Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

АКШ Конгресс мүчөсү Габриэл Гиффордс эсине келди


АКШ Конгресс мүчөсү Габриэл Гиффордс, 2008-жыл
АКШ Конгресс мүчөсү Габриэл Гиффордс, 2008-жыл

Аризона штатынан АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасына мүчө, демократ Габриэл Гиффордсту атып кетишти.

Аны Аризона штатынын Тусон шаарындагы чоң дүкөндө шайлоочулар менен жолугушуп жатканда жергиликтүү тургун аткан. Башына ок тийген саясатчы ушул тапта ооруканада оор абалда жатат. Андан башка дагы 18 киши жарадар болуп, 6 киши өлгөн.

Бул кылмышка шектелип жаткан 22 жаштагы Жаред Ли Лофнерге айып тагылууда. 8-январда АКШ Конгресс мүчөсү Габриэл Гиффордс чогулгандар алдында сүйлөп жаткан маалда Лофнер артынан ага жакындап келип тапанчадан аткан. Аны менен токтоп калбастан жанында тургандарга дагы ок чыгара берген.

Башына ок тийген Гиффордс тик учак менен университеттин ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер шашылыш операция жасашкан. Ушул тапта конгресс мүчөсү эсине келгени менен абалы оор тейден калууда. Дарыгерлер болсо азырынча ишенимдүү эч нерсе айта албай турушат.

АКШ президенти Барак Обама бул окуяны улутка түшкөн кайгы деп атады. "Бул ошол окуяга катышкандар үчүн алаамат. Аризона үчүн, жалпы эле биздин өлкөбүздүн башына түшкөн кайгы. Мындай учурда америкалыктар бири-бирине жөлөк болуп, бирге турушат".

Жарадар болгондор дароо эле ооруканага жеткирилген. Алардын саны бери дегенде 13 киши экени айтылууда. Мерт болгондордун ичинде Гиффордстун жардамчысы жана 9 жашар кыз, федералдык сот бар.

Кылмышка шектелген Лофнер жалгыз өзү гана ок чыгарганын жана мындай кадамга баруу анын жеке чечими болгондугун тергөөдө айтып берген. Бирок полиция ал жалгыз эмес деген кыязда дагы бирөөнү издей баштаган.

40 жаштагы демократ, Аризона штатынан Конгресске мүчө Габриэл Гиффордс АКШ Конгрессинде куралдуу күчтөр жана тышкы саясат боюнча комитеттеринин мүчөсү. Гиффордс айым америкалык саясатчылардын жаңы муунунун өкүлү катары келечегинен көптү үмүттөндүргөн саясатчылардын бири катары таанымал.

Демократиялык партиянын өкүлү Жефф Роджерс Гиффордс келечекте Аризона штатынан сенатор болууга камынып жүргөндүгүн айтат. Ал 2010-жылдын ноябрь айында Конгресске кайрадан мүчө болуп шайланган.

Өткөн жылдын март айында Конгресс саламаттык сактоо боюнча жаңы мыйзамды кабыл алгандан кийин Гиффордстун кеңсесиндеги терезесин белгисиз бирөөлөр талкалап кеткен.

Атып кетүү – АКШда кеңири тараган кылмыштардын түрүнө кирет. Кийинки учурда саясатчыларды атуу өтө эле сейрек болгон.

АКШ тарыхында 1963-жылы президент Жон Кеннеди Техас штатында жана 1968-жылы анын иниси Роберт Кеннеди Лос-Анжелесте атылганда дүйнө солк деген эле.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG