Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:27

АКШ күчтөрүнүн Ооганстандагы ролу кеңейтилет


АКШ аскерлери Кабулда жанкечти жардыруу жасаган жерде. 11-октябрь, 2016-жыл.
АКШ аскерлери Кабулда жанкечти жардыруу жасаган жерде. 11-октябрь, 2016-жыл.

АКШ президенти Барак Обама Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн ролун кеңейтүү боюнча сунушту жактырды. Мындай кадам соңку кездери "Талибандын" кол салуулары менен кыянатчылыктары көбөйгөн шартта ооган күчтөрүнө колдоону күчөтүү үчүн жасалууда.

“Ассошиэйтед Пресс” агенттигинин жазганына караганда, Ак үй армиянын Ооганстандагы ыйгарым укугун кеңейтүү боюнча чечимди бир нече айга созулган талкуудан кийин гана жактырды.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн түшүндүрмөлөрүнө караганда, эми жаңы саясатка ылайык, АКШ аскерлеринин Ооганстандагы аракеттери эки жагынан кеңейүүдө.

Биринчиси - АКШ аскерлери Ооганстанда жергиликтүү күчтөргө абадан колдоо көрсөтүү боюнча көбүрөөк мүмкүнчүлүк алат.

Ооган күчтөрүнүн "Талибанга" каршы күрөшүндө абадан качан жана кандай шартта колдоо көргөзүү зарылдыгын АКШнын Ооганстандагы колбашчысы чечет.

Экинчиси - америкалык аскерлердин колбашчысы кургактагы операциялар учурунда Ооганстандын кадимки жоокерлерин качан колдоонун ылайыктуулугун да аныктамакчы.

Бирок бул АКШнын азыр Ооганстандагы 9800 аскери күнүмдүк операцияларга тикелей тартылат дегенди туюндурбайт.

Кандай болгон күндө да АКШ армиясынын Ооганстанда буга чейинки саясаттан четтеген жаңы ролу боюнча чечим "Талибандын" кол салуулары менен кыянатчылыгы күчөгөн шартта кабыл алынып отурат.

Мындан эки аптадай мурда президент Барак Обама "Талибандын" башчылыгына жаңы лидердин келишин комментарийлеп жатып, Ооганстандагы кырдаалдын ыктымал өнүгүүсү боюнча төмөнкүдөй пикирин айткан эле:

- Жакынкы келечекте биз талиптер кыянатчылыктарды улантат деп күтөбүз. Менин күткөнүм болбосо да, үмүттөнгөнүм - "Талибандын" алар Ооганстанды ээлеп алалбай турганын, элдешүү үчүн оогандар өздөрү жетекчилик кылган сүйлөшүүлөргө кошулуу керектигин түшүнүүсү. Эгер мына ушундай нерсе болсо муну Кошмо Штаттар да, дүйнөлүк коомчулук да колдойт. Бирок мен бул жакын арада болорунан күмөн санайм.

"Талибандын" Молдо Омордон кийинки кол башчысы Актар Мансурду АКШ өткөн айда Пакистандын Белужистан провинциясынын аймагында, дрондон жасалган аба соккусу аркылуу жок кылган.

Мунун артынан "Талибан" жолбашчылыкка мурда Мансурдун орун басары болуп келген молдо Хейбатулла Ахунзадени дайындаганын жарыялаган эле.

"Талибан" кол салуулар менен жардырууларды борбор Кабулдан тартып, бардык аймактарда эле жасап жатканы менен АКШ жана ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, алар негизги көңүлүн Гилменд, Кандагар, Урузган өңдүү түштүк провинцияларга бурууда.

БУУнун эсебинде, "Талибандын" былтыркы чабуулдарынан 3,5 миңден ашуун оогандын өмүрү кыйылды, 7,5 миңдейи жаракат алды.

Ооган аскерлери машыгууда. 16-май, 2016-жыл.
Ооган аскерлери машыгууда. 16-май, 2016-жыл.

АКШ менен НАТО аскерлеринин Ооганстандагы аскерий миссиясынын багыты алар күчтөрүнүн негизги бөлүгүн чыгарып кеткенден кийин, 2015-жылдын башынан тарта өзгөрүп, негизинен ооган аскерлерин машыктырууга гана бурулуп калган эле.

Коопсуздук үчүн жоопкерчиликти ооган өкмөтү өзүнө алгандан бери "Талибанга" каршы аба соккулар чектелген тартипте, коргонуу же ооган аскерлери коркунучка кабылган учурларда гана жасалып келген.

Кургактагы операцияларда болсо америкалык аскерлер Ооганстандын атайын багыттагы аскерлерин гана кошточу. Эми жаңы саясат боюнча колдоо акыркы 1,5 жылдагыдан жигердүү болот деп күтүлүүдө.

Вашингтон буга чейин жарыялаган план боюнча 2017-жылдын башына барып, АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны азыркы 9800дөн 5500гө түшүрүлүүсү керек.

Бирок өткөн аптада отставкадагы генералдар менен дипломаттардын тобу президент Обаманы бул пландан баш тартууга чакырышты.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG