Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

"Сэнди" президенттик шайлоого таасир этеби?


Кошмо Штаттары "Сэнди" ураганын кесепеттери менен алп урушуп жатат. Соңку маалыматтарга караганда, бороон менен суу ташкын АКШ менен Канадада 40тай кишинин өмүрүн алып кетти. .

"Сэнди" ураганы президент Барак Обама менен республикачылардын талапкери Митт Ромнинин шайлоо жадыбалына түзөтүү киргизүүгө мажбурлады. Обама Флорида, Огайо, Виржиния жана Висконсиндеги жолугшуулардан баш тартып, Вашингтонго кайтып келди.

Табигый апаат добуш берүүгө кандай таасир этиши мүмкүн деген суроого жооп берип жатып, президент азыркы учурда биринчи кезекте бороондун кесепеттерин жоюу ойлоо керектигин билдирди:

- Мени азыр [бороондун] президенттик шайлоого таасири ойлондурган жок. Катардагы үй-бүлөлөргө, куткаруучуларга, экономикага, транспортко кандай залака алып келээрин көбүрөөк ойлоп жатам. Шайлоону эмки жумада көрө жатаарбыз. Ушул тапта адам өмүрлөрүн сактоого даярдыгыбыз, куткаруучулардын зарыл маалда керектүү жерде болушун, жабыркагандарды тамак-аш, суу, баш паанек менен камсыздоо маанилүү. Экономиканы тез арада калыбына келтирүү да приоритеттерибиздин бири.

Митт Ромни кырсык каптаган жерде
Митт Ромни кырсык каптаган жерде

Ромни Огайо жана Нью-Гемпширдеги иш-чараларын токтотуп, катуу шамал менен суу каптаган аймактарда жашаган миллиондогон адамдардын түйшүктөрүн түшүнүп, башка жерлердеги үгүт иштерин убактылуу өткөрбөй турууга үндөдү.

Дүйшөмбүдө эки талапкер тең жапа чеккен штаттарда электрондук почта аркылуу фонд топтоо иштерин токтото турушаарын жарыялашты.

"Сэндиден" өзгөчө катуу жабыркаган Нью-Жерси штатынын губернатору, республикачыл Крис Кристи шейшембиде улуттук телеканалдан сүйлөп, президент Обаманын кырсык менен күрөшүү аракеттерин кубаттады.

Губернатор президент менен телефондон 3 жолу сүйлөшкөнүн, федералдык өкмөттөн бардык керектүү нерселерди алганын айтты. "Обаманын жетекчилигиндеги федералдык өкмөттүн бороонго реакциясы жана даярдыгы эң мыкты болду", - деди Кристи.

Обама бир нече штатты өзгөчө аймак деп жарыялап, Нью-Жерси штаты федералдык фонддон тикелей жардам ала баштады.

​Урагандын айынан Мэрилэнд жана Колумбия чөлкөмдөрүндө эрте шайлоо үзгүлтүккө учурады. Виржиния штатында да эрте добуш берүү болбой калды. Кырсыктан жабыркаган адамдардын добуш берүүсүн жеңилдетүү үчүн шайлоо бекетине барбай эле добуш берүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү.

Андан тышкары түндүк-чыгыш штаттарында шайлоо алдында элдин пикирин сурап билүүлөр азыраак чыгышы мүмкүн.

Кырсыктан коргонууну көзөмөлдөө
Кырсыктан коргонууну көзөмөлдөө
Ал тапта урагандан жапа чеккен аймактарда заманбап электрондук добуш берүү технологиялары шайлоо күнү иштебей калса эмне болот деген суроо да пайда болууда.

АКШнын мыйзамы шайлоону которууга оңой-олтоң жол бербейт. Президенттик шайлоонун күнүн, АКШ Конституциясына ылайык, Конгресс өзгөртө алат. Бирок конгрессмендер ушу тапта тыныгууда жүрүшөт.

Кээ бир штаттар шайлоо участкаларын адаттагыдан кечирээк жабууну же башка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө акылуу. Бирок мыйзамга ылайык анда атайын бюллетендер колдонулууга тийиш.

Юристтер чукул кырдаалга кабылган штаттардын бийлиги шайлоону жылдырууга укуктуубу же жокпу деген суроону козгошууда. Бирок шайлоонун датасы которулса, анда шайлоочулар башка аймактардагы жыйынтыктарды күн мурунтан билип калышат жана бул чечүүчү штаттардагы шайлоочуларга чоң кысым болмокчу.

Чукул кырдаалдар агенттиги болсо шайлоого чейин бардык тиешелүү жол-жоболорду даярдоого аракеттенерин билдирди.

XS
SM
MD
LG