Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

АКШ-Ооган келишими ара жолдо


Лоя Жырганын отуруму. Кабул. 21-ноябрь, 2013-жыл.
Лоя Жырганын отуруму. Кабул. 21-ноябрь, 2013-жыл.

Америкалык аскерлердин Ооганстанда 2014 -жылдан кийин да калуусуна жол ачкан келишимди Лоя Жырганын курултайы өткөн аптада колдогон эле. Бирок Карзай келишимге келерки жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого чейин кол коюлбай калышы мүмкүн экенин билдирген.

АКШ бийликтери ооган президентин эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюуну тездетүүгө кайрадан чакырды. Америкалык жогорку даражалуу расмий өкүлдөрдөн президент Хамид Карзай менен соңку сүйлөшүүнү Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Сьюзан Райс өткөрдү.

Ал Кабулдан жергиликтүү “Толо” телеканалы менен маегинде эгер келишимге тезинен кол коюлбаса, Кошмо Штаттарда аскерлеринин баарын Ооганстандан чыгарууну пландоодон башка арга калбасын эскертти:

- Биз Лоя Жырганын жыйынтыгын кубаттайбыз. Ага катышкандардын басымдуусу эки тараптуу коопсуздук келишими дароо макулдашылып, мүмкүн болушунча тезирээк, ага ушул жылдын соңуна дейре кол коюлуусу керек деген умтулууну көргөздү. Ооганстан менен өнөктөштүккө өтө көп инвестиция жасаган Америка эли үчүн бул - жакшы жаңылык. Эгер келишимге тезинен кол коюлбаса, мен ооган президентине айткандай, бизде тандоо калбайт. Биз каалагандан эмес, муктаждыктан улам келечекти пландоого киришебиз. Эки тараптуу коопсуздук келишимине кол коюлбаса, аскерлерибизди бул жерде кармай албайбыз. Биздин инвестициянын, өнөктөштүктүн табиятын сактоо да кыйынга турат.

2014-жылы НАТО аскерлери Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин өлкөдө Американын аскерий базалары менен жоокерлери турушуна мүмкүндүк берген келишимди оогандардын жалпы улуттук жыйыны - Лоя Жырга өткөн апта соңундагы курултайында жактырган. Документ күчүнө кириш үчүн ага кол коюлуп, парламенттердин ратифакциясынан өтүүсү керек. Бирок келишимге ооган тараптын кол коюшу келерки жылдын апрелиндеги президенттик шайлоого чейин созулуп кетиши мүмкүндүгүн эскерткен Карзай айрым бир шарттарды атаган.

Карзай белгилегендей, андай шарттардын негизгилеринин бири - америкалык аскерлер оогандардын үйлөрүн тинтүүгө албашы керек жана өлкөдө тынчтык орнотууга дилгирлигин көрсөтүшү зарыл.

Кечээ Кабулдан “Азаттык” радиосунун ооган кызматы менен маегинде Хамид Карзай буларга токтолду:

Хамид Карзай "Азаттыктын" ооган кызматынын кабарчысы Акбар Аязиге интервью берүүдө. Кабул, 26-ноябрь, 2013-жыл.
Хамид Карзай "Азаттыктын" ооган кызматынын кабарчысы Акбар Аязиге интервью берүүдө. Кабул, 26-ноябрь, 2013-жыл.
- Көптөгөн жүйөлөргө таянуу менен мен Ооганстанда токтой элек согуш бизге таңууланып жатканын, оогандар башкалардын кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалынып жатканын далилдеп бере алам. Биз АКШнын же башка державалардын кызыкчылыгына тоскоолдук кылган жокпуз. Бирок биз эгер силер Ооганстанды өз кызыкчылыгыңарды түртүүчү жай катары эсептесеңер Ооганстандын да кызыкчылыгына көңүл бургула деп жатабыз. Башка эч нерсени талап кылган жокпуз.

АКШ менен коопсуздук келишимине тезирээк кол коюлушу керектигин ооганстандык айрым саясатчылар да айтышууда. Парламент депутаты Захра Надири мындай дейт:

- Биз коопсуздук келишимине кол коюлса, ал шайлоонун (президенттик) жакшы өтүшүнө шарт түзөт, коопсуздукту чыңдайт, тынчтык жараянына салым кошот деп эсептейбиз. Эгер ал кечиктириле берсе, тынчсыздануу, камтамачылык маанайы үстөмдүк кылат. Бул ооган эли каалаган нерсе эмес. Ушундан улам Лоя Жырганын катышуучулары президенттин көңүлүн келишимге шайлоого чейин кол коюуга бурду.

Лоя Жырганын курултайы алдында Ооганстандын бир катар шаарларында АКШ менен коопсуздук келишимине каршы демонстрациялар да өткөн.

Талибан болсо Лоя Жырганын келишимди жактыруусун кескин айыптаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG