Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Клинтон Беларустагы активисттерди колдоду


Полиция Минскидеги демонстранттарды кармап кетип жатты.
Полиция Минскидеги демонстранттарды кармап кетип жатты.

Беларустагы экономикалык жана саясий кырдаал курчуп баратат. 29-июнда Минскиде тартип коргоочулар жүздөн ашуун кишини кармап кетти.

Ал өлкөдөгү кырдаал Демократиялар шериктештиги уюмунун Литвада өтчү жыйынында талкууга алынмакчы. Жыйынга АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон катышат. Ушул тапта Венгрияда жүргөн мамкатчы Минскидеги демонстранттарга тилектештик билдирүүгө үндөдү.

Венгрия парламентинде сүйлөгөн сөзүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон "өнүккөн демократиялар Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы жаңы пайда болгон демократиялар менен тажрыйбасын бөлүшүүгө, Беларус, Ливиянын көчөлөрүнө чыккан адамдарга тилектештигин билдирүүгө тийиш" деди.

Акциянын катышуучусун полиция алып кетүүдө, 30-июнь, 2011-жыл
30-июнь күнү кечинде Клинтон Вилнюска жол тартып, Демократиялар шериктештиги уюмунун жыйынына катышмакчы. Ал жерде да Вашингтондун өкүлү Европа лидерлерин Беларус президенти Александр Лукашенкого кысым көрсөтүүгө үндөйт деп күтүлүүдө.

29-июндагы демонстрацияга байланыштуу бейшембиде 30га чукул кишинин иши Минскинин сотунда каралат. Гомелде да буга чейинки акцияларга катышкан бир нече киши соттолууда.

Шаршембиде Беларуста Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу уюштурулган 4-акция өттү. Баш калаа Минск, башка ири шаарларда Лукашенконун режимине жана экономикалык каатчылыкка нааразы болгон эл өкмөткө каршы ураан чакырбастан, үн чыкпай кол чаап жүрүш жасашты.

Алдын ала даяр турган полиция көчөлөрдү бууп, демонстранттарды кармап кетип жатты. Күбөлөрдүн айтымында, тартип сактоочулар кармалгандарга орой мамиле жасап жатышты. Журналисттердин камера, диктофондорун, чөнтөк телефондорун жулуп алып, жерге ыргытып, зомбулук көрсөтүштү. Минскиде 150дөй киши, алардын катарында маалымат каражаттарынын 10 чакты өкүлү кармалган.

Интернет коомчулугунун демилгеси менен 8-июнда башталган тынч акциялар ар шаршембиде өткөрүлүп келатат. Ири демонстрация ушул жекшемби, 3-июлда Беларустун көз карандысыздык күнүндө уюштурулганы жатат.

Экономикалык кризистин туткунунда

Былтыр жыл этегинде болгон президенттик шайлоодон кийин башталган саясий куугунтук бүгүнкү күнгө чейин уланып келатат. Оппозициянын айтымында, ал шайлоо бурмаланып, калыс эмес өткөн. Лукашенкого атаандаш болуп чыккан талапкерлердин көбү кийин ар кандай жүйө менен сот жообуна тартылып, ар түрдүү мөөнөткө абакка кесилген.

Минскидеги дүкөн
Саясий абалдын курчушу менен бирге экономикалык кризис да тереңдөөдө.

Улуттук валюта – беларус рубли дээрлик 40 пайызга арзандады, калайык эң керектүү товарларды, азык-түлүктү дүкөндөрдөн дүңү менен сатып алып жатат.

"Азаттык" үналгысынын кабарчысы Жэймс Кирчик Минскиден маалымдагандай, шаршемби күнкү акцияга саясий активдүү топтор катышпаса, катардагы тургундар, экономикалык кыйынчылыктарга карабай аларга негизинен кошулушкан жок.

Ал аралыкта Орусия Беларуска электр кубатын берүүнү жандандыра элек. Шаршембиде Минск орусиялык компанияга карызынын 600 миллион рублге тете бөлүгүн которгон. Электр кубатынын берилбей жатышын орус тарап техникалык себептер менен түшүндүрдү.

29-июнда ошондой эле Орусиянын НТВ телеканалы Лукашенкону маскаралаган жана демонстрациялардын масштабын көбүртүп-жабыртып сүрөттөгөн даректүү тасманы көрсөттү.

XS
SM
MD
LG