.

Мындан улам Улуттар уюму ресторандардын баш ашпоздорун жана ээлерин коңуз-саратандардан сыйлуу тамак даярдап, алардын коомдогу барк-макамын көтөрүүгө үндөйт.

XS
SM
MD
LG