Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Шайлоочулар коллегиясы тагдыр чечет


АКШда президент түз добуш берүү жана штаттар боюнча бөлүнгөн шайлоочулардын коллегиясы аркылуу шайланат. Коллегияга кирген жалпы шайлоочулардын саны - 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек.

Кошмо Штаттарда шайлоодо добуш берүү башталды. Экзит-поллдор көрсөткөндөй, эки талапкердин ортосундагы ажырым аз. Эркин Европа/Азаттык радиосунун Вашингтон бюросунун директору Хизар Маар президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу суроолорго жооп берди:

Х.Маар: Шайлоо күнү 2 түрдүү добуш берүү болот. Биринчи – шайлоодо добуш берген ар бир шайлоочунун бюллетени, анан шайлоочулар коллегиясына киргендердин добушу. Ак үйдүн жаңы ээсин дал ушул шайлоочулардын коллегиясы тандайт. АКШнын шайлоочулар коллегиясында 538 добуш бар жана бул добуштар ар бир штаттын калкына жараша бөлүнгөн. Шайлоочулардын коллегиясын түзүүнүн себеби Американын түптөөчүлөрү Конституцияны жазып жатканда – жалпы улуттук шайлоодо ар бир штат роль ойношу керек деген идея болгон. Андыктан, өлкөнүн курамына кирген ар бир штатка ыйгарым укук беришкен. Эң көп калкы бар Калифорния штатында шайлоочулар коллегиясынын 55 мүчөсү бар. Мисалы, эгерде 6-ноябрда калифорниялык жалпы шайлоочулардын 49% Ромнини колдосо, 51% президент Обаманы колдоду дейли. Демек, көпчүлүк Обаманы колдогону үчүн шайлоочулар коллегиясындагы 55 добуш дароо Обамага берилет. 2000-жылы Ал Гор жалпы америкалыктардын добушуна ээ болгону менен Жорж Буш шайлоочулар коллегиясында добушу көп шаттардан утуп, президенттик шайлоодо жеңип чыккан.

"Азаттык": Демек, 6-ноябрда эң маанилүү нерсе – бул шайлоочулар коллегиясынын көп добушун алуу керек турбайбы?

Х.Маар: Албетте. АКШда шайлоочулар коллегиясына кирген мүчөлөрдүн саны - 538, талапкердин жеңиши үчүн 270тен кем эмес добуш алуу керек. Шайлоочулар коллегиясында Калифорния – 55 добуш, Техас – 38, Флорида – 29, Нью-Йорк -29, Иллинойс -20, Пенсильвания - 20 добушка ээ. Шайлоочулар коллегиясынын калган добуштары бардык шаттарга калкынын санына жараша бөлүнгөн.

"Азаттык": Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуш штаттарга кандай эреже менен бөлүнөт?

Х.Маар: Ар бир штаттын АКШ Конгрессинде канча орду болсо, ошончо шайлоочунун добушуна ээ. Мисалы, картадан Монтана штатын карасак, түндүктөгү аймагы чоң штат. Бирок анда шайлоочулар коллегиясынд 3 гана добушу бар, себеби бул штатта болгону 1 миллионго чукул эл жашайт. Эгер кокусунан бул штатка дагы 1 миллион киши көчүп барса, анда штаттын Конгресттеги мүчөлөрүнүн саны менен бирге шайлоочулар коллегиясындагы добуштарынын саны дагы өзгөрөт. 1 штаттан шайлоочулар коллегиясына кирген шайлоочунун добушу – ошол штаттагы калктын санына пропорциялуу.

"Азаттык": Азыр шайлоонун картасы кандай өзгөрүүдө? 4 жыл мурун кээ бир штаттар мурда күтүлбөгөндөй добуш беришти эле.

Х.Маар: Ооба, анткени 2008-жылы Барак Обама өтө популярдуу болгондуктан, тээ башынан бери эле республикачыларды колдогон Виржиния штаты Барак Обамага добуш берген. Бул штат өз тарыхында эч качан демократ талапкерлерди колдогон эмес. Бул жолу болсо ошондой “арсар” делген шаттардын бири Флорида Обамага эмес, Ромниге добуш берет деп айтылууда. АКШдагы 7 штат: Флорида, Түндүк Каролина, Виржиния, Нью-Гемпшир, Огайо, Айова, Колорадо, Невада жана Висконсин - “арсар” штаттар. Мындай аталышынын себеби - алар бул шайлоодо кайсы партиянын талапкерин ылайык көрсө, ошого ооп кетет. Андыктан, талапкерлер ушул штаттарга басым жасап, үгүт иштерин күчөттү. Мисалы, бул жолу Обама 2008-жылдагыдай Түндүк Каролинада жеңе албайт. Андыктан, бул жолу шайлоо картасы мурунку шайлоодон айырмаланат.

"Азаттык": Шайлоодогу эң маанилүү штаттар кайсылар?

Х.Маар: Кызыгы, шайлоочулар коллегиясында добушу көп Калифорния менен Нью-Йорк штаттары анча мааниге ээ эмес. Анткени бул эки штат тең салттуу түрдө демократтарды колдойт. Коллегияда 18 шайлоочунун добушуна ээ Огайо штаты – эки талапкер үчүн тең өтө маанилүү. Соңку 50 жылда демократтардан эч бир талапкер бул штатта уткан эмес. Обама учурда Огайодо алдыда баратат. Ал эми Ромни болсо тескерисинче бул штатта атаандашынан артта. Эгер Митт Ромни Огайодо жеңе албаса, анда бул шайлоодо утулчудай. Акыркы 27 шайлоодо бул штатта жеңген талапкерлердин 25и президент болуп шайланган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG