Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Шиңжаңда мечиттерди ачууга уруксат берилди


Жума намазга уйгурлар үй-бүлөлөрү менен чогула башташты, 10-июль, 2009
Жума намазга уйгурлар үй-бүлөлөрү менен чогула башташты, 10-июль, 2009

Кытайдын Шиңжаң уйгур автономиялык районунда бүгүн жума намазды окуу үчүн айрым мечиттер ачылды. Кытайлар менен уйгурлар ортосундагы өткөн аптадагы этникалык зомбулуктан кийин алар жабылган эле.

Энергия булактарына бай Шиңжаңдын борбору Үрүмчүдөгү тополоң Кытайдын бийликтери үчүн абалды жөнгө салуудагы сыноолордун бири болуп калды окшойт. Кытайлар менен уйгурлардын кагылышууларында 156 адам өлүп, 1100 ашууну жаракат алганы айтылып жатат.

Баарына Кытайдын репрессивдүү саясаты себеп... Р.Кадир
Бүгүн жума намазды окуйбуз деп, Үрүмчүдөгү мечиттердин оозуна адамдардын чоң тобу жыйналып калганда эшиктерди ачууга уруксат берилди. Бирок мечиттердин ачылышы өкмөттүн саясатынын өзгөргөнүн билдиреби, же ачпай койсо, адамдар жаңжал чыгарат дештиби – азырынча айтыш кыйын. Анын үстүнө 2,5 млн.калк жашаган бу шаарда канча мечит ачылганы да тактала элек. Буга чейин Үрүмчүдөгү бүт мечиттер бүгүн жабык болот дешкен эле.

Кытайда атын атагысы келбеген чиновниктердин бири бүгүн мечиттердин айрымдарын ачуу жөнүндө чечим “адамдардын коопсуздугун сактап калуу үчүн кабыл алынганын” айтты.

Бирок Үрүмчүгө жакын Эр Дао Кияо деген жерде белгилүү мечиттердин бири – Ак Мечит – бүгүн жүздөгөн адамдар келип, жума намазды окуш үчүн мечиттин сакчылары менен айтышкандан кийин гана ачылды.

Уйгур полисмендеринин биринин айтымында, мечиттин сакчылары бул жерде да адамдар кагылышып кетпесин деп, аларды мечитке киргизүүгө аргасыз болгонун айтты.

Мечиттер нааразы адамдардын очогуна айланат деп коркуп, өзгөчө коргоп турушкан
Андан башка дагы бир топ мечит адамдардын талабынан кийин гана ачылганы айтылууда. Бирок айрымдары азырга чейин жабык бойдон турат.

Аналитиктер Кытайдагы коммунисттик партия Шиңжаңда мечиттер нааразы уйгурлардын очогуна айланып, дагы толкундоолордун болушуна шарт түзөт деп коркконунан, аларды жабууну буйруган дешет.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Киң Гаң автономиядагы кырдаалды кытайлык бийлик өзү эле жөнгө салууга кудурети жете турганын, эларалык коомчулуктун кийлигишүүсүн каалашпай турганын билдирди. “Кытайдын өкмөтү мыйзам чегинде бир топ чечкиндүү чараларды кабыл алды, - деди ал. - Бул – Кытайдын ички иши. Ошондуктан Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңиши муну талкуулабай эле койсо болот. Эларалык коомчулук Кытайдын жетекчилиги өлкөнүн аймактык бүтүндүгү үчүн жана Кытайдагы улуттук азчылыктардын биримдигин сактап калууга, социалдык стабилдүүлүктү орнотууга жасап жаткан аракеттерин түшүнүп, колдойт го деп үмүттөнөбүз”.

Шиңжаңда уйгурлар менен кытайлардын турмуш деңгээлиндеги ажырымдын чоңдугунан, өкмөт уйгурлардын маданий, диний жашоосун толук көзөмөлдөп турганынан жана Үрүмчү сыяктуу ири шаарларга хан кытайлар массалык түрдө отурукташа баштаганынан улам дайыма эле улуттук араздашуулар болуп келген.

Бирок Кытайдын жетекчилиги Үрүмчүдөгү тополоңду Уйгурлардын дүйнөлүк конгресси жана анын Америкада жашаган жетекчиси Ребия Кадир уюштурду деп күнөөлөдү.

Кытайдын бийлиги адамдардын коопсуздугун сактап калуу үчүн мечиттерди ачты...
Кадир айым болсо мунун баарын жалган деп, тополоңго Кытай Шиңжаңда ондогон жылдар бою жүргүзүп келаткан репрессивдүү саясаты себеп деп эсептейт. “Азыр эки тарап тең өзүн басып, тынчыганы жакшы, - деди Р.Кадир. - Кытай бийлиги болсо адамдарды алдабай, канча адам өлгөнүн, канчасы камакка алынганын так айтышы керек. Адамдар өз оюн ачык айтышына шарт түзүп берсе, тынчылык орнойт. Кытайдын бийлиги тутукунга алынгандарды катуу жазалайбыз деди, бирок мындай чаралар региондогу абалды дагы курчутуп жиберет”.

Түрк тилдүү уйгурлар маданияты боюнча да, аймагы менен да Борбор Азиядагы улуттар менен чектешет. Алар Шиңжаңдагы 20 млн.калктын дээрлик жарымын түзүшөт. Бул аймактагы кытайлардын көпчүлүгү акыркы 20 жылдын ичинде эле өлкөнүн башка аймактарынан көчүрүлүп келинген.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG